Саякбай Каралаевдин кызы Гүлсүн Саякбаева:«АТАМДЫН МЕДАЛЫН МУЗЕЙГЕ ӨТКӨРҮП ЖИБЕРИШКЕНДЕ ЫЙЛАДЫМ»

«Атамды күн сайын эстейм. Эстейин деп атайын отурбаганда деле көз алдыма келет. Дегеним, 500 сомду күнүгө эле колдонуп жатпайбызбы. Бирөөнүн колунан көрүп калсам деле атам ойго түшөт. Балдарым да майрамдарда «апа, сиздин көңүлүңүздү көтөрөлү дедик» деп атайын жапжаңы беш жүз сомдуктарды беришет. Ошол учурда жаш баладай сүйүнүп, атамды тирүү көрүп тургансып толкунданам» деп сөз баштады айтылуу манасчы Саякбай Каралаевдин кызы Гүлсүн Саякбаева.

– Үй-бүлөдө жалгыз эле сиз Саякбаева экенсиз...
– Атам, апам, менден башка беш бир тууганым тең Каралаевдер. Жалгыз мен гана Саякбаева. «Кыз да болсо менин атымды алып жүрсүн» деп тилек кылса керек, мен турмушка чыкканда апамдан «кызың фамилиясын өзгөртөм дебей элеби?» деп сураптыр. Ошондо атама «сиздин атыңызды алмаштырбайм» десем, аябай сүйүнгөн.

– Сиз көкүрөк күчүгү эмессизби, бөтөнчө жакшы көрчү беле?
– Ооба, атам мени «кенже сарым» деп өзгөчө жакшы көрөр эле. Биз алты бир тууганбыз. Улуу эжелерим Рабига, Каликан, Сайракандан кийинки байкелеримди Сыргак, Чубак деп аттарын «Манастан» алып коюптур. Чубак байкем киши өлтүрүүгө катыштыгы бар делинип 20 жылга кесилген болчу. Союз учурунда мындай иштер Орусиядан чечилчү эмес беле. Бул жактагы чоңдор да кийлигишип, чыгара алышкан эмес. Бирок атамдын суранычы менен сегиз жылын кыскартып беришкен экен. Түрмөдөн чыккан соң үйлөнгөн, бирок туяк калган жок. Сыргак байкемден бир кыз, бир уул бар. Ал 53 жашында оорудан улам кайтыш болду.
Ага-эжелеримдин баарынын көзү өтүп кетти. Агаларым болбогон соң атанын кызы деген наамды жалгыз алып жүрүш бир топ жоопкерчиликтүү. Мындан бир нече жыл мурун Аалы Токомбаев, Токтогул Сатылганов сыяктуу элибиздин чыгаандарын мамлекет алтын медаль менен сыйлаган. Алардын арасында атам да бар экен. Бул кабарды телевизордон угуп, президенттик администрация кызматкерлерине барсам, «ал кишинин уул-кыздары калган жок» деп медалын Тарых музейине өткөрүп жиберишиптир. Ошондо буркурап бир ыйладым десең.

– Заманынын залкар инсаны болгондуктан, балдарына жогорку билим берүүгө умтулса керек?
– Мен кичинемден эле журналист болгум келчү. Атам мени №28-орус мектепке берип коюптур. Мектептен кыргыз жазуучуларына басым деле жасалган эмес. ЖОЖго тапшырганымда сынакта «Баялинов эмнени жазды эле?» деп сурашты. Жообун билбей, өтпөй калгам. Курбу кызым экөөбүз геолог болобуз деп даярданып жүрсөк, атам өзү документтеримди Мединститутка алып барып тапшырып салыптыр. Ошентип, дарылоо бөлүмүн бүтүргөм. Азыр медициналык колледжде анатомиядан сабак берем. Сыргак агам журналист болуп «Кыргызстан маданияты» гезитинде иштеп жүрдү. Каликан эжем билим берүүнүн отличниги болуп жүрүп өттү. Эки эжем үй кожойкелери эле.

– Атаңыздын аты кайсы коомдук жерлерге ыйгарылган?
– Борборубуздагы Набережная көчөсү атамдын ысымын алып жүрөт. Аны мен чуркап жүрүп койдургам. Бирок көчөдө дагы деле эски жазуулар илинип турат. Баарынан кейигеним, Каралаев деген жазууну бир
дагы маршрутканын тактайчасынан көрбөйсүң.

– Атаңыздын көзү тирүү кезинде кайсы жерде турдуңуздар?
– Бишкек шаарынын Москва көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдө жашадык. Атамдын жөнөкөй шартта жашаганын көргөн Мухтар Ауэзов «жүрүңүз, Казакстанга көчүрүп кетейин, жакшы шарт түзүп берем» дегенде атам «өз эл-жеримди таштап кете албайм» деп болбой койгону бар. Кыргыздын каймактары болгон бир нече жазуучулар да ошол үйдө турушчу. Кечинде бул адамдардын баарын биздин үйдөн көрүүгө болот эле. Чогулуп өткөн-кеткенди эстешип, бака-шака болуп отургандары көз алдымда. Атамдан отургандар «Манас» айтып берүүсүн бир нече жолу суранышканда гана атам «ээ, апасы, балдар «Манас» айт деп жатышат го» дечү. Апам «тур эми» дегенде анан кирген суудай баркылдап айтып кирчү.
Эл суранганда атамдын биринчи апама кайрылганынын чоң мааниси бар. Атам апама жаш кезинде абдан ашык болуп жүрүп жеткен экен. Анткени атам кедейдин үй-бүлөсүнөн чыгыптыр. 1916-жылкы үркүндө Кытайга да барып келиптир. Ошентип, «Манас» айтып жүрүп Бостеридеги чириген байдын кызын жактырып калат. Бай кедейге кызын жөн бермек беле. Апама өжөрлүгүнөн гана жеткен экен.

– Каада-салтыбызга ылайык калың да төлөбөптүр да?..
– Өзү кедей болсо эмнесин бермек эле?! Бир кыздуу болгондо атам менен апам таякелериме келишиптир. Ал учурда таятамдын көзү өтүп, ордун таякем басып калган экен. Барганда жакшы деле кабыл алышпаптыр. Кетерде таякем апамды алып калып, атамды кетирип жиберет. Аңгыча күн күркүрөп, жамгыр жаап, эшиктин алдындагы үч боз үйдүн экөөнө чагылган тийип өрттөнүп кетиптир. Таякем «касиеттүү кишини капа кылып коюптурмун» деп атамдын артынан киши жиберип алдырып, апамды кошуп берген экен.
Апам Бейшекан атамды өмүр бою жакшы көрүп, сыйлап жүрүп өттү. Бир нерсе болсо эле «атаңардан сурайлы. Атаңар ооруп калбасын» деп турчу.
Апам 64 жашында инсульттан жыгылып, 3 күндөн кийин дүйнө салды.

– Ата-эненин бирөөсү катуу, экинчиси болушчаак келет го?
– Атамдын дагы бир асыл сапаты – такыр баланы урушчу эмес. Урушкан адамды да жаман көрчү. Эгер апабыз бизди тилдеп калса, «айланайын балтагым, айланайын балтагым, бир ачууңду мага бер» деп тамашага салып жатып бизди коруп алчу. «Балтагым» дегени – апам бою кичинекей, толмоч
жан эле.

– Атаңыздын кайгырганы эсиңизде барбы?
– Атам «Манас» айтуучу катары таанылып, атагы элге тараса да, өз варианты бар манасчы делинип көпкө айтылбай жүрдү. Ичинен тымызын сыздап жүргөнүндө Мухтар Ауэзовдун аралашуусу, кыргыз жазуучуларынын колдоосу менен «Манас» эпосунун автору деген наам беришти. Жаш баладай кубанганын айтпа. Ошондон кийин эле Орусиянын Петрозаводск шаарына барып «Манас» айтты. Уюштуруучулар «20 мүнөттөн кийин белги беребиз, сиз дароо токтотуңуз» дешиптир. Ал жерден да эргип кетсе керек, эки саат айткан экен. Токтоно албай койгондо эл кыймылсыз отуруп угуптур да, аягында тура калып кол чабышыптыр.

– «Манас» айтпай калган учуру болгонбу?
– Апамдан ажыраганы атам өзүн бир топ таштап, «Манас» айтпай калды. Дал ошол маалда атамды Алматыдан издеп келишип, үч пластинкага үнүн жаздырып кетишти. Ар бири эки жарым сааттан болчу. Жаздырууга келгендер бир айлык план коюп келишкен экен. Бирок менин «силерге бул кишинин «Манасы» керек болсо, мага өзү керек. Ооруп калат, токтоткула» деген талаптарыма нааразы болуп жатып 10 күндүн ичинде бүтүрүштү. Көрсө, мен жумушка кетерим менен атам «келе калгыла, жанагы кызым жокто айтып берем» деп чакырып алчу экен. Ал маалда атамдын кан басымы жогору болуп, кыйналып жаткан эле. Ошентип, 76 жашында инсульттан каза болду.

Улуу манасчы Саякбай Каралаев Көл кылаасына караштуу Тоң районундагы Ак-Өлөң айылында 1894-жылы сентябрь айында жарыкка келген.
Залкардын «Манаска» жакын болушуна чоң энеси Дакиш апанын эмгеги өтө чоң. Ал ар түрдүү жомокторду, «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү небересине көп айтып берчү.
1935-жылдан баштап «Манас» эпосун С.Каралаевдин варианты боюнча жазуу колго алынган. «Манас» эпосунун бул вариантынын көлөмү 500 533 ыр сабынан турат.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Саякбай Каралаевдин "эрке сарысы"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Titi
2013-05-06 11:51:32
Талантына таазим, жаткан жери бейиш болсун, алла таала бейиштен жай берсин.
0
ilgez
2013-05-14 00:03:23
Titi, алтын эмес , арзан бир метал менен бергенин жакшы эмес экен
0
mahabat.
2013-05-06 21:26:23
супер инфо чон рахмат.жакшы маалыматтарды билип алдым.жакшы макала болуптур.кайдагы айгерим пайгеримдерди окугуча.
0
Gul.08
2013-05-08 02:52:06
mahabat., сага кошулам
0
Emine
2013-05-07 18:07:51
ушундай залкарлар дагы жаралар бекен Кыргызда??? Арбагы кыргыз элин колдосун. Эже сизге узун омур. Неберелериниз таятасына келет экен томпойушуп.
0
asil-08
2013-05-07 22:35:07
жаткан жери жайлуу карангы жери жарык болсун кадимкидей башкача болуп окудум таасирленип мындай адам экинчи жолу жаралбаса керек кыргызыбыздын сыймыгы
0
altinim
2013-05-09 21:38:00
оххх жыргап окудум анан керектуу маалымат экен
0
maksimus
2013-05-10 10:46:01
Жыйырма мунот берсе, эргип кетип эки саат айткан жерин элестетип алып башкача болуп кеттим. Ушундай мыкты таланттарды, улуу адамдарды эскерип жазып туруу керек деп ойлойм. Мыкты макала.
0
mahabat.
2013-05-11 07:12:27
супер инфо сиздерден дагы А.Осмонов И.Разаков К.Тыныстанов И.Ахунбаев жана башка айтып отурса ото коп кыргыздын чыгаан инсандары тууралуу макала чыгарышыныздарды суранам.Азыркы убакта кыргыздар такыр эле башкача болуп баратабыз.Жогорудагы агаларымдай адамдар жокко эсе.Балким мыкты адамдар тууралуу окуп аларды эскерип туура жолго тушоттурбуз
0
admin_media
2013-05-13 12:04:03
mahabat.,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз)))
0
aia-s
2013-05-17 17:44:10
mahabat.,
ии дагы ии анан гос.архивден суротторду кобуроо колдонгулачы биз учун ошолор да кызык табышмак.
0
aizish
2013-05-12 11:49:18
Менда окуп жатып башкача болдум. Озу кыргыздар кандай калк экенибизге тушунбой кетем. Эн жакшысы элдин эсинде туболук сакталып калганы. Разаковдун омур баяны жазылган китепти окуп алып кадимкидей журогум ооруп депрессияга тушком азыр да эстесем журогум туйлап алат.
0
aia-s
2013-05-17 17:42:54
кызы эмес даже биз учун сыймык да С.Каралаев. бирок чынэле каралаевдын кочосун 1-жолу уктум бут эле набережная дешет го... ушуларды ойлоп окуносун баркы жок болгонуна баалабаганыбызга
0
№ 548, 3-май-9-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан