СЫР ЖАСООНУН СЫРЛАРЫ

Быштак, сыр. Ооба, бул азыктарды бүгүнкү күндө каалаган дүкөндөн сатып алууга болот. Ошентсе да буларды үй шартында жасоо алда канча берекелүү жана даамдуу болору талашсыз. Анткени бул азыктардын эң негизги курамы болгон сүт бүгүнкү учурда айыл жергесиндеги ар бир үйдөн табылат. Андыктан сүт азыктарын жасап, жакындарыңызды кубантыңыз.

СЫРДЫН ПАЙДАСЫ
Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча жаңы технологиялардын жардамы менен сырдын 700дөн ашык түрү жасалат. Аны өндүрүү жагынан АКШ эң алдыңкы орунда турса, керектөө жагынан Греция эч бир өлкөнү алдына салбай келет.
Сырдын курамында этке караганда белок көп. Белок организмге жакшы сиңет. Курамында май 30 пайызга жакын. Ал эми май организм үчүн энергиянын булагы болуп эсептелинет. Бул азыктын курамында кальцийдин, фосфордун да чоң өлчөмү бар. Мындан тышкары ал А жана В витаминдерине бай. Сыр бир гана даамдуу азык болбостон, тамакка болгон табитти ачып,
тамак сиңирүүнү жакшыртат.
Тилекке каршы, сырдын пайдалуу касиеттери менен кошо терс жактары да бар. Анын курамында малдын майы болгондуктан, анда холестерин көп. Андыктан сырды өлчөмүнөн ашыкча колдонуу кан тамырларда маселе жаратышы мүмкүн.

БЫШТАКТЫН ЖАСАЛУУ ЖОЛДОРУ
1. Мискейге нак сүттү куюп, 2 аш кашык каймактан салып, жылуу жерге бир сутка коюп коюңуз.



2. Андан соң отко коюп, кайнаганга жеткирбей ысытыңыз да, бир нече кабат даки (марля) аркылуу сүзүңүз. Дакинин оозун бууп, илип, астына идиш коюп коюңуз.

3. 1-2 сааттан кийин быштакты дакиге оролгон боюнча сүзгүчкө салып, оор нерсе менен бастыруу керек. Жыйынтыгында калган сары суунун баары чыгат.



4. Быштактан сарыгып түшкөн сары сууну диеталык суусундук катары колдонууга болот. 3 литр сүттөн 300 граммдай быштак, 2 литрдей сары суу алынууга тийиш. Үй шартында жасалган быштак дүкөндө сатылган быштакка караганда пайдалуу жана майлуу болот.

КАТУУ СЫР
Керектелүүчү азыктар:

Быштак – 1 килограмм
Сүт – 1 литр
Жумуртка – 3 даана
Каймак май – 100 грамм
Сода – 2 чай кашык
Туз – жарым чай кашык

Даярдоо ыкмасы:
1. Сүттү мискейге куюп, кайнайын дегенде ага быштакты салып, жай отто 3-5 мүнөт кайнатабыз. Бул аралыкта сары суусу бөлүнүп чыгат.
2. 2-3 катталган дакиден сүт менен быштактын аралашмасын сүзүп өткөрүп алабыз. Дакинин учтарын бириктирип түйүп, сары суусу толук сарыкканча илип коёбуз.
3. Бул аралыкта башка идишке каймак майды эритип, ага эки жумуртканын сарысын, соданы жана тузду кошуп чалабыз. Буга быштакты кошуп аралаштырабыз. Табитиңизге жараша укроп, көк пияз, кара мурч, кызыл мурч сыяктуу ар кандай татымалдарды кошсоңуз да болот.
4. Эми суу ваннасын колдонуп, тагыраак айтканда, чоң идишке суу куюп, үстүнө быштак салынган идишти коюп 8-10 мүнөт кайнатуу керек. Быштакты тынымсыз аралаштырууну унутпаңыз! Жыйынтыгында сагыз сыяктуу чоюлчаак масса пайда болот. Колду бир аз майлап бул массаны жылуу кезинде камыр ийлегендей жакшылап ийлөө керек. Андан соң каалаган формага келтирип, 2-3 саатка муздаткычка салып коёбуз.

ЖУМШАК СЫР (БРЫНЗА)
Керектелүүчү азыктар:

Сүт – 1 литр
Каймак – 200 грамм
Жумуртка – 3 даана
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:

1. Сүткө туздан салып, аралаштырып, отко коёбуз. Сүт идиштин астына тартып кетпеши үчүн бат-бат аралаштырууну унутпаңыз.
2. Каймак менен жумуртканы жакшылап чалып, атайын аралашма даярдап алабыз. Кайнап чыккан сүткө каймак менен жумуртка аралашмасын куюп, жай отто 5-7 мүнөт, сары суусу бөлүнүп чыкканча кайнатабыз. Андан соң аны катталган дакиден өткөрүп, сыгып алабыз да, бир аз ийлеп, атайын идишке салып, оор нерсе менен бастыруу керек.
3. Эми муну идишке салып, 1-2 саатка оор нерсе менен бастырып коюу керек.
Ушундан кийин брынза даяр болот.

САКТОО
Үй шартында жасалган катуу сырды сактоонун мөөнөтү – 7-10 күн, ал эми жумшак сырдыкы болсо – 2-3 күн. Сырды муздаткычтын эң астыңкы текчесинде, полиэтилен пакетине ороп сактоо туура. Эгер муздаткыч жок болсо, туздуу сууга малынган кездемеге ороп койсо да болот.
Кургап кетпөө үчүн идишке салынган сырдын жанына рафинад кантынан эки тоголокту таштап, идиштин капкагын жаап коюңуз.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
aruuzat88
2013-05-06 14:52:02
Аябай сонун кенеш экен,рахмат.
0
mira.
2013-05-06 23:22:17
рахмат абдан жакшы экен,мен уктум эле сырдын озунчо кошулмасы бар деп,эми муну жазап королу.
0
deva
2013-05-07 09:27:50
Мен жасап кордум, бат жана даамдуу болот экен. Рахмат сиздерге
0
gungen
2013-05-07 11:41:17
жакшы нерсе жазыпсынар
0
nasik198
2013-05-07 13:36:02
А мен сырды кантип жасаш керек деп ойлонуп журдум эле.мына эми жасап кором.рахмат.
0
teo
2013-05-09 09:08:44
биз айылда кундо еле жасап жейбиз
+1
Raha_83
2018-10-26 01:50:50
Уйронуп алдык рахмат соонун кенеш экен
0
№ 548, 3-май-9-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан