(Башы өткөн сандарда)
Исмандын бир кездеги ашыгы Асман болгондо да өзүнүн шефи менен колтукташып басып кеткени жигит жүрөгүн сайгылап, өзөгүн өрттөп, тимеле куйкалап ийди. Арга жок, сүйүктүүсүн министрдин койнуна салып бергенге көнүп туруп берди. Колунан эмне келмек эле жаш жигиттин, анын үстүнө бул жумуштан ажырап калса, көчөдө сандалып калчудай. Баш айланткан махабатын колдон жулуп кеткен жетекчисин ичтен жектеп, муштуму түйүлүп, кайгырып кала берди.
Мына келет жок, ана келет жок. Кызын күтүп кээде куш уйку салып кетип, кайра ойгонуп саатты карап отуруп таң атырды Асмандын апасы. Таң супа салганда көзү илинип кеткен экен, эшиктин ачылганынан ойгонуп кетти.
– Келдиңби? Сен «бүгүн барбай калдым» деп чалсаң деле оюм онго бөлүнүп туруп алды. Мындан кийин түндөп жүрбөчү.
– Келдим, чарчадым, апа. Эмне кыл дейсиз, максатка жетүү биз ойлогондой оңой эмес тура.
– Баштадыңбы, таштаба. Ырчы болом деген өзүң, чыда, кызым.
– Чыдаш керек, баары жакшы болот! Мен экинчи клибимди жарыкка чыгарганы турам, сүйүнчү!
– Ошент, өнөрүң өркүндөсүн...
Эне көкүрөгүнө кысты кызын. Бул кезде эне жүрөгү сыймыкка толуп турду. «Ырдап чыгып, эл адамы болом» деген тилеги ишке аздап болсо да ашууда. Эми Алладан бакыт
тилейм...» А кыз сезими алай-дүлөй. «Жигитке өчөшүп эмне кылып койдум? Ардак ага аркылуу атактуулукка бат жетем деп өзүмдү курман кылбай элеминби?» Ушундай ойлорго бата акырындап уктап кетти.
Күндөр өтө берди, биринен экинчиси кызык. Министрдин жардамы менен тартылган экинчи клиби, жазылган ыры шаңдуу чыкты. Эми Асманды айрым ырчылар концертине өздөрү чалып чакыра башташты. Анын үстүнө бой-келбети суктанарлык кыз кимдин болсо да көзүнө урунчу, жок дегенде бир кылчайтчу. Бүгүн Асман үчүн өзгөчө күн, анткени алгачкы
жолу интервью бергени баратат. Толкунданып, улам кыргызча сөздөрдү жаттап, макалдарды эсине түйүп, ичтен даярданып баратты. Туура эле аны пери деп тапкан редакцияга кирип барды. Жылмайып баягы Зина эжеси тосуп алды. Журналисттин суроолоруна мүмкүн болушунча ачык, так жооп бергенге аракет кылды ырчы.
– Сизге ыңгайсыз болушу мүмкүн, бирок бул суроону бербесем болбос, машинаңызды олигарх сатып берди деген туурабы?
– Ха-ха-ха, койчу, ай. Ким мага темир тулпар белек кылмак эле? Тем более азыркы заманда. Ооба, танбайм, сулуулугума суктанган жигиттер көп, гүл көтөрүп чуркаган күйөрмандан
да Кудай буюруп кем эмесмин. Бирок бул сөз келжирек. Ким айтып жүрөт ушул сөздү? Ак эмгек, адал мээнет менен алгам машинамды.
Кабарчы ырчыны коштоп каткырып, «эми кийинки суроого өтсөк» деп күлүмсүрөдү.
– Ушундай перинин жүрөгүн багындырган жан барбы? «Сөз айткан жигит жок» десеңиз, эч ким ишенбейт сизге...
Асман дагы каткырды.
– Сүйүү деген сонун сезим да. Менде деле окуучу курагымда сүйүү эмес, жөн гана жактыруу сезими болгон. А жигиттер боюнча айтсам, ооба, бой жеткенден бери эле артымдан
чуркаган балдар көп. Мен аларга жеткирбей келе жатам, ха-ха... Тамаша, анан «ой, бул өзүн көтөрүп алыптыр» дебесин. Жүрөгүмдүн ээси табыла элек, балким, табылып калар
жакын арада. Кыскасы, жашоодо жалгыз калбайм. Жалгыздык Жаратканга да жакпайт болуш керек.
Асман ачык мүнөз кыз. Бирок маекке келгенде эмнегедир кээ бир жашоосундагы кара сызыкты айткысы келбеди, жалаң жакшы сапаттарын, жакшы сүртүмдөрдү эскерип берди.
Эми студияга жөнөп жатат, атайын фотосессияга деп алган кийимдерин көтөрүнүп. Фотографты да күлдүрүп, анын айтканындай сүрөткө түштү. Эки-үч күндөн кийин көчөгө чыкса, аны тааныгансып карап кылчайып калган көздөр. «Демек, тааныла баштаган экем» деп кыз өзүнчө кубанычта. Гезитти тиктеп өзүн-өзү карап отурат. Сөзүнө турган, айттымбы, аткарам деген алгачкы мырза Ардак Рахимовичке ичинен ыраазы. «Эгер ал киши болбосо, мен мынчалык эл оозуна тез алынмак эмесмин...» Ырчы кыздын оюн телефон коңгуроосу бузду.
– Алло!
– Асуля, как дела? Это я, Нургуля.
– О, какие люди! Привет, дорогая. Как анан, кандай жүрөсүң?
– Ой, жүрөм, кыбырап, сенчи? Клибиң чыгып, атың таш жарып жаткан экен.
– Не говори... Сени кайсы шамал айдады, жок болуп кеттиң го?
– Сенин клибиңди тартып берген режиссёр бар эмеспи, ошол фильм тартат экен. «Бир аз таарынычтар бар, сен сунуштап көрбөйсүңбү» деди. Кандай дейсиң, тартылалыбы
чогуу?
– Мм, ал мага эмес, башкага таарынып жүрөт. Отказ жок тартылам, айтып кой.
– И баса, мен концерт койгону Таласка кетип жатам.
– Ого, өзүң жалгызбы?
– Кайдан, көп ырчылар барабыз. Если хочешь, биз менен жүр.
– Конечно хочу. Качан?
Нургуля менен Асман ушинтип чоң план түзүп, башка ырчылар менен кошо гастролго аттанышты. Жолдо маршрутка толо жаш таланттар баратышат. Көбүнчө жаңы чыгып келаткан
ысымдар. Арасында продюсермин, менеджермин деген адамдар жүрөт. Кепканы баса кийип, арыкчырай бала Асмандын артында отурат. Колунда гитарасы бар, бир убакта ырдап
кирди. Баары колдоп-коштоп, кыйкырык-сүрөөн, айтор, шаңдуу компания кичи автобустун ичин жарып келатат. Төө-Ашуудан ашып, көк майсаң чөпкө дем алганга отура калышты.
Асман таза абадан терең дем алып, эсине тоо бооруна, чоң атасынын конушуна барган балалыгы түштү. Атасын эстеди, куса болду, сүйлөшпөгөнүнө көп болуптур аны менен. Чачы
шамалга учуп ойлонуп турган кызга жанагы ырдап отурган жигиттин көңүлү түштү.
– Оо, биздин өлкө кандай гана кооз, карачы.
– Да, ушундай керемет жерде төрөлгөнүңө кубанасыңбы?
– Албетте. Сен капасыңбы?
– Жоок, ай, суроо бердим жөн гана!
– Сенин ырларың жакты мага, Асман!
– А мен сени теледен көрчүмүн, бир телеберүүнү алып барып жүрчүсүң, кийин көрүнбөй калдың. Атың Мирзат беле?
– Анда сен менин күйөрманым турбайсыңбы?..
Бул экөө ушинтип күлүп сүйлөшүп калышты.
– Кеттик, жаан жаап кирет азыр,- деп кыйкырган Нургуля алардын сөзүн бөлдү. Кайрадан кичи автобус ичи майрам өзүнчө. Эми булар жалаң анекдот айтканга өтүштү. Ий, бири
башканы айтып, экинчиси дагы бир күлкүлүү жоруктарды эстеп кыраан-каткы күлкү менен баратышат. Бир убакта «күлө берип боор эзилди, Мирзат, гитара менен созуп
койбойсуңбу» деди бир айым. Жана Асмандын артындагы отургучта отуруп келаткан Мирзат «мүмкүн болсо, Заке, орун алмашып албайлыбы, сулуу кыздын жанында мага чоң эргүү
келип ырдайм» деп калды.
– Карагылачы могу баланын тыңдыгын. Мейли, мейли, Асманды көрүп илхам келсе, анда пасмын!
Жигит гитара кылдарын ичке манжалары менен чертип, акырын үн созо баштады. Алдыда отургандар «угулбай жатат, катуураак, погромче» деп кыйкырып коюшат. Көзүн жумуп, кайра сүзүп «сулууну, сулууну сүйгөмүн, сулуу үчүн, сулуу үчүн күйгөмүн...» деп аваз салды жигит. Эки ыр ырдаган соң ал сунуш киргизди.
– Эми элдик ырдан баарыбыз созбойлубу? Кана, кайсы ырды?
– «Сары-Ойду».
– Жок, Бектин ырларынан.
Айтор, ушинтип талашып отурушуп Мирзаттын сунушу менен Ырыскелди аткарган «Ай баратат» деген ырды чогуу ырдап калышты. «Ак куу болуп көлдөгү жай баратат...» деп ырды созуп барып, Мирзат Асманга ыктап коёт. Чындап бир көрүп Мирзат Асманды жактырып калган өңдүү. Улам карап, ал күлгөн сайын ичинен элжиреп баратты. Акырын сөзгө тартып, бал сөзгө салып, утуру бир комплимент айтып, айтор, кыз көңүлүн алганга жетишти. «Жакшы жигит экен» деген ойду гана айтканы болбосо, Асман азырынча кезектеги ашыктык отуна кабылууга, сүйүү деңизинде бирөө менен сүзүүгө, эбегейсиз жалынына күйүүгө чамасы жок эле. Бирок жашоодо баары болот экен. Биз күтпөгөн учурлар, ойку-кайкы тагдырлар, каңырык түтөгөн кайчылаш жолдор, кубанычтын көз жашы аккан бактылуу көз ирмемдер...
Жаңыл Калыкова
(Уландысы кийинки санда)