ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (6-майдан 12-майга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада текеберленүү менен жетекчиңиздин кыжырына тийип алышыңыз мүмкүн. Кеңештерге олуттуу мамиле жасоо зарыл. Ал эми жеке жашооңузда үй-бүлөлүк ынтымакка доо кетпеши үчүн күтүүсүз сүйүү азгырыгынан алыс болуңуз. Апта аягында эс алууга убакыт таппасаңыз, ден соолугуңуз кескин начарлап кетүүсү мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Көңүлүнө карап бирөөгө жардам берем деп өзүңүз чыгымга дуушар болуп калышыңыз ыктымал. Андыктан шылтоо айтып кутулганыңыз оң. Шейшемби жакындарыңыздын биринин үйүнө баш багуу менен өтөт. Бейшембиде тамагыңызды ылгап жебесеңиз, ооруп калууңуз мүмкүн. Жекшембиде жакындарыңыз менен сейилдеп, эс алууга аракеттениңиз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптанын биринчи жарымындагы иштериңизди туура пландап алсаңыз, көп нерсеге жетишесиз. Жакшы маанай тартуулаган иштердин катышуучусу болосуз. Чыгармачыл чөйрөдөгү адамдар үчүн жаңы идеялары ишке ашып, жемиштүү болот. Аптанын кийинки бөлүгү бир аз көңүл чөгөргөн үй-бүлөлүк маселелер менен уланат. Апта соңунда кубанычтуу кабар угасыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бул жуманын жагымдуу жаңылыгы – мурунку таанышыңызга кезигесиз. Иш жаатында пайда табуу үчүн мурда касташкан адамдар менен иштешүүгө туура келет. Аптанын ортосу терс эмоцияны чакыруучу окуяларды тартуулашы ыктымал. Кандайдыр бир маселе боюнча укук коргоочуларга кайрылууңуз мүмкүн. Дем алышта конок күтүүгө камына бериңиз, чакырылбаган меймандын келиши күтүлүүдө.

АРСТАН (23.07-23.08)
Дүйшөмбү – сиз үчүн оор күн. Эмоцияга алдырып, досторго катуу айтып салбаңыз. Болбосо мамиленин бузулушу жашооңузга жаман таасирин тийгизет. Апта ортосунда жактырып калган адамыңыз менен таанышууга мүмкүнчүлүк чыгат. Апта соңунда эс алууга убакыт бөлөм деп маанилүү иштен куру калбаңыз. Андыктан бардык ишке көңүл бура жүрүңүз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптанын башында ашыкча акча коротпоңуз. Болбосо каржы кыйынчылыгы жаралат. Шейшембиде ишиңизге жардам берем деген адамдар чыгат.
Алар, тескерисинче, тоскоолдук жаратпайбы, байкап көрүңүз. Жума бойдокторго сүйүктүүсү менен үй-бүлө куруу маселесин чечип алууга ыңгайлуу учур.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Дүйшөмбүдө бирөөгө карызга акча берүүдөн мурда үй-бүлөлүк бюджетти тактап алганыңыз оң. Шаршембиде жакын досуңуз кемчиликтериңизди түзөөгө акыл кошот. Бейшембиде майда окуяларга туш болушуңуз мүмкүн. Жума күнү жасаган эмгегиңиз үчүн сый-урматка татыйсыз. Ишембиде бирөөгө тапшырган ишиңиз оңунан чыкпай кыйналасыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Апта ичи жаңы таанышуу, жолугушууларга бай. Жашооңуздун деңгээли көтөрүлө баштаганын сезесиз. Андыктан алдыга койгон пландарыңызды ишке ашырууга аракет көрүңүз. Шаршембиде касташып жүргөн адамдар тараптан бут тосуулар болушу ыктымал. Жума күнү соода жаатында иштегендер мамлекеттик текшерүү органдары менен тил табышуулары керек.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада айрымдар жашаган ордун которуусу күтүлүүдө. Алыңыз жетпеген ишке жалгыз талпына берсеңиз, жыйынтыгы жакшы болбой калышы мүмкүн. Шейшембиде бейтааныш адамдардын чөйрөсүнө аралашпаңыз. Болбосо чыккан чыр ишиңизге тоскоол болот. Бейшембиде уккан маалымат жеке жашооңузга өзгөртүү киргизиши ыктымал. Жекшембиде тааныштар чогуу эс алууну сунушташат.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жоопкерчиликти жана өзүңүзгө болгон талапты жогорулатсаңыз, чоң ийгиликке жетише аласыз. Алыс жактагы шериктештер менен алаканы жакшыртуу керек. Күтүүсүз жаралган кырдаалдан чыгып кетүүгө даяр болуңуз. Аптанын экинчи жарымында олуттуу чечим кабыл ала билиңиз. Жакын адамыңызды таарынтып албаш үчүн мүнөзүңүздү жумшартыңыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптанын башталышында ишиңиз күмөн санаткан маселелер менен коштолот. Шейшембиде керектүү нерсени издеп убара тартасыз. Шаршембиден тартып үй-бүлө жана махабат маселелери алдыңкы орунга чыгат. Жума күнү сапарга аттанбай туруңуз. Жол болбой, маанайыңыз бузулат. Ишембиде жакшы маанайдагы сүйлөшүүнүн соңу жакшы идеяларга ээ болуу менен аяктайт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Бул аптада кесибиңизге байланыштуу жагымсыз жагдайлар акчанын азайышын шарттайт. Үй-бүлөлүүлөргө жакындары жардам көрсөтсө, мамилелери дагы чыңдалмакчы. Шейшембиде жеке жашооңузга же жакындарыңызга байланыштуу чечим кабыл алууга туура келет. Жума күнү жан дүйнөңүздү байыта турган чыгарма окуп, эргийсиз. Ишемби – чарба жумуштары менен алек болчу күн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 548, 3-май-9-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан