Борончу менен Тынардын жаңы долбоорун көрмөккө 28-апрелде Спорт Ордосуна сапар алдым. Бул долбоордун өзөгүн «Ала-Тоо периси-2013» сулуулар сынагы түзмөк. Билет баасы 300-400 сом болуп, залдын жарымы толду.
Концерттин башында Борончу Кудайбергенов чыгып бир топко сүйлөдү. Сулуулар сынагы үч этап менен өтөрүн, катышуучулар Орусиянын ар кайсы шаарларында өткөн сынактын жеңүүчүлөрү экенин, бул жерге финалга келишкендерин божурады. Сынактын максаты – чет жерде жүргөн кыздарыбыз эне тилибизди унутпай, каада-салтыбызды карманса деген ой экен. Кыскасы, бир нече мүнөттү эле кириш сөз «жеп» койду. Аңгыча Тынар Курбаналиев чыга келип, Борончу экөө кайым айтышып элди бир күлкүгө бөлөдү. Борончу «Тынар бир эмес, эки түштү, Нарынга биринчиси кыйгач түшүп калыптыр» деп өнөктөшүнүн эки никесине тийишсе, Тынар «нарындыктар майда-майда эле болуп бара жатасыңар, бир аз чоңойтуп коёюн дедим» дейт. Аңгыча кыргыз кийимдерин кийген сулуулар алпаруучулардын чакыруусу менен четинен чыгып саламдашып башташты. Селкилер өзүн тааныштырып, анан уюштуруучулар тарабынан түзүлгөн бир суроого жооп бериши керек экен.
Мына кызык. Эки куудулдун күлдүргөнү бир тең, кыздардын саламдашканы бир тең болуп, залдагылардын боору эзилип эле калды. Бир сулуу «күймандарга айтам саламды» деп тантыраса, экинчи кыз «Чыңгыз Айтматов кесиби боюнча ким болгон?» деген суроого «сантехник» деп жооп берип ачылыш жасады. Мындайды күтпөгөн айрымдар санын чаап каткырып жатса, кээ бирлери кабагын чытып, «ушуну кантип айтты, окуганбы өзү бул кыз, сантехник азыркы замандын жумушу да, уят» деп жинденишти. Жоопту уккан алпаруучулар «зоотехник, зоотехник» деп шашып оңдоп калдастап кетишти. Дагы бир сулуубузга «Абийир кечирбейт» драмасы кимге таандык?» деген суроо берилсе, «Түгөлбай Казаков, ой, жок, Саякбай Каралаев» десе болобу?! Залдагы тың чыкмалар билгенин кыйкырып жатып кыздын кулагына да жеткиришти окшойт, тиги «кечирип койгула, мен алмаштырып алдым, Токтоболот Абдымомунов» деп оңдоп кетти. Айтор, мындай «ляптар» өтө көп болду.
Ортодо Борончу агабыз жакшы ырлардан созуп өттү. Андан соң кыздардын бири ырдаса, экинчиси бийледи, дагы бири Орусияда жүргөн кыргыздардын монологун айтып муңайтты. Үчүнчү тапшырма боюнча кече көйнөгүн кийип чыккан сулуулар бир топ убакыт калыстардын чечимин күтүп калышты.
Ошентип, биринчиликке илинген Орусиянын Екатеринбург шаарынан келген кыз темир тулпарды илип кетти. Сынактын идеясы жакшы, бирок уюштуруусу начар болуп калганы өкүнүү жаратып, үйгө кайттым.
Толик сынчы
star@super.kg