АТАСЫНЫН КЫЗЫ, АПАСЫНЫН УУЛУ!

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР, ЖАҢЫ СЫНАК БАШТАЛДЫ!
1-Июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата «Супер-Инфо» гезити «Атасынын кызы, апасынын уулу» аттуу сүрөт сынагын жарыялайт!

СЫНАКТЫН ШАРТТАРЫ:
1.Сынакка 5 жашка чейинки балдары менен кызыктуу сүрөткө түшкөн ата-энелер гана катыша алышат. Сынактын аты айтып тургандай, сүрөткө атасы кызы менен, апасы уулу менен түшүшү шарт!
2. Жөнөтүлгөн сүрөт кызыктуу, тамашалуу жана сапаттуу болушу зарыл.
3. Сүрөт качан, кандай шартта тартылгандыгы тууралуу кыска баянды жана телефон номериңизди жазууну унутпаңыз.
4. 3-майдан 19-майга чейин редакциянын дарегине жана balakai@super.kg электрондук дарекке келип түшкөн сүрөттөр гана сынакка катыша алышат.
5. Редакциянын жамааты аркылуу эң мыкты деп табылган 20 сүрөт 20-майда www.super.kg порталына жүктөлүп, колдонуучулардын добушуна коюлат.
6. Сынактын жыйынтыгы 31-майда чыгарылып, эң кызыктуу деп табылган алдыңкы 6 сүрөттүн ээлерин баалуу, кызыктуу белектер күтөт.

Байланыш телефону: (0312) 32-33-27

Биздин өнөктөш:


Лунара Бекиева
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
jyldyz.25
2013-05-06 14:48:00
катышып королу уулум экообуз
+1
saya4ka
2013-05-06 23:43:59
жакшы! ушундай сынактар мага жагат абдан.
-1
kanu
2013-05-13 13:33:44
ооба,сынактар коп болсо ушундай аябай кызыктуу экен.
+1
ela
2013-05-13 15:22:30
саламатсызбы супер инфо интернет аркылуу суротту кантип жоноторум билбей жатам бир сыйра жол жобосун жазып коюнузду отуном.

0
admin_media
2013-05-13 15:39:16
ela,
Саламатсызбы!
Кадимки эле электрондук дарекке кат жибергендей кылып кат жазуу (написать письмо) деген жерди басасыз, андан соң кимге (кому) деген жерге balakai@super.kg электрондук дарегин жазып, жиберсеңиз болот. Дагы суроолоруңуз болсо, бизге купуя жазсаңыз түшүндүрүп берүүгө аракет кылабыз.
0
ela
2013-05-13 15:23:18
жообун кутом
0
yenay
2013-05-13 21:48:34
syrotty kantip jonotobyz?
0
admin_media
2013-05-14 10:49:56
yenay,
Саламатсызбы! Жогоруда ушул суроого жооп жазылып турат:)
0
geniuss
2013-05-17 14:10:23
Саламатсызбы супре инфо! Менин бир гана уулум бар(азырынча) 1,5 жаш, мен гана суротко тушуп жонотсом болобу? Жолдошум тушконго кызыбыз жок.
0
geniuss
2013-05-17 14:16:14
Урматту Супер-Инфо,Эртен 18-май кечке чейин жонотсо болобу???
0
Gul90
2013-05-20 13:02:58
бугун добушка коюлмак беле ? ссылкасын жазып коесуздарбы
0
admin_superstan
2013-05-20 13:08:03
Gul90, Саламатсызбы! Эртеңден баштап добуш бере аласыз.
0
jyldyz.25
2013-05-20 14:00:25
саламатсызбы биздин да кызыбыз жок уулум экообуздукун жиберсем болобу
0
admin_media
2013-05-20 14:05:22
jyldyz.25,
Саламатсызбы!
19-майга чейин эле, кеч болуп калды...
+1
jyldyz.25
2013-05-20 14:01:12
же созсуз кызы да керекпи
0
kalmakova
2013-05-20 17:34:35
19 майда жиберилген суроттор да чыгат да э???
0
saliya93
2013-05-21 15:14:00
Мен таппай жатам го, суроттор коюлганбы?
0
admin_media
2013-05-21 15:41:50
saliya93,
Саламатсызбы! Бул жакта коюлган)))
http://www.super.kg/vote
0
AAbazoba
2013-05-22 22:00:01
Саламатсызбы! канча добуш алып жатканын билсек болобу?
0
admin_superstan
2013-05-24 09:51:42
AAbazoba, Саламатсызбы! Албетте, болот. Төмөнкү шилтеме менен кирсеңиз, ар бир сүрөттүн алдында канча добуш алганы кызыл түс менен белгиленген
http://www.super.kg/vote
0
AAbazoba
2013-05-23 23:55:01
мен добуш бергенге болбойт
0
admin_superstan
2013-05-24 09:52:35
AAbazoba, эгер уюлдук телефон менен кирип жаткан болсоңуз, толук версиясына кирип добуш берсеңиз болот.
0
№ 548, 3-май-9-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан