ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАНЫБАРЛАРДЫН КУЙРУГУ БОЛОТ?

Балдар, итти же мышыкты куйруксуз элестете аласыңарбы? Жок. Кээ бир жаныбарларга, мисалы, уй, ат сыяктуу жандыктарга куйрук чымын-чиркейлерден коргоочу кызматты аткарат. Ал эми иттер куйругу аркылуу адамдар менен сүйлөшөт. Эгер куйругун оңго-солго шыйпаңдатып жатса, демек, иттин көңүлү көтөрүңкү, маанайы жакшы. Ал эми куйругун кичине көтөрүп эки жакка басып жатса, «мен сага тийбейм, сен да мага тийбе, жаман болот» деп эскертип жатканы. Куйругун кысып алса, анда ээсинен коркуп, баш ийип бергендеги белгиси.
Карышкыр, түлкү сыяктуу жаныбарлар кышында тоңуп калбаш үчүн куйругу менен мурдун жаап алышат. Мындан тышкары катуу ылдамдыкта чуркап баратканда батыраак бурулуп, кайрылууга мүмкүнчүлүк түзүп берет. Тыйын чычкандын куйругу да ушундай кызматты аткарат. Ал эми маймылдарга куйрук тамак-аш табууда жардам берет. Куйругу менен даракка жабышып, башын салаңдатып алып жемиштерди терип жешет.

Лунара Бекиева
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 548, 3-май-9-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан