КЫТЫ, КЫТЫ, КҮЛҮП КОЙ

Баласы апасына:
– Апа, эмнеге сенин бир тал чачың ак?
– Сен менин тилимди албаганыңдан ушундай болуп калды.
– Аа, чоң энемдин чачынын баары эмнеге ак экенин эми билдим...

Эки достун маегинен:
– Компьютериңди интернетке туташтырыпсың, ээ?
– Ооба, каяктан билдиң?
– Көзүңдөн.
– Акылдуу көрүнүп калыптырбы?
– Жок, кыпкызыл болуп калыптыр.

Таштандын апасы:
– Таштан, кана күндөлүгүң?
– Асанга берип койдум.
– Асанга сенин күндөлүгүңдүн эмне кереги бар?
– Үйдөгүлөрдү коркутуп келейин дегенинен эле бергем.

Чоң энеси небересинен:
– Уулум, айтчы, классыңарда канча отличник бар?
– Мени эсептебегенде бешөө.
– Сен да отличниксиңби?
– Жо-ок, айттым го мени эсептебегенде деп.

Лунара Бекиева
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
antivir
2013-05-06 18:43:09
о аватарыма калпак кийгизем
0
kyrqyz
2013-05-09 21:51:48
bir kalpak bolot.jooluk kiygiz
0
№ 548, 3-май-9-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан