7 жылдан бери шоу-бизнестин казанында жалгыз кайнап, бирде чөксө, бирде көтөрүлүп отуруп Айнура Салахидинова сахнадан өз ордун тапты. Ырчы айым чыгармачылыктагы кыйынчылыктар жана үй-бүлөлүк сырлары менен бөлүштү.
– Кандайсың, Айнура? Ортодо депрессияга кабылып жүрдүң эле. Баары өз ордуна түшүп калдыбы?
– Кудайга шүгүр, жакшы. Сен айткандай, 2-3 ай жаман болуп жүрдүм. Ал күндөрдү азыр эстегим келбейт. Буюрса, анын баары өтүп кетти.
– Жакшы, жолдошуң чыгармачылыкта сени дагы деле колдоп жатабы же «ырдабай эле койчу» деп кыйытып баштадыбы?
– Бойдок кезимде «кийин турмушка чыкканда ырдабай калбаймынбы?» деп көп ойлончумун. Анткени ырдатам деп туруп, үйлөнгөндө токтотуп койгон күйөөлөр бар. Мына, экөөбүздүн баш кошконубузга бир жыл болот жакында. Тыюу салбай эле, тескерисинче, продюсериме айланды. «Жакшы ыр жаздыралы, клип тарталы» дейт. Мени күйөөм той, гастролдорго жөнөтөт. Жибергенинин себеби мага ишенгендигинде болуш керек. Ишенесиңби, элге окшоп биз бири-бирибиздин телефонубузду аңтарышып, текшербейбиз деле. Бир жолу жолдошумдун жоругу таң калтырды. Шашып телефонумду үйгө калтырып кетип калыптырмын. Ошону менен кеч келип карасам, толтура чалуулар, СМС келиптир. Бирок жолдошум кызыгып ачпаптыр. «Неге караган жоксуз?» десем, «сенин ар кандай күйөрмандарың болот. Болбогон СМС үчүн сени менен урушкум келбейт» деп койду.
– Сени кызганбайт го анда?
– Кээде «кызганычтан таарынышып кетиптир» дегендерди угуп, «мени кызганасызбы?» деп сурайм. Ал «сени неге кызганмак элем?» деп коёт. «Сүйгөн адамын киши кызганат да, кантип эле кызганбайсыз?» деп таарынып баштасам, «кызганбай эле жүргөнүмө сүйүнө берсең. Кызгансам, жаман кылып, төркүнүңө алып барып коём» деп тамашалайт. Бир жолу тааныш эже «интернеттен бирөө менен таанышып, күйөөмдөн көңүлүм калып, ажырашып кеттик» деп айткан эле. Аны уккан жолдошум үйгө келери менен «интернетте отуруп, бирөө менен таанышканыңды көрсөм, таарынба» деди. Ошондон кийин экөөбүз тең таанышуу деген нерселерди жыйыштырып салдык.
– Интернет демекчи, бир социалдык түйүндө силердин тоюңардын сүрөтүнө жагымсыз комментарийлерди жазышты. Дегеним, сага чейинки жолдошуңдун жашоосу тууралуу сүрүштүрөсүңбү?
– Жолдошум өзү деле «мен 20 жыл талаада жүрдүм. Мага туруктуу үй-бүлө керек» деп айткан. Ошого мындай нерселерди оюма албайм. Эмне кылам, болбогон бирөөлөрдүн сөзүнө көңүл буруп? Жолдошум менин жанымда, экөөбүз баш кошуп, чогуу жашап жатабыз.
– Бир жыл ичинде бири-бириңерге көнүшүп, сырларыңарды жакшы эле билип калсаңар керек...
– Ой, айтпа, айрымдардыкы 3-4 ай жашаганда эле кызыгы тарап кетет экен го. Биздики күндөн-күнгө сүйүүбүз күчөп баратат. Экөөбүз кечинде тамак жегенден кийин чуркайбыз. Үйгө атайын машыгуучу шаймандарды алып келип койгон, скакалка секирип, деги тынч отурбайбыз. Ал да «үйдө отурсаң бир жөн, сахна адамы болгондон кийин формаңды сакта» деп көп айтат. Айтор, бири-бирибиздин сырыбызды беш колдой билип калдык.
– Жолдошуңдун кайсы сапаты сага жакпайт?
– Элдин алдында «минтпейсиңби, тигинтпейсиңби» деп үйрөтө берген адаты бар. «Неге эле мага үйрөтө бересиз? Эч ким жокто айтпайсызбы» дей берем ага.
– Сага кандай сындарды айтат?
– «Сен шаарда өскөн кыз болсоң, чачыңды байлабай, шаардык кыздардай кийинип жүрбөйсүңбү» деп көп айтат. Бир күнү кыска юбка кийип алсам, «саныңды эмне көрсөтүп алдың, жок дегенде шым кийип албайсыңбы» дейт кайра. Анан да чачымды байлап алганымды жактырбайт.
– Сен продюсерсиз өзүң чыкпадыңбы. Кандай кыйынчылыктарды басып өттүң?
– Баарынан да алгачкы концертимди берем деп чуркап жүргөндө аябай кыйналгам. Радиолор ырларымды алышчу эмес. Ошол нерселерге абдан ызалангам. Азыркыдай машина жок, акыркы акчама чейин коротуп, жөө басып жүрө берип арыктап да кеткем. Эми болсо эмгегим акталды окшойт, баары жакшы.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg