Концерт өткөн жай – Баткен шаары, «Октябрь» кинотеатры (1-майда)
Башталышы – 19:30 (1 саат 20 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – 87 пайыз
Алпаруучу – «Тамашоучу» Файзидин
Билет баасы – 100 сом
Күн жылып, жылдыздар да Баткен өрөөнүнө жабылып келе башташты. Дайыр келип калган экен, бир сын көз менен карап келейинчи, айыл жергесинде кандай концерт коюшат болду экен деп бардым. «Концертке куш келипсиздер» деп чыгып, өзүн тааныштырууну унуткан «тамашоучу» жигит концерттин «тамадасы» болду. «Мен силерге бир КамАЗ ырчыларды алып келгем» деп алгач сахнага Асел Касымованы чакырды. Ырчы биринчи көп жайыла элек ырын аткарганда көрүүчүлөр уктап коё калды. Кийин гана «Эркелеп» аттуу ыры менен «эркелеп» баштаганда зал кичине жандана түштү. Ойдологон эркектердин көңүлүн Аселдин ырынан да, кыска көйнөктөрү бурду окшойт, чиркин. Андан соң биз көптөн күткөн Дайыр сахнага чыгып, ал-жай сурашайын десе эле микрофон иштебей калып жатпайбы. Айтор, ыр аягына чыкканча бир көшөгөнүн артында, бир сахнада ырдап жатып
бүтүрдү.
Ырчыда чынында күнөө деле жок, техника деген дайым эле айткандай болуп бербейт да. Колонкалардын үнү өтө бийик болгондуктан, ырчылардын үнү даана угулбай жатты. Ал эми алпаруучу жигиттин атын концерттин аягына чейин билбей эле тамаша кылып отура бердик. Коноктордун бири Бегимай Бекбоева көпкө эл алдына чыкпай калгангабы, ырдап жатса көпчүлүк атын тааныбай «ким эле бул?» деп сүрүштүрүү менен убара.
Бир маалда ойго батып, башын жерге салып Мирлан Сыдыков деген ырчы чыкты. Залды «Гүлдана» деген ыры менен Мирлан жарды бейм. Концерттин ээси Дайыр акыркы чыгышында 2-3 ыр ырдап, аягында караанын көрсөтпөй кетип калды. Бу бала эл менен коштошконду унутуп калдыбы же техникалык каталар маанайын катуу буздубу, көрүүчүлөрүнө кош дебей кетип калды. Жанагы баштан бери аты белгисиз болуп тизгинди кармаган сырдуу жигит акыры өзүн Файзидин деп тааныштырып, анан коштошту.
Акыйкат Адилов