ОБЛУС БОЮНЧА «ТАЗАЛЫК ҮЧҮН» ИШЕМБИЛИГИ ӨТТҮ

27-апрель күнү Талас облусу боюнча ишембилик өттү. Ишембиликтин алкагында Бакай-Ата айыл өкмөтүндө жолдорду оңдоп-түзөө иштери, таштандыларды тазалоо демилгеси көтөрүлүп, жергиликтүү эл жапа тырмак иш алып барышты.

ЖАШТАРДЫН ДЕМИЛГЕСИ МЕНЕН...
Биз барган учурда ишембилик кызуу жүрүп жатыптыр. Бакай-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Алыш айыл аймагынан тартып Жаңы-Арык аймагына чейинки элдин көкөйүнө тийген жолдор оңдолуп жатканы кубанарлык. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин төрагасы НУРБОЛ ШЫРДАКОВ:
– 2012-жылдын август айында Бакай-Ата районунда «Жаштар коому» түзүлгөн. Мына ушул коом демилге көтөрүп чыгып, оңдоого муктаж болгон Бакай-Ата айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын көчөлөрүнө 250 машина кум төгүлүп, 50дөн ашык машина таштанды чыгарылып, тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Айыл өкмөттөн 150 миң сом бөлүнүп берилди. Бул акча күйүүчү май сатып алууга кетти. Ал эми техниканы айыл эли өздөрү чыгарып, бекер иштеп жатышат. Мындан тышкары сейил бактар, көчөлөр да тазаланууда.
Эми алдыңкы айыл өкмөттөрдүн катарын толуктайбыз деген жакшы тилектерибиз бар. Аталган райондун бүтүндөй жаштары бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, биримдикте ушундай аракеттерди көрүп жатабыз. Ушинтип ынтымак менен иш алып барсак, келечекте дагы көптөгөн ийгиликтерге жетишебиз деген жакшы ойдобуз

Элди ынтымакка чакырып, биргеликте эл-жерге кызмат кылып жаткан жаштардын эмгегин баалап, айыл өкмөттүн башчысынын орун басары АСАН КАНАЕВ да өз оюн төмөндөгүчө билдирди:
– Айылдык кеңештин депутаттарынын чечими менен бүткүл айыл аймагы боюнча ишембилик жүрүүдө. Биз 600 машина кум төгүлөт деп пландап жатабыз. Кудай буюрса, ушул жума толугу менен бүтөт.
Жакында эле «Эң мыкты айыл өкмөтү» деген сынак жарыяланды. Бул боюнча өкмөттүн токтому келди, эми ошого биз жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жардамы менен аракетибизди жумшап жатабыз.

«МЫНДАЙ ИШ КӨП ЖЫЛДАН БЕРИ БОЛО ЭЛЕК»
Албетте, «айылыбыз таза болсун, жолдорубуз жакшы болсун» деген жаштардын бул иши колдоого аларлык.
«Кыргызча бүгүн башталып, бүгүн эле бүтүп калбайбы?» деген сурообузга жергиликтүү эл тазалыкты башкарган ишканалардын жардамы менен көзөмөлгө алынарын айтышты.

Таза сууга 40 сом, ал эми таштандыга 20 сомдон ар түтүндөн алынып, андан топтолгон акча каражаты менен иш алып барышары белгилүү болду. Мындай иш-чара көп жылдардан бери боло электигин, эми мындан аркы жаштарга үлгү болорун айтышкан айыл аксакалдары да алкыш айтып, ыраазычылыктарын билдирип жатышты. Алардын ичинен айыл аксакалы РЫСКУЛ СУРАНЧИЕВ буларды айтты:
– Иш-чаранын демилгечилерине абдан чоң ыраазычылык билдирем. Биз болсо ушундай азамат жаштарга өзүбүздүн аталык сөзүбүздү айтып, кеңеш берип, колдоо көрсөтүп, караан болуп отурабыз. Мындан тышкары да аксакалдар өздөрү бир аз акча чыгарып, ар кимибиз колдон келгенибизди жардам болсун деп кошуп жатабыз. Мындай иш көп жылдан бери боло элек эле.

Гүлназ Атантаева
talas@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
abdumalik
2013-05-07 23:42:14
азаматсыңар! область дебей облус деп которгону жакты
0
№ 548, 3-май-9-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан