Жалал-Абаддагы борбордук базардын кире беришинде эже-сиңди эки кайырчы отурат. Аларга тыйын таштап өткөн кээ бир адамдар булардын тагдыры тууралуу кабары да жок болсо керек. Эгиздердин ысымы Батма, Зуура. 53 жашта. Батма эже ооруп калгандыктан, эгиздердин бири Зуура эже бизге тагдырын айтып берди.
«АПАМ САЙДАГЫ СУУГА ТҮШҮП, БИЗ МАЙЫП БОЛУП ТӨРӨЛҮПТҮРБҮЗ»
– Биз 7 айлык болуп төрөлгөнбүз. Апам нан жаап акча тапчу эле. Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз. Жуп эгиздер, биз, ден соолугубуздун мүмкүнчүлүгү чектелип төрөлүп калыптырбыз, бутубуз баспайт. Апам кош бойлуу кезинде сайдагы сууга жуунган экен, суу аябай муздак болгонун айтып калчу. Менин оюмча, ошондон улам биз ушинтип төрөлүп калганбыз. Апам кыйынчылык менен төрөп, төрөт үйүндөгүлөр «жашап кетүүгө мүмкүнчүлүгү аябай аз» деген жыйынтыкка келишиптир. Апам бизге «кыздарыңды таштап кете бер, булар адам болбой калды» деп айтышканына карабай алып чыгып, «өлсө колумдан өлсүн» дегенмин» дегени бар. Бирок биз, Кудай колдоп, өлбөй жашап жүрөбүз. Буюрса, 7-июнда 54 жашка чыгабыз. Апам жумушуна таңкы саат 8де кетип, түшкү тамактануу маалында кайра келип, бизди тойгузуп, анан жумушуна кетер эле. «Зеригип кеттим» десем, апам мени жумушуна алып кетчү. Анткени Батмадан көрө мени жакшы көрөрүн байкачу элем (күлүп).
Апамдын 3 аты бар болчу. Орустар Маша, өзбектер Шарипа апа, татарлар Мушар апа дешчү. Өзү татар кызы болгон, атам кыргыз. Биз 8ге чыкканда каза болуп калды. Андан соң атамдын колунда калдык. Үйүбүз 5 кабаттуу үйдүн 3-кабатында болгондуктан, атам менен бир туугандарым бизди алып чыгып, кайра алып түшүп кыйла кыйналышты. Анан мен атамдан сурандым, «ата, бул үйдү сатып, жер үй алалы. Антпесе баарыбызга кыйын болот экен» деп. Атам макул болуп, ал үйдү сатып, шаардын борборуна жакын жерден жер там сатып алдык. Атам биз 16 жашка чыкканда оорудан каза болду. Азыр ошол үйдө иним, анын келинчеги, балдары менен турабыз. Иним ширетүүчү болуп иштейт.
«ЭКӨӨБҮЗ ТЕҢ БАСА АЛБАЙБЫЗ»
– Азыр экөөбүз тең баса албайбыз. Мурда бир аз буттарым иштечү эле. Өзүм да аракет кылып, таяктарга сүйөнүп бутумду шилтей берсем бир күнү басып кетермин деп үмүт кылчумун. Дааратканага барып кулап кетип, оң бутум сынып калды. Ошондон кийин буттарым таптакыр шилтөөдөн калды. Мен сынып калса да, ооруканага баргандан коркуп жүрө бериптирмин.
Жашоо баары бир таттуу. Эртең менен саат 7де «жумуш ордубузга» келебиз. Сиңдимдин кызы бизди арабабыз менен сүйрөп алып келип таштап кетет. Анан кечки 7де кайра үйгө алып кетет. Буга чейин мен өзүмдүн арабамды өзүм айдап эле жүрчүмүн, бирок ал арабам бузулуп калып, бирөөгө «оңдоп бер» деп берсем, жок. «Арабама түшүп базарды айланып чыксам» деп кыялдана берем. Отура берип аябай зеригем. Анан зериккендин айынан ырдагым келип ырдап отура берем (ушул жерден каарманыбыз хинди тилиндеги бир ырды созуп коё берди).
Индиянын кинолорун аябай жакшы көрөм. Бул ырды бир кинону көрүп отуруп жаттап алган болчумун. Мен ырдап берсем, апам көзүнүн жашын агызып ыйлаар эле. Апамдын ыйлаганын көрүп, «апа, сиз ыйласаңыз мен ырдабайм» дечүмүн.
«МАГА СҮЙҮҮ КЕЛГЕН, АЛ ЭМИ ЭГИЗИМ МЕНИ ГАНА ЖАКШЫ КӨРӨТ»
– Батманы жакшы көрөм. Экөөбүз апам менен атамды эстеп, жакшы күндөрдү айтып отура беребиз. Отурган жерибизден кичинекейлердин «ата, апа» дегенин угуп калсам чыдабай кетем. Кээде жаман сөз деле угуп калабыз. Кээ бир күндөрү аябай катуу дилим ооруйт. Эч качан жаман сөз сүйлөгүм келбейт, Кудайдан корком. Кээде Батма экөөбүз да чарпышып кетебиз, бирок кичүү болгонум үчүн алгач мен кечирим сурайм. Ал менден бир саат мурун жарык дүйнөгө келсе, мен андан
бир саат кийин, саат 9да төрөлүптүрмүн. Баса, экөөбүз анчалык окшошпойбуз.
Балалуу болгум келет, 4 балалуу болсом, экөө кыз, экөө уул болсо деп кыялданам. Батма ыр укса угат, бирок ырдаганды жаман көрөт. Мен ырдап отурган жеримде эле созуп кетсем, ал «жөн отурчу, мени уят кылбай» дейт. Ал татынакай. Анан ачуусу
келгенде мени аябай катуу урушуп салат.
Бир чоң кызматта иштеген үй-бүлөлүү адам бар. Ошто иштейт, балдары да бар. Ошол ар дайым келип жардам берип турат. Быйыл дагы кышта Батма экөөбүзгө жылуу кийим алып келип берди. Ошол адам айтып кеткен эле өткөндө «мен сиздерди Ошко алып барып, кыдыртып келем» деп. Сулайман тоону көргүм
келет.
Индиялык актёрду жакшы көргөм, бул, балким, сүйүүдүр. А Батма менден башка эч кимди жакшы көрбөгөн болушу керек. Батмасыз билбейм, кантип жашамакмын. Укалап, буттарымдан бери жылытып берет. Кечке маал төшөккө жатсам, таңкы саат 5терде аз-маз жылый түшөм. Анан туруп бул жакка келмей. Кыштын күндөрү кандай күн болсо да суукка чыдап отура беребиз.
Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg