2013 -жылдын 25-апрелинде Ала-Бука РИИБине Ала-Бука районунун 1-Май айыл округунун тургуну Б.А. арыз менен кайрылган. 18-апрель күнү азиат улутундагы 25-30 жаштардагы үч бейтааныш атуул үйүнөн чакырып чыгышкан. Анан машина менен Айрым-Тал айылынын талаасына алып барышып, 5000 доллар талап кылышкан. Коркутуу жолу менен короосунан 10 баш кой жана 10 баш козусун машинага жүктөп кетишкен. Аталган кылмыш иши боюнча Ала-Бука РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан иш козголгон. Учурда кылмышка шектүү деп кармалган Ала-Бука районунун тургундары А.А. жана А.Н. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg