Баткен облусунан Улуу Ата мекендик согушка 20 766 жоокер катышкан. Анын ичинен 14 213 жоокер согуштан кайтпай калган. Өз мекенине жеңиш менен кайтып келгендердин саны 6553 болгон менен, алардын саны күн санап суюлуп барат. Учурда Баткен облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун 102 гана ардагери калган. Ата Мекени үчүн күрөшкөн согуштун катышуучуларына өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлү Жеңиш Разаков өзгөчө кам көрүүдө.
Ал ар бир ардагерге медициналык, социалдык жана моралдык жардам көрсөтүү боюнча мекеме-ишканаларга жана жергиликтүү бийлик органдарына милдеттемелерди жүктөдү. Жеңиштин 68 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүүнү Баткен райондук администрациясы жана Баткен шаардык мэриясы өз мойнуна алмакчы.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg