Дыйканчылыкта түшүмдүүлүктү арттыруу үчүн сугатка көңүл буруу абзел. Андыктан жылына бир жолу Кызыл-Кыя шаарындагы Караван айылынын эли Миң-Булак арыгын чаап, булактын көзүн ачышат. Бул жылы иш-чара ашар иретинде уюштурулуп, айылдагы ар бир үйдөн бирден адам катышты. Жумушчу топ узундугу 8 чакырым болгон арыкты тазалап чыгышты. Эми Караван айыл башкармалыгына караштуу 400 гектар жер жана 200 гектар калк жашаган жер агын суу менен камсыздалат. Ашарга миңден ашуун адам катышты.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg