Баткен районунда айыл маданиятын жогорулатуу максатында айыл аймактарында кароо-сынактарды өткөрүү пландалган. Алгачкы сынак Кара-Бак жана Төрт-Күл айыл округдарынын Кызыл-Бел, Чоң-Кара айылдарынын ортосунда «Айыл ажары» деген программада өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө үлгүлүү көчө, үлгүлүү үй-бүлө, улуттук каада-салтты көрсөтүү боюнча жеңүүчүлөр аныкталып,айыл элине концерт тартууланды.
Райондун акими Сейитмурат Калыковдун айтымында, мындай кароо-сынакка элеттиктер талаа ишине карабай келип катышууда. Ушундай эле сынак 15-май күнү Суу-Башы айыл өкмөтү менен Дара айыл өкмөтүнүн Чек жана Боз-Адыр айылдарынын ортосунда болмокчу.