1-Май – Эмгекчилердин майрамына карата облустук администрация тарабынан эч кандай майрамдык иш-чара уюштурулган жок. Бирок Баткен жана Кызыл-Кыя шаарларындагы сейил бактарга барган эл майрамды көңүлдүү өткөрүүдө.
Неберелерин ээрчитип жүргөн апалардын бири АЛИМА АБДУЛЛАЕВА буларга токтолду:
– Биз бүгүнкү Эмгекчилер күнүн белгилөө үчүн неберелерибизди ээрчитип, көңүл ачып жүрөбүз. Бул жерде адам көп болгондуктан, майрамдык маанай көрүнүп турат. Мурда мындай күндөрдө чоң майрам болчу эле. Азыркы жаштар бул күндүн кадырын анча билбегендей сезилет.