НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИ ООРУКАНАГА ЭМНЕГЕ ТҮШҮП КАЛДЫ?

30-апрелде Нарын шаардык кеңешинин 15-чакырылыштагы 5-сессиясы болуп, анда күн тартибинде каралган маселелерге кошумча Нарын шаарынын мэрине ишеним көрсөтпөө маселеси көтөрүлгөн. Мындай сунуш 11 депутаттан турган демилгелүү топ тарабынан көрсөтүлгөн. «Нарын келечеги» коалициясын түзгөн депутаттар тобу мындай демилгеге каршылык көрсөтүп, залдан чыгып кетишкен. Ага кошулуп Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев (сүрөттө), орун басарлары жана бир катар мекеме жетекчилери кошо чыгып кетишти.
Андан кийин 18 депутат калып, сессиянын ишин улантышкан. Алар Нарын шаарынын мэрине мындан ары ишеним көрсөтпөө тууралуу кайрылууну президентке, Жогорку Кеңешке, өкмөткө жиберүүнү талкуулашмакчы. Ушундан соң шаардык кеңештин төрагасы Эрмек Турсуналиев «мэр саясий эркин көрсөтө алган жок» деп билдирди. «Баатырбек Жээналиев депутаттарды сыйлаган жок, сессияда отуруп турса болмок, бирок ал чыгып кетти. Бул тууралуу президентке, Жогорку Кеңешке, өкмөткө кайрылуу жөнөтөбүз»,- деди ал.
Ал эми азыркы учурда Нарын шаарынын мэри иш бөлмөсүндө жок. Ал кан басымы көтөрүлүп кеткендиктен ооруканага жатып, дарыланып жатканын билдирди.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Kg.lady
2013-05-06 15:56:34
Кресло деген кандай ыссык.....Ээээээх!!!
0
nazira1989
2013-05-06 20:43:21
Креслонун таасири ушундай экен да ааааа...
0
Chica
2013-05-06 21:03:41
жакшы болот
0
mi-li-na
2013-05-07 14:00:19
Суроттогу мэрби?!
0
№ 548, 3-май-9-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан