Каракол шаарында 20га жакын интернет оюн клубдары бар. Эртеден кечке чейин мындай клубдарды балдар байырлашат. Өткөн жумада Каракол шаардык ИИБинин Жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмү тарабынан компьютердик жана ойноо клубдары текшерилип, өспүрүмдөр арасында рейд жүргүзүлдү. Рейд күндүзгү саат 10:00дө башталды. Сабак учурунда мектепте болууга милдеттүү окуучуларды биз, тескерисинче, дал ушул жерден жолуктурдук. Айрым өспүрүмдөрдү кепке тарттык:
– Атым – Урмат. Каракол шаарындагы №5-мектепте 8-класста окуйм. Мектептен тышкары музыкалык окуу жайында окугандыктан мектептен суранып, убактылуу бошонгом. Мурун үйдө компьютерим бар болчу. Азыр сынып калып, бул жерге биринчи эле жолу келдим.
– Менин атым – Нуржигит. Каракол шаарындагы №14-мектепте 9-класста окуйм. Бул жерде жүргөнүмдү ата-энем билет, алардан алдын ала сурангам. Ойногону келгениме аз эле болду. Азыр кетейин деп жаткам. Негизи, жумасына 2-3 гана жолу келем. Күнүгө ата-энем жибербейт.
– Атым – Эламан. Кечээ айылга барып, мектепке көтөрүп барчу сумкамды унутуп калыптырмын. Апамдар таксиден салып жиберебиз дешти. Бүгүн кайсы сабактар болору да эсимде жок. Ошондуктан эртең сумкамды алып, даярданып алып барайын деп жаткам. Интернет клубга 3 айдан бери келем.
Каракол ШИИБинин Жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн ага нускоочусу, милициянын капитаны АЙБЕК САДЫКОВ:
– Каракол шаарында жаш өспүрүмдөрдүн арасында атайын план түзүп, «Түнкү өспүрүм» деген аталышта эки күндүк рейд жүргүздүк. Эки күндө 12 жаш өспүрүм сабак учурунда интернет оюндарын ойноп жаткандыгы далилденди. Алардын айрымдарынын ата-энесине, мугалимдерине эскертүүлөрдү бердик. Бир окуучу түнкү рейдде кармалып, аны үйүнө жеткирип бардык. Мындай текшерүүлөр бир айда эки жолу өткөрүлүп турат.
Ата-эне, сабак учурунда мугалим балдарды көзөмөлдөбөсө, балдар билимди арткы орунга коюп, клубдардын фанаты болуп калабы деген коркунуч туулат.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg.