Акыркы жылдардагы ийгиликтүү, жылдан-жылга уланган долбоорлордун башында «Тамашоу» турат десек туура болот. Чындыгында, эмне менен алек болорун туура аңдай албаган бир топ жаштарыбыздын башын кошту. Бир нерсеге байланып, күтүүнү адатка айланткан күйөрман аудиториясы түзүлдү. Мына ушулардын башында Эрмек Нурбаев турат.
– Бешик боо бек болсун, Эрмек! Чоңоюп калдыңарбы?
-Рахмат, чоңоюп калдык, баары жакшы. 5-апрель биз үчүн абдан кубанычтуу, өмүр бою эсте калган күндөрдөн болду. Экинчи балам жарыкка келди. Атын таятасы Тагай деп койду. Улуу балама чоң атасы Алтай деген ысым ыйгарган эле. Бул аттар мага да абдан жакты, аталарыма ыраазымын.
– Мурунку Эрмек менен эки баланын атасы болгон Эрмектин айырмасы барбы?
-«Балам, балалуу болгондо билесиң» деген кыргыздын таамай айтылган сөзү бар эмеспи. Мына ошол сөздү эми түшүнүп жатам. Бала кезде ата-энелерибиз сыртка чыгып баратсак «башыңа топуңду кийип ал» же болбосо «Каяктасың? Үйгө качан келесиң?» деп бат-баттан телефон чалышса, көп деле маани берчү эмесмин. Мына эми өзүм балдарым ооруп калбасын деп чыйпылыктап турам. Алыска кетсем ата-энем, бир туугандарым, келинчегим менен кошо балдарымды сагынам.
– Бала кез демекчи, артка бир аз кылчаялы. Студент чакта жалгыз өзүң бир команданын атынан чыгып, башка командаларды уткан экенсиң. Ошол кезди эске салсаң...
-Кыргыз-Орус Славян университетинин студенти болуп жүргөнүмдө факультеттер аралык таймаш болмок эле. КВНге кызыккандыктан, мен окуган юридика факультетинен жети-сегиз студент биригип бир команда болуп чыкмай болдук. Башында ойнойбуз дегендердин баары КВН жакындаганда мини-сессиядан бошобой ары чуркап, бери чуркап калышты. Мен мини-сессияга калбасам керек, так эсимде жок. Уюштуруучулар «Жообун бергиле, ойнойсуңарбы, жокпу?» деп калышты. Мен дароо эле «ойнойбуз» деп чыктым. Ал убакта Улуттук университеттин жатаканасында бир бөлмөдө жалгыз жашачумун. Ошентип, өзүм сценарий түзүп алып, тоскоол болгон эч ким жок, кенен репетиция кылдым. Жалгыз чыгарымды билгендер «Койчу, чын эле жалгыз чыгасыңбы?» деп таң калышты. Жыйынтыгында 7-8 команданы жалгыз өзүм утуп койдум. Кийинки жылы да чемпион болгом.
– Тамаша сөздү катырат эмессиңби, катуураак тамашалап жакындарыңды таарынтып алган жайың барбы?
-Тамашалап күлүп жүргөн кандай сонун! Тамашаны түшүнүү, туура кабыл алуу – адамдагы жакшы сапаттардын бири. Мен чектен ашпаганга аракет кылам.
– Москвада өткөн КВНдин Премьер Лигасынын жарым чейрек финалында 3-орунду алдыңар эле, апрель оюнунда артка жылып кеттиңер. Буга эмне себеп?
-Алматы, Астана шаарларында ойногонубузда биринчиликти берчү эмеспиз. Москвада жети командадан 6-орунду алып калганыбыз өкүнүчтүү. Калыстар тобуна нааразылык деле жок. Болгону «5» коё турган жерлерде «4» коюлуп жатып утулуп калдык окшойт. Анын үстүнө атаандаштар чын эле күчтүү болду. Утулуп калганыбыз биздин команда үчүн жакшы сабак болду. Жеңилүүнүн дагы жеңиши бар. Дегеним, ыза болгон, жеңилген адамдар күчтөнүп, мурункуга караганда катуу иштеп башташат.
– «Тамашоу» жаштар курама командасы ачылыптыр, ошондо мурунку жигиттер картайып калдыбы?
-Картайган жок. Бирок чын эле жаңы команда мурункуларга караганда жаштардан турат. Аганы көрүп ини өсөт болуп, жакында эле Астанада өткөн таймашта биринчиликти алып келишти.
– «Азия MIX» менен «Тамашоунун» айырмачылыктары эмнеде?
-Айырмасы «Азия MIX`тин» ойногонуна 10 жыл болду жана да адабиятка көбүрөөк ыкташат. «Тамашоунун» жарыкка чыкканына 5 жыл толду. Бизде ыр, бий, миниатюра күчтүү.
– «Тамашоуну» кимдир бирөө «чоң суммадагы акчага сат» десе сатасыңбы?
-Эч качан сатылбайт. Сатылгандай квартира, машина сыяктуу буюм эмес. Долбоордун максаты, баарына эле белгилүү болгондой, жаштардын талантын ачуу. Негиздөөчү катары менин атым айтылганы менен, элдин долбоору.
– Ийгиликтериңе көз арткан адамдар болду беле?
-Ар бир ийгиликтүү долбоордун күйөрмандары жана көрө албагандары болот. Баштан кандай гана кыйынчылыктар өттү. Көрө албагандар да болду. Бирок аларга көңүл бурбай, өз ишибиз менен алга жыла бердик.
– Өзүң жөнүндө кино тартуу оюңда барбы?
-Азырынча жок. Өзүм жөнүндө кино тартуучу деңгээлге жете элекмин.
– Ар бир концертти өткөрүүдө залдын ижарасы сыяктуу чыгымдары бар. «Тамашоу» өзүн-өзү актайбы? Же тескерисинче, жакшы пайда алып келеби?
-Ар кандай оюндар болот. Кээ бири өзүн жапса, кээ бири жаппай да калат. Сиз айткан чыгымдардан сырткары да көп нерсеге акча сарпталат. Мисалы, штатта бир топ адам эмгектенет, ар биринин айлыгы бар. Борбордогу кеңсебиздин чоң суммадагы ижарасын төлөйбүз. Ар аймакта филиалдарыбыз бар эмеспи, филиалдарда өткөрүлүүчү оюндардын афиша-жарнактарына кеткен чыгымдар да бизге тиешелүү. Тартуучу топко төлөйбүз. Андан башка да майда-чүйдө чыгымдарыбыз толтура. Билеттердин төрттөн бир бөлүгү меймандарга, өнөктөштөргө, телерадио оюндарына, балдар үйүнө бекер таратылат.
– Кыргызстандын жаш жараны катары учурдагы саясатка кандай баа бере аласың?
-Чоңдорубуз жегенди, анан бири-бирин жегенди токтотушса болот эле.
– Келечекте сени саясаттан көрө алабызбы?
-«Тамашоу» менен аз болсо да мамлекетибизге салым кошуп жатабыз. Мен көп убактымды долбоорго жумшайм. Ар бир оюн эне тилибиздин өнүгүшүнө арналат жана балдар үйүнө кир жуучу машина, сыналгы сыяктуу белектерди берип кайрымдуулук кылабыз. Келечекте саясатка аралашып калсам, өлкөбүздүн өнүгүп-өсүшүнө болгон күч-аракетимди жумшайм. Анткени балдарыбыздын, неберелерибиздин гүлдөгөн мамлекетте жашашы ар бирибиздин эле кыялыбызда бар да.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg