КОМАНДАЛАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗ

«Супер-Инфонун» бул жылкы Кубогунун катышуучуларын тааныштырууну улантабыз. Түрдүү себептер менен мелдешке катышуучу командалардын саны 18ге кыскарды. Бул жолу «Ырчылар», «Тамашоу», «Келдике», «Билайн», «Бийчилер» жана «Шоро» командалары менен тааныштырабыз.

КӨҢҮЛ БУРГУЛА!
«Супер-Инфонун» Кубогу калыс жана татыктуу өтүү үчүн төмөнкүдөй эрежелер иштелип чыккан:

1) Командалар мелдешке гезитте жарыяланган курамда гана катыша алышат.
Өзгөртүү киргизүүгө уруксат жок. Эгер кандайдыр бир себептерден улам тизмедеги оюнчулар келбей калышса, команда аларсыз ойноого мажбур болот.

2) Талаадагы 11 оюнчунун кеминде бешөөсү айым футболчу болуусу керек.
Эгер кыз болбосо, 3:0 эсебиндеги жеңилүү жазылат.

3) Тизмедеги оюнчулар сөзсүз ошол компаниянын кызматкери болушу шарт, жок дегенде акыркы 1 ай ичинде. Ошондой эле чыгармачыл чөйрөдөгү команданын оюнчуларынын жүзү элге таанымал болушу шарт.
Оюнчунун ал компанияда иштебей тургандыгы аныкталса, оюндан четтетилип, орду башка менен толукталбайт.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Asus84
2013-05-13 10:26:19
баарытен сулуу экен аа
0
agrarnik
2013-05-13 17:44:13
Эреженин 2-болугу, пункту кызык экен ээ достор? 11 оюнчунун 5и айым болуш керек экен. Эми ошолор "кыз" болбосо 3:0го утулат турбайбы. Аны киминер текшересинер?
0
Gulzat-88
2013-05-14 02:45:48
сонунго,оло коргум келип атат,аттин баралбайткем...эх...
0
eldiyarmacho
2013-05-14 06:04:13
футбол эмес хетбол болот окшойт а:)
0
№ 549, 10-май-16-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан