Санжар Мыкыев, «Тамашоу» командасынын оюнчусу: «БИЗДИН КЫЗДАР КЫЙЫН»

“Суперфутбол” супер оюну жылдыздардын катышуусунда өтөөрү күтүлүүдө. Тамашоудогу “Тамадалар” командасынын оюнчусу Санжар аталган мелдешке карата көрүлүп жаткан даярдыктары боюнча кеп салды.

– Санжар, сени жылда «Тамашоунун» курамынан көрчү эмес элек. Быйыл кандай кошулуп калдың?
– Мен мурун эле футбол ойноп турганга аракет кылчумун. Андай деле күчтүү ойнобойм. «Тамашоунун» балдары менен биякта да ойноп жатканбыз. Анан быйыл «ойно» деп калышты. Мурунку жылдары ойногон эмесмин. Быйыл майданга чыгып, күчүмдү сыноо алдында турам.

– Командада ишеним арткан бир жигит болот эмеспи. Силердин команданын майдандагы лидери ким?
– Негизи, биздин курамда Жеңиш, Рүстөм анан Куба KG 77») жакшы ойнойт. Ошондой эле биздин кыздарыбыз дагы жигиттерден кем калышпай пас чыгарып, дарбазага сокку узатып, мыкты оюн көргөзүп жатышат. Буюрса, мелдеште кыздар менен бирге жеңишке умтулабыз.

– Түнкүсүн да ойноп жатыптырсыңар...
– Ооба, машыгуулар түндө саат 1-2ге чейин уланып жатат. Түнкү убакты тандап алган себебибиз, күндүз көпчүлүгүбүз жумуштардан бошой албай калабыз. Дагы бир себеби, серүүн аба, тынч убакта ойногон жагып жатат.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
shuma94
2013-05-16 19:02:47
ийгилик Санжар брат алгаа
0
Kuma_92
2013-05-17 14:55:54
Iigilik saga maga uwul jagat da
0
№ 549, 10-май-16-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан