КАЙНАГАСЫ КҮЙӨӨ БАЛАСЫН ­МУУНТУП ӨЛТҮРГӨН

Жакында Чүй облусунда оор кылмыштын бети ачылды. Жерге көмүлгөн маркумдун көйнөгү сыртка чыгып калбаганда, бул кылмыш иши ачылат беле, белгисиз...

КӨНГӨН АДАТ КАЛАБЫ?..
Ушул жылдын 31-март күнү Чүй облусунун Москва РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Беловодск айылына жакын жердеги Чоң Чүй каналынын жээгинде көмүлгөн адамдын денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 40-45 жаштардагы адамдын сөөгүн табышкан. Көп өтпөй маркумдун өздүгү такталып, ал 1970-жылы туулган Ахмед Жабраилов болуп чыккан.
Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, Чүй ОИИББинин жана Москва РИИБинин ыкчам иликтөө кызматкерлери кылмышкерди издөөгө киришкен. Жыйынтыгында 2013-жылдын 1-май күнү кылмышка шектүү делинип 1968-жылы туулган Валерий Гуценко аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалган. Анын мурда да Орусиядан баңгизатын сатканы үчүн соттолгондугу маалым болгон.

«МЕН ӨЗҮМДҮ КОРГОДУМ»
Тергөө учурунда Валерий кылган кылмышын мойнуна алып, Ахмедди кантип өлтүргөнүн айтып берген:
– Ахмед менин карындашымдын жарандык никеде жашаган күйөөсү болчу. Ортолорунда бир бала бар. Экөөнүн жашагандарына 2 жыл болгон. Акыркы кезде карындашыма көп кол көтөрө баштады. Карындашым менен апам анын сабагандыгы үчүн милицияга бир канча ирет кайрылышкан экен. Ахмед апамды да сабаптыр. Ошондон кийин карындашым менен апам аны үйдөн кууп салышкан.
2013-жылдын 8-март күнү Ахмед мага телефон чалып, жолугушууга чакырды. Экөөбүз күндүзгү саат 2лерде Бишкектен жолуктук. Барсам мага апамдар менен элдештирип бер деп ар кайсыны айта баштады. Кызуу экен. Дагы ичти, мен машина айдап жүргөндүктөн, ичкен жокмун. Бир бөтөлкө аракты ичип бүтүп, кокустан эле мени бөтөлкө менен бетке чаап жиберди. Экөөбүз уруша кеттик. Ал менден кечирим сурап жалбарганда кайра жараштык.
Анан башка жакка барып чогуу ичимдик ичтик. Бул кезде күүгүм кирип калган. Ахмед кайрадан мага асыла баштады. Бир кезде чөнтөгүнөн бычак сууруп чыгып көкүрөк тушка шилтеп жиберди. Бычак түз тийбей, бир аз эле учу шылып өттү. Мен буйтап артка качтым. Ал кайра мени качырганда чуркап машинага бардым да, ичинен коргонууга ылайыктуу бир нерсе издей баштадым. Машинада жип бар экен, аны ала койдум. Аңгыча эки аттап мага жеткен Ахмед экөөбүз жакалаша кеттик. Ал дале мага бычак шилтөөгө аракет кылып жатты. Мен эптеп жипти анын мойнуна салдым да, муунта баштадым.
Чынында, аны өлтүрөйүн деген эмесмин, бир азга жип менен мойнун кысып койсом өзүнө келеби деп ойлогом. Каршылык көрсөткөнүн токтоткондо жипти бошоттум. Бир аз убакыт өткөндө карасам өлүп калыптыр. Анан эмне кыларымды билбей калдым да, сөөгүн жашырып салууну чечтим.
Өзүм балыкчы болгондуктан, машинамда дайыма күрөк, чатыр жүрөт. Чатырдын чүпүрөгүнө Ахмеддин өлүгүн ороп машинага салдым да, Беловодск айылын көздөй айдадым. Казакстан тарапка жакын Чоң Чүй каналынын жээгине жеткенде жерди казып, сөөктү көмүп койдум. Чынын айтсам, аябай корккондуктан, жерди өтө терең казган эмесмин. Милицияга кайрылайын дегем, бирок корктум.

«КЫЛМЫШЫН МОЙНУНА АЛДЫ»
Бул факт боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын ага инспектору НУРБЕК ТОКТОСУНОВ төмөнкүлөрдү билдирди:
– Жогорудагы кылмыш ишине шектүү деп кармалган 1968-жылы туулган Валерий Гуценко кылган кылмышын толугу менен мойнуна алууда. Учурда ага карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Elmara
2013-05-13 17:50:30
Кудай сактаа!!!Арак эч убакта жакшылыкка алып барбайт...Ошону копчулук биле бербейт да,анан ушундай журокту тушургон кылмыштар коп катталып жатат...
0
kamo
2013-05-13 23:53:39
Кекиртек ,кекиртек
Далай жерге секиртет болуп ататта. Жинди суудан бироо жыргап,жашоосу онолуп кеткенин уга элекмин. Кудай жолунан адашкандар шайтандын азгырыгына бат азгырылат. Баардык жердештеримди ыйман келтиргиле,Исламды кабыл алгыла демекчимин.
+2
Shekerbek
2013-05-28 08:57:48
kamo, бир гана жол Ислам
0
Kg.lady
2013-05-16 13:37:39
Кудайга тооба,
0
mmDens.asus
2013-05-16 21:45:19
Адам заты жырткычтан да отот.
0
toxa-90-kg
2013-05-18 00:48:22
эгер карындашын жана апасын сабаган болсо Ахмедке женил олум болуптур, аял кишиге кол которгондрду кыйнап олтуруш керек
+1
№ 549, 10-май-16-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан