82 ЖАШТАГЫ КАРЫЯНЫ ТОНОШКОН

Бишкек шаарында 82 жаштагы карыянын үйүнө түн жамынып кирген каракчылар үй ээсин сабап, «балка менен урабыз» деп коркутуп, акча талап кылышкан. Жаны көздөн учкан пенсионер акча салынган банканын турган жерин көрсөтүп берген.

«БАЛКА МЕНЕН УРБАГЫЛА, АКЧАНЫ АЛГЫЛА»
Каракчылар кеткенде өзүнө келген ардагер коңшуларын жардамга чакырып, алар өз кезегинде милиция кызматына жана «Тез жардамга» коңгуроо кагышкан. Кылмыштын изи сууй электе милиция кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдү убактылуу жашаган батиринен кармашкан.

Окуя кандай болгондугун жабырлануучунун өз оозунан угалы деп кылмыш катталган дарекке бардык. Каракчылардан коркуп калган экен, ВАСИЛИЙ МОРОЗ аттуу пенсионер гезиттен келгенибизди айтсак да коркуп жатып эшигин араң ачты. Чекесинде жана моюнунда кылмышкерлер сабагандан калган так дале бар. Окуяны калтырап баяндап отурду.

– Болжол менен түнкү саат үчтөр чамасында ит катуу үрүп калды. Эмне болду деп терезеден карасам, бирөө эңкейип өтүп кетти. Эшикти ачсам, мурун меникинде батирде жашаган Рустам экен. Андан эмне үчүн келгенин сурасам, «чечишип алуу үчүн келдим» деп муунтуп кирди. Ошол убакта дагы бирөө кирип келди. Алар «акча бер» деп демитип, сабап киришти. Бурчта турган балканы алып урабыз дешкенде, «балка менен урбагыла, акча банкада турат» деп көрсөтүп бердим. Ичпей-жебей чогулткан пенсиямды алгандан кийин эшикти сыртынан жаап, ачылбас үчүн жыгач тиреп кетип калышты. Канга жуулуп эле жатып калдым. Араң туруп эшикти ачайын десем ачылбайт. Терезеден чыгып коңшуларды чакырдым.
Аялым өлүп калган, жалгыз жашайм. Дарыга акча болсун деп времянкама Рустамды киргизген элем. Аялы, 2 баласы менен жашаган, өзү «бир фирмада ширетүүчү болуп иштейм» деген. «Огород чоң, аны иштет, жашылча эгип койсоң, экөөбүзгө тең жетет. Балдарың да жаңы жемиш жейт» дегем, бирок ал иштегиси келген жок. Тез-тезден эле достору келип, түн бир оокумга чейин ичимдик ичишчү. Менин уруксатымсыз көмүрүмдөн жагып, велосипедимди сындырып койгон. Паспорттору да жок болчу, бир ай жашаган соң чыгарып жибергем.

«ИЧИМДИККЕ АКЧА КЕРЕК БОЛУП ТОНОДУК»
Ал эми кылмышка шектелип кармалган Рустам Чубанов жана Виктор Черепанов тоноп кеткендигин мойнуна алышканы менен, «абышканы сабаган эмеспиз» дешүүдө.

Виктор Черепанов:
– Ошол күнү Рустамдыкына баргам. Арак, сыра ичип отурганбыз. Ичимдик түгөнгөндө дүкөнгө барып, телефонду таштап карызга алалы десек бербей койду. Анан уурулукка барууну чечтик. Рустам мурда жашаган батирге бардык. Үйдүн ээси эшикти ачканда аны түртүп жиберсек жыгылып калды. Диванга отургуздук да, акча талап кылдык. «Мени өлтүрбөгүлө» деди эле, «өлтүрбөйбүз» деп акчаны алып чыгып кеттик. Ичимдик, тамеки алып, ал акчаны түгөтүп койгонбуз.

Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын инспектору МЫРЗАБЕК ТОКТОСУНОВ:
– 19-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө каракчылык болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Алдын ала иликтөөдө үй ээси 82 жаштагы Виталий Морозду белгисиз эки адам сабап, катып койгон 10 миң сом акчасын алып кеткендиги белгилүү болгон. Ал баш мээси чайкалып, бетинен жана башынан алган жарааттарынан улам Улуттук госпиталга жаткырылган.
Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип 1990-жылы туулган Рустам Чубанов жана мурун баңгизатын сактагандыгы үчүн соттолгон 1978-жылы туулган Виктор Черепанов аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алардын үстүнөн Биринчи Май РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
82 жаштагы карыяны тоношкон
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
nurik9090
2013-05-15 07:48:51
ичсе алына ченеп ичпейби каарыган чалды барып тонобой, ушундай оюу жок аламдарга тан каласын алды арты ойлобогон
0
saltanat.
2013-05-15 11:15:41
Арак ичпей балакет ичип калгыр
0
Sagidko88
2013-05-15 15:06:45
Турлору суук немелер экен оздору да! Тим эле жакшылыгын айткансып арак ичкенбиз деп. Жазасын бу дуйнодо да, ал дуйнодо да алат.
0
jasmin81
2013-05-15 16:53:57
Ыйманы жоктор келип ошол 82деги бабайга жетиппи кучу.
0
tynara81
2013-05-15 18:28:49
Байкуштун эч кимиси жок болсо, болгон акчасын тоноп кетишсе, пенсиясы тийгенче кантип жашайт эми. Дары- дармеги дегендей. Тигилерди адам деп атаганга да ооз барбайт, макулуктар!
0
aruuzat88
2013-05-15 20:47:51
Бир туру суук немелер го,жазасын алышсын эми.
0
admin_media
2013-05-16 10:07:32
nurikkg1,
Маданиятсыз создөрдү жазуудан алыс болуңуз!
0
Kg.lady
2013-05-16 13:34:52
Кудай омур берип 80ге чыгышса буларды тоноочуларда чыгат.....
0
protector
2013-05-16 15:08:14
Адам баласы ушунчалык денгээлде томон тушот деп ойлобогом, Бул экообу оздорун адам баласы экенин унутуп койгон го шайтан алгырлар,
0
baxa1980
2013-05-17 20:34:05
мен буларды адам катары эсептебеймин буларды ушунчалык создор менен айткым келип турат бирок мени банга киргизип салата суперчилер
0
TolonturCN
2013-05-18 13:43:05
Карыяны тоногончо кара башыңарды эле жесеңерчи.
0
bakyt.anara
2013-05-18 22:10:47
Адам деген созго татыкттуу эмес булар алсыз карыяны тоногончо ээ ........
0
sauleshka
2013-05-19 12:25:32
Bashka uluttun baldary koop baratat kyrgyzdar,kozunordu achkyla.
0
piramida
2013-05-19 20:11:12
ошол балка менен карыяны сабаган колдорун бирден чакса сооп болот еле,зоокурлор.
0
jamiyla
2013-05-20 03:01:45
Tuura bashka uluttagy mekendeshteribiz bilgenin kylyp juro berishet,biz osholordun olkosunon oshentip koroluchu?!Ushularga jakshylap chara koldonushsa,akchasyna ech nersesine karabai,oz jazaasyn koluna berishse eken!
0
№ 549, 10-май-16-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан