Талас облустук биргелешкен ооруканасына Кореядан атайын медициналык топ келет. Бул тууралуу аталган оорукананын дарылоо иштери боюнча жетекчисинин орун басары Рустам Байгараев билдирди. Маалыматка ылайык, 5-июндан 8-июнга чейин Кореядан косметологиялык, пластикалык операцияларды жасоо боюнча адистер келип, каалоочуларга бекер операция жасашмакчы. «Алар көп сумманы талап кылган пластикалык жана косметологиялык операция жасатууга мүмкүнчүлүгү жетпеген жарандарга жардам берүү менен бирге тажрыйба алмашууну максат кылышууда» деп кошумчалады Байгараев. Эскерте кетсек, 2012-жылы да аталган топ келип, бир нече операция жасашкан.
Гүлназ Атантаева
talas@super.kg