Талас облусунун бир эмес, бир нече райондорунда немис улутундагы үй-бүлөлөр бар. Алардын жашоосу кызыгууну туудуруп, Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылын көздөй сапар алдык. Барганыбызда өзүн Евгений Михайлович деп тааныштырган немис улутундагы жигит буларды баяндап берди.
– Евгений, Кыргызстанда жашоо сиздер үчүн оор эмеспи?
– Биз Кыргызстанда төрөлүп, чоңойдук. Ошондуктан Кыргызстанды өзүбүздүн үйүбүз деп эсептейбиз. Биз жашап жаткан айыл 132 жыл мурун түзүлүптүр. Аны түзүүгө биздин чоң аталарыбыз да катышкан экен. Алар кыргызча таза сүйлөшкөн. Биз дагы кыргызча сүйлөгөндү үйрөнгөнбүз. Ал эле эмес, кыргыз элинин салт-санаасын жакшы билебиз. Сен кыргыз, мен немис деп бөлүнгөн эмеспиз.
– Мындай жакшы мамиленин жаралышына эмне себеп болду деп ойлойсуз?
– Муну биздин ата-бабадан калган мурас деп да койсок болот. Бул жактан көчүп кеткен немистер азыркы биз жашап турган Орловка айылы тууралуу китеп жазышкан. Анда тарыхка кайрылышып, көптөгөн кызык маалыматтар берилген. Ал эми таятам Якоб Герд Кызыл-Сай айылындагы Үрмарал суусуна жакын жерде жашаган. Алардын өздөрүнүн чакан суу тегирмени, алма багы да болгон экен. Азыр аларды тааныгандар менен сүйлөшүп калсаң, таятам, таенемдер тууралуу кызык кеп салып беришет.
– Ата-бабаларыңыздар бул жерге качан отурукташып калган?
– Таласка Екатерина IIнин учурунда эле бир гана Германиядан эмес, Голландиядан да келишкен дешет. Ал эми немистерди бул жакка алып келүүнүн негизги максаты – немис элинин үрп-адатын, салт-санаасын, маданиятын үйрөнүү, башкача айтканда, цивилизациянын өсүп-өнүгүшүнө таасир этүү болгон.
– Улуу Ата Мекендик согуш учурунда кандай жашашыптыр?
– Чоң атамдын айтымында, ал учурда биздин аталар кыргыздар менен бирдей эле азап тартып, жардамдашып, кайгы-муңун бөлүшүп, бир үй-бүлөдөй эле жашашыптыр. Ар бири бар тапканын ортого коюп, чогуу тамактанган учурлар да болгонун көп айтчу.
– Немис калкы убакытка так дешет, бош убактыңыздарды текке кетирбесеңиздер керек?
– Негизи, музыкага жакын элбиз. Көп ырдайбыз, андан тышкары кичинемден эле пианинодо ойнойм. Кыргыздын музыкалык аспаптарынан сыбызгы, чопо чоор, ооз комуз, комузда ойнойм. Ак-Дөбө айылындагылар түзгөн ар улуттан турган ансамбль бар. Өткөн жылдын ноябрь айынан баштап өз алдынча репетиция кыла баштадык.
– Үй-бүлөдө кайсы элдин салты басымдуураак?
– Эки жактыкы бирдей эле. Бирок бизде сөзсүз түрдө аткарыш керек деген өзүбүздүн айрым салттарыбыз бар. Мисалы, немистерде келиндер кечинде эртең менен жегенге сөзсүз түрдө таттуу токоч жасашы керек. Кыргыз элиники сыяктуу эле бир топ майрамдарыбыз бар. Мисалы, Фрюлинсфес деген майрам туура эле Нооруз сыяктуу. Мында үйгө конок чакырабыз, дасторконго болсо бир нече даам даярдайбыз.
– Карасам, чарбаңыздар да кенен экен...
– Өзүбүзгө тиешелүү фермабыз, андан тышкары 10 гектарга жакын жерибиз бар. Анын канча бири ижарага алынган. Андан тышкары уй, жылкы, кой багабыз. Бир аз тоогубуз да бар. Немис болгонубуз менен, кыргыз жыттанып турабыз.
Гүлназ Атантаева
talas@super.kg