БЭЭНИН УУЗ СҮТҮ ЭКИ ЖҮЗ ООРУГА ДАРЫ

Бээнин жаңы саалган сүтү да, ачый элек жаш кымыз да саамал делинип, адамдар дарылыкка ичишет. Буга медиктердин эрте жазда саамал ичкен адамдын иммунитети бир жылга дейре бекем болуп, оорубайт деп аныкташканы да далил. Болгону кайсы убакта, канча өлчөмдө ичүүнү билүү керек.

КАЙСЫ ООРУЛАРДА ИЧҮҮГӨ БОЛОТ?
Колдо байланган бээнин сүтүнүн дарылыгы жок. Жайлоодогу миң түркүн дары чөптүн бүрүн искеп жеген бээнин сүтү гана көптөгөн дарттарды айыктыруу касиетине ээ.
Бээнин сүтү иммунитетти көтөрүп, жугуштуу оорулардан сактайт. Андан тышкары кызыл жүгүрүк, сөөк-муун, өт, боор, ичеги, өпкө (анын ичинде кургак учук), ашказан, кан тамыр, бөйрөк, нерв жана тери ооруларынан айыгууга салымы күч. Бирок оорулар курчуп турган кезде ичүү сунушталбайт, ал эми өтүшүп кеткен болсо, жардам бербейт.

КИМДЕРГЕ ИЧКЕНГЕ БОЛБОЙТ?
Кимде миома, жогорку кан басым, жатын түтүктөрүнүн барсылдагы (киста), геморрой, панкреатит (уйку безинин оорусу), боордун циррозу, кант диабети, рак оорусу жана ичеги-ашказандын жарасы болсо, ичүүгө болбойт. Анткени ооруну күчөтүп жиберет жана жараларды эзип, ылжыратат. Ошондой эле бээнин сүтү күчтүү болгондуктан, 2 жашка чейинкилерге анда-санда гана болбосо, көп берилбейт.

УУЗ СҮТҮ ГАНА ДАРЫЛЫК КАСИЕТКЕ ЭЭ
Жаңы тууган бээнин уузу тарай элек сүтүн 15 күн тынбай ичүү кажет. 15 күндөн соң ууз тарап, дарылыгы кете баштайт. Ууз сүттө гана иммуниттети, гемоглобинди көтөрүүчү, ооруларды сакайтуучу дарылык касиет бар. Тамак сиңирүүнү жакшыртат. Эгер 15 күндөн көп ичем десеңиз, анда жаңы тууган башка бээни таап, сүтүн иче баштоо керек. Ушинтип үзбөй 3-4 бээнин сүтүн ичсеңиз, анда 1 жылга жетерлик иммунитет менен камсыз болдум, оорубайм дей берсеңиз болот.
Айтып кетчү нерсе, бир күнү бир бээнин, эртеси башка бээнин сүтүн ичип аралаштырбай, бир гана бээнин сүтүн ичүү туура. Бээнин сүтүнүн дарылыгы Үркөр чыгып (июндун он бештери), чөп каткыча гана сакталат. Чөп каткандан кийин күчүнө кирип, бээнин сүтү күчтүү тартып, жагымы болбойт.

АЗ-АЗДАН ИЧИП КӨНБӨСӨ, ООРУЛАРДЫ КОЗГОЙТ!
Бээнин сүтү саалары менен 3-5 мүнөткө жеткирилбей жылуу ичилет. 1 күндө ичүү өлчөмү жаш куракка жараша төмөнкүдөй:
2-5 жашка чейинки балдарга – 350-400 грамм;
5-15 жашка чейинкилерге – 700 грамм;
15-60 жашка чейинкилерге – 1 литр;
60 жаштан жогоркуларга – ден соолугу чың болсо 1 литр, начар болсо 700 граммдын тегереги.
Бээнин сүтүн аз-аздан ичип көнүү керек. Сүттүн ичти тазалоочу касиети болгондуктан, алгач ичти алат. Бирок дары ичпөө сунушталат. 1-күнү бээ саалган сайын 30 граммдан ичилет. Бээ 5 маал саалса, ошондо 150 грамм, 7 маал саалса 210 грамм болот. Кийинки күндөн тартып өлчөмү 30 граммдан көбөйүп отурат. Мисалы, 2-күнү ар саамда 60 граммдан ичилсе, 3-күнү 90 граммдан дегендей. Качан керектүү өлчөмгө жеткенде бээнин сүтүнүн өлчөмүн кайрадан күндө 30 граммдан кемитип ичүү керек. Туура ичилген сүт 200 ооруга даба болорун кыргыз табыптары айтып келишет.
Ууз сүт ичүү мезгилинде кычкыл, майлуу азыктарды жана кыямдарды жебей, мүнөздөп тамак ичүү керек. Кээ бирөөлөр дарыланабыз дешет да, бир койду союп, майлуу тамак менен бээнин сүтүн ичишет. Бул таптакыр туура эмес жана натыйжа бербейт.
Айрымдар бээнин ууз сүтүн ичкенче саамал кымыз ичип дарыланган жакшы деши мүмкүн. Бирок дарылыгы жагынан саамал кымыз ууз сүткө жетпейт.

БЭЭНИН БРУЦЕЛЛЁЗ МЕНЕН ООРУБАГАНДЫГЫН ТАКТАҢЫЗ!
Уй, кой сыяктуу эле жылкы да бруцеллёз оорусу менен ооруйт. Андыктан бээ сүтүн жылуу бойдон ичүү кооптонууну жаратпай койбойт. Мисалы, өткөн жылы Мамлекеттик санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы 9000ден ашык жылкыны текшергенде алардын сегизинен оору табылган. Ушул себептүү малдын амандыгын тастыктаган документин сурап, анан сүтүн ичүү кажет.

БЭЭНИН СҮТҮНҮН КУРАМЫНДА ОРГАНИЗМГЕ КЕРЕКТҮҮ ЗАТТАР КӨП.
Витаминдерден D, E, K, В1, В2, В6, В12, булардан тышкары фолий, аскорбин кычкылы, ретинол, казеин, лактоза жана башкалар бар.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бээнин сүтү менен кантип дарылануу керек?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
mi-li-na
2013-05-13 14:43:42
Канча жерлердин кымызын татпадым, бирок Кара-Кулжадагы Буйгалыктар жасаган кымыз менен Суусамырлыктардын кымызына кообу жетпейт экен))) Эхх кымыз, кымыз, убакыт болсо кымыз ичип, ден-соолукту чындаганга эмне жетсин...
0
Mirko.93
2013-05-13 15:42:03
геморройго болбойт экен да...
0
gulia90
2013-05-13 23:08:05
Буйганыкы эн сонун чындыгында.
0
gulia90
2013-05-13 23:16:11
Mi-li-na Буйгадан болосунбу?
0
moke
2013-05-14 13:36:44
суусамырдын токтогулдун кымызына жетпейт
0
ajostal
2013-05-14 15:12:22
Макала ото кыска болгондуктан пайдалуу деп айтуу кыйын. Ден соолукка зыян келтирбеш учун маанилуу нерселерди кошуш керек болчу. Мисалы, кургак учук менен ооруган адам дары ичип жаткан болсо, ошол курсун узбой эле бээ сутун иче берсе болот. Макаланы окуган адам бардык даарысын токтотуп коюп бээ сутун иче башташат. Анан албетте оорусу кучоп кетет. Урматтуу СуперИнфо! Чек арасыз дарыгерлер уюму менен байланышып кенен маалымат алып жазып койсонуздар. Кургак учук менен ооругандарга пайда кыласыздар.
0
taku88
2013-05-14 21:16:25
Алайкуунуку сонун.....
0
aizish
2013-05-16 05:29:03
taku88, Баардыгынан да Алайкуунун кымызы кучтуу. Ишенбесенер даам татып коргуло, айрыкча Кытайга чектеш айылдарда
0
4almalyk
2013-05-16 20:21:24
aizish, Алайкуудан болот окшойсун ээ,мактанганына караганда?Силер аракты коп ичесинер,арак менен алмаштырып албадынбы кымызды.Баарынын да Чалманын Бубайым жене жасаган кымызы отто кучтуу да,кымыз деп ошону айтса болот
Эртен да Баткенден Бубайым жененин кымызына кетип жатам.
0
AFRODITA-89
2013-05-17 01:17:09
Арсланбаптын кымызы да эн сонун башка жактагыларга караганда арзаныраак да болот.
0
AFRODITA-89
2013-05-17 01:19:10
Супер инфо сиздерден сураныч кош бойлуу мезгилде саамал же кымыз ичкен пайдалуубу же зыянбы ошол экоонун кайсынысын ичиш керек же экоону тен ичууго болобу кайсыл срокко чейин кенеш бересиздерби. Рахмат.
0
mi-li-na
2013-05-17 12:19:20
Кара-Кулжалыктар кыйын жасашат жалпысынан алып караганда, себеби район жаратылышы жагынан эн таза район.Бирок Буйганыкы натуральный кымыз, guliya90 менин тубум Буйга болот ;)
0
aitur.ular
2013-05-26 14:15:03
Супер Инфо, Оморбай Нарбеков агайдын дарегин алып бериниздерчи.Мен агайды кайдан издешимди билбей жатам.Эжемдин оорусун коргозойун деген элем. Сураныч сиздерден,
0
kamo
2013-06-05 22:50:55
Каркыранында кымызы мыкты экен. Жайлоого чыгып эс алып ,сут ,кымыз ичип эс алсан мына ошол рахат достор. Базарларда саткан кымыздар жармынан кобу суу кошушат,копкок болуп кылгырып турат. Айлан жок эле ичесин.
0
№ 549, 10-май-16-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан