100 ДААНА «ШИРЕҢКЕНИН КУТУСУ» МЕНЕН КАРМАЛДЫ

3-май күнү кечки саат 9дар чамасында милиция кызматкерлери Бишкектеги Батыш автобекетинен 34 жаштагы Дамир аттуу жаранды кармашкан. Анын жанындагы баштыкка тинтүү жүргүзгөн учурда скотч менен оролгон, ичинде ооган гашиши бар 100 даана ширеңкенин кутусу чыккан. Тартылып алынган баңгизатынын салмагы 2 килограмм 270 граммды түзгөн. Кармалган адамдын айтымында, бул затты Илхом аттуу досу менен көптөн бери «Ош базарынын» аймагында сатып жүрүшкөн. Калган 100 кутуну Казакстанга жөнөтүү үчүн бекетке келгенде кармалып калган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектелген адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө жүрүп жатат.

АЯЛДЫ САБАП, ЗОРДУКТАГАН
2-майда Кемин РИИБине ушул эле райондун 49 жаштагы С.Б. аттуу тургуну кайрылып, Эркин аттуу чала тааныш жигит күч колдонуп зордуктап койгондугун билдирген. Жабырлануучу каршылык көрсөтүү учурунда катуу сабалып, алган жарааттарынан улам аймактык ооруканага жаткырылган. Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын билдиришинче, бул кылмышка шектелип 35 жаштагы И.Э. аттуу жергиликтүү тургун кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

БИР НЕЧЕ ӨМҮРДҮ АЛГАН ЖОЛ КЫРСЫГЫ
4-майда таңкы саат 6лар чамасында Чүй районунда жол кырсыгы катталды. Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын билдиришинче, Бишкек-Торугарт унаа жолунун 52-чакырымында 37 жаштагы Амир аттуу Бишкек шаарынын тургуну башкарып келе жаткан Ниссан Сефиро үлгүсүндөгү автоунаа 51 жаштагы Токтонаалы аттуу Балыкчы шаарынын тургуну башкарып келе жаткан Мерседес үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышкан.
Жол кырсыгынын кесепетинен Сефиронун айдоочусу жана анын 34 жаштардагы Бакыт, Самат аттуу жүргүнчүлөрү алган жарааттарынан улам каза болуп, Мерседестин айдоочусу оор абалда аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда иликтөө жүрүп жатат.
Ошондой эле 3-май күнү кечки саат 8дер чамасында Жайыл районунун Бишкек-Ош унаа жолунун 190-чакырымында жол кырсыгы катталган. Талас облусунун 37 жаштагы тургуну Бактыбек башкарып келе жаткан Хонда СРВ автоунаасы каршы тилкеге чыгып кетип, Жалал-Абад облусунун 40 жаштагы тургуну Абдраим башкарып келе жаткан Скания үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа менен кагышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен Хонданын айдоочусу жана 3 жүргүнчүсү каза болгон. Иликтөө жүрүп жатат.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ayzatushka
2013-05-13 13:06:56
Кудай озу сактасын!
0
№ 549, 10-май-16-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан