КАБАКТЫ БАЙЫРЛАГАН ЫРЧЫЛАР

Күүгүм түшүп, күн уясына батарда шаардагы шарттуу түрдө кабак аталчу эс алуу жайларында элдин агымы көбөйөт. Алар жандуу музыка угуп жан куйкалаган чарчоону жокко чыгарыш үчүн дал ушундай жерлерди тандашат. Азыркы шоу-бизнестеги Арсен, Айбек Замирбек уулу, Аида Кулуева сыяктуу ырчылардын бир тобу дал ушундай жайдан талантын таптап эл алдына чыгышкан. Биз учурда ушундай эс алуу жайларында эмгектенген оригиналдуу үндүн ээлери жөнүндө кепти баштасак.

Кабак – 16-17-кылымдарда пайда болгон ичимдик ичүүчү жай. Башынан эле кабак чарчоону жазуу үчүн ыңгайлуу жай деп эсептелген. Кечке жуук элдин асыл катмары тамактанып, жандуу музыка угуп отурчу чакан үй болчу. Учурда кафе-ресторан, түнкү клубдарды кабак деп атап коюшат.

Жийдеш Идирисова:«ЖЫЛДЫЗ БОЛГУМ КЕЛБЕЙТ»

Туулган күнү, жылы 19-январь, 1985-жыл
Туулган жери – Нарын шаары
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 1 кыздын энеси
Билими – Орто

– Жийдеш, сиз «Эдем алмасы» деген тасмага саундтректи катыра ырдап, ошондон бери көрүнбөй калдыңыз...
– Чыгармачылыкка олуттуу карап, «Артек» деген топ менен иштеп келе жатканыма 5 жылдын жүзү болду. Мурун бир кафеде ырдап жүрчүмүн. Ошондо «Эдем алмасы» аттуу тасманын саундтрегин Нарис экөөбүз жаратканбыз. Бирок ошол бойдон ырчы катары чыгып кете албадым. Колумда жаш балам бар, өзүм кафеде ырдайм, жолдошум официант дегендей. Ал убакта ырдаш эмес, чайга кошкону шекер болсо сүйүнчүбүз.

– Жылдыз болгуңуз келеби?
– Чыгармачыл адам болгондон кийин талантыңды эл билсе дейсиң да. Менин да эмгегим акталып, жылдыз эмес, журтумдун калың катмарына сиңген ырчы болсом дейм. Буюрса, бардыгына жеткиликтүү, муундан-муунга өтчү ырларды жаратам. Азыр мени аз адам тааныса да, убакыт келип кыргызымдын аты чыккан ырчысы болом деп ишенем.

– «Азия Микс» командасы менен Москвага да барып келиптирсиз...
– Ооба, Эльдияр менен көп кечелерде жолугуп калчубуз. Анан ал мага «биз менен Москвага барып ырдап бер» дегенинен мекендештерибизди колдоп, КВНге катышып келдим.

Алмаз Адамалиев:«КАБАК – ҮНҮМДҮ ТАРБИЯЛООЧУ БЕКЕР МЕКТЕП»

Туулган күнү, жылы – 6-февраль, 1987-жыл
Туулган жери – Бишкек шаары
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Билими – Улуттук консерваториянын эстрадалык бөлүмүн бүтүргөн
2012-жылкы «Жаңы толкун» сынагынын жарым финалынын катышуучусу

– Алмаз, бир кезде «Сүйүү дастаны» аттуу ыр менен катуу чыгып, кайра көрүнбөй калдыңыз да...
– Туура, бир кездерде шоу-бизнеске аралашкам, бирок чыгармачылыгым тыныгууга учурады. Көп учурда каражат маселени чечип коёт экен да. Азыр деле ырчылык деп жашап, кафеде ырдаганыма 10 жыл болуп калды. Кабак – үнүмдү тарбиялоочу бекер мектеп.

– Анан чакыруулар болуп калабы тойлорго?
– Жандуу үн качан болбосун эң жогору бааланат, ошондуктан мындай жерде ырдаганыма өкүнбөйм. Эмгек акысы да ылайыктуу. Сахна ырчыларына күзүндө той сезону башталгандай эле, бизге да тойго сунуштар түшүп баштайт. Кыскасы, калың элдин астына чыкпаганыбыз эле болбосо, башкасы ырчылардыкындай эле. Болгону клип тартпайбыз.

– Бул жерде өмүр бою ырдай албайсыз да?
– Ооба, деги эле мен келечегимди сахнадан бир топ алыс элестетем. Саясатка ооп кетем го деген коркунуч бар (күлүп).

Салтанат Аширова:«АЙЛАСЫЗДАН ШОУ-БИЗНЕСКЕ АРАЛАШАМ»

Туулган күнү, жылы – 24-июнь, жашын сыр тутат
Туулган жери – Бишкек шаары
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 1 уулдун энеси
Билими – Улуттук консерваториянын эстрадалык бөлүмүн аяктаган
«Жаңы толкун» эл аралык сынагына 2 жолу аттанып, бири 24-мартка туш болсо, бири 7-апрелге туура келип, революциялардан улам барбай калган

– Салтанат, ырдаганыңызга канча болду?
– Жаштайымдан бери ырдап келем. Ырсыз жашоомду элестетүү кыйын. Бирок эч качан сахнага умтулбадым, мен үчүн азыркы кесибим да жетиштүү эле. Чыныгы музыканы сүйгөн адамга күндө ырдап турган чоң бакыттай сезилет.

– Мындай талантыңыз менен далай хиттерди жаратып, атактуу болуп кетишиңиз керек эле го...
– Бир убакта «Элес» тобу менен иштешип жүрдүм. Бир нече чогуу жаздырган ырларыбыз бар, бирок бул кызматташуу гана болчу.
Адам эмнеге ашыкса, ошого жетет да. Мен шоу-бизнеске аралашуу жөнүндө такыр ойлонгон эмесмин. Азыркы анын өкүлдөрү менен саламым түз. Айрымдары бирөөнү туурап, өздөрүн индивид катары жоготкондору өкүнүчтүү. Бирок канчалык каалабасаң да, баары келип шоу-бизнеске такалат, ошондон улам мен да бул тармакка тартылат окшойм...

Азамат Молдокулов:«ЧОҢ САХНАГА ЧЫККЫМ КЕЛЕТ»

Туулган күнү, жылы 12-июнь, 1988-жыл
Туулган жери – Талас облусунун Талды-Булак айылы
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Билими КМУнун эл аралык мамилелер бөлүмүн бүтүргөн
«Жаңы толкун» эл аралык сынагынын 2012-жылдагы жарым финалынын катышуучусу, 2010-жылдагы «Азияберүү» (Азиявидение) эл аралык сынагында «Эл сүймөнчүгү» наамын алган

– Азамат, эмне үчүн сахнаны эмес, кабакты тандадыңыз?
– Ар бир кесип ардактуу эмеспи, алган билимим боюнча эмес, талантыма карай жумуш тапканыма өкүнбөйм. Күн сайын жандуу үн менен ырдаган мага кайталангыс рахат тартуулайт. Бирок мен деле эл алдына ырчы катары таанылгым келет. Ошого болгон аракетимди жасап, азыр үнүмдү таптап жүрөм. Буюрса, ойлогон оюм ишке ашып, журтума Азамат аттуу ысым жаңырат деген үмүтүм бар. Кабакта ырдаган мага жагат. Бул тармакта эмгектенгениме 3 жарым жыл болуп калды. Азырынча зыянын тарта элекмин.

– Ырчылыктан тапкан акчаңыз өзүңүзгө жетеби?
– Азырынча жумуш акым өзүмө жетет, айына орто эсеп менен 300-400 доллар табам. Кийин үй-бүлөлүү болгондо акчадан кыйналбасам эле болгону. Ушул тапта мага акча эмес, ырдап такшалганым пайдалуураак болуп жатпайбы. Жаратканым берген талант мени ачка калтырбайт деп ойлойм. Ырчынын мукам үнү ар дайым бааланат да. Кыскасы, бул менин бешенеме жазылган тагдыр, ага мен нааразы эмесмин.

Амантай Бержибаев:«ЫРДАП ЖҮРҮП КАНТИП ҮЙЛӨНГӨНҮМДҮ БИЛБЕЙ КАЛДЫМ»

Туулган күнү, жылы – 31-май, 1986-жыл
Туулган жери – Бишкек шаары
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 1 кыз,
1 уулдун атасы
Билими – Орто
«Жаңы толкун» эл аралык сынагынын 2011, 2012-жылдардагы жарым финалынын катышуучусу

– Амантай, сиз эмне үчүн ырчылыкты тандагансыз?
– Ырчылык – жан дүйнөм тандаган кесип, ошондуктан мен эмес, ал мени тандаган. Буга чейин чоң сахнага чыгам деп бир топ аракет жасадым. Бирок каалоом анчейин күчтүү эмес окшойт, майын чыгара иштебедим.

– Анан кабакта иштеп калдыңызбы?
– Кабак – чыныгы таланттардын мектеби. Мен фонограмма дегенди жактырбаган кишимин. Ошондуктан азыркы кесибиме канааттанам. Элдин баары эс алууга чыкканда менин жумушум башталат. Иштейм деп жеке жашоомо да убакыт калбайт. Кээде «кантип эки перзенттүү болуп калдым, деги үйлөнгөнгө качан жетиштим?» деп таңданам (күлүп).
10 жылдан бери аркалаган кесибимди жамандабайм, бирок өтө мактай да албайм. Ырдап тапканым жашоомо жетет, ачка кала элекмин. Кантсе да сахна үчүн жаралган адаммын, мындан улам шоу-бизнеске сөзсүз аралашам.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кабакты байырлаган ырчылар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
kanu
2013-05-13 10:18:13
Жийде деген кызКарейлердин кыздарына окшош экен,бир карап корей кыз деп ойлоп атын окуп аран кыргызга окшоштурдум.
0
Aizat.kg
2013-05-13 16:58:20
КВНде 1-чейрек финалда Азия микс ком. ырдаган кыз ушул Жийде эже беле?
0
jaina
2013-05-13 17:41:59
Aizat.kg, ооба, Жийдеш Идирисова болчу. http://www.super.kg/media/uservideo/88147/
0
jaina
2013-05-13 17:44:13
Салтанат Ашированын үнүн да баалайм аябай http://www.super.kg/media/uservideo/83805/.
0
NADUW
2013-05-13 21:37:56
жийдеш эже азамат! имиджи башкача го.
0
altinim
2013-05-13 23:47:24
жийдеш жашоодо вопщем болокчо экен мен казашкаго деп ойлогом КВНде коруп
0
Merin
2013-05-14 10:19:44
altinim, нарындын кыргыз кызы в русской гимназии училась
0
Sezy
2013-05-14 07:58:54
Azia mix ten koryp jakshynakai kyz eken dep jaktyryp kalgam, korei kyzdaryna aiabai okshosh eken. Yigilik .
0
Discovery
2013-05-14 19:44:23
Жийдеш супер красивая девушка ;)
0
allan
2013-05-15 14:05:39
Нарындык кыз,Нарындык кыз экообуз тен жонокой айылдыкпыз!Аябай жакшынакай кыз экен..Ийгилик!!!
0
№ 549, 10-май-16-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан