«Аксыдан келе жатам» деп редакциябызга өзү менен кошо кызын, келинчегин ээрчите келген Кутман Султанов менен маектешүү аябай кызыктуу өттү.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү – 1984-жыл, 14-август
Кичи мекени – Ош облусу, Кара-Кулжа району, Алтын-Күрөк айылы
Үй-бүлөдө – 6 бир туугандын эң улуусу. Үй-бүлөлүү, бир уул, эки кыздын атасы
Репертуарында – 18 ыры бар. Чыгармачылыктагы багын ачкан ыры катары «Тамашалуу ыр» аттуу дуэтин эсептейт.
– Саламатсызбы, Кутман мырза, көрүнбөй кеттиңиз...
– Саламатсыздарбы, чыгармачылыктан, сахнадан алыстаган жокмун. Учурда «Ден соолук» аттуу ырымдын үстүндө иштеп жатам.
– Бажырайган ширин кызыңыз бар экен, үй-бүлөңүз туурасында айтып өтсөңүз?
– Бул кызымдын аты – Малика, 2 жашка толду, эң кичүүбүз. Аябай шок, Маша деп коёбуз. Дагы бир кызым бар. Уулум алтыга чыгып калды.
– «Кайын журтум аксылык» деп калдыңыз, алыстан келин алууга каршы чыккандар болгондур?
– Болгон. Мунаранын ата-энеси да каршы чыккан. «Ата-энем макул болбой жатат» деген сөзүн укканда кыйналып:
Жолубуз узак дебе,
Алтыным, сүйүп туруп.
Ата-энем бербейт дебе,
Сүйүүмдү билип туруп...- деген ырымды жазгам. Кудайдын буйругу экен, баш кошуп калдык.
– Таанышып калган күнүңүздөр да кызыктуу болсо керек?..
– ОшМУнун тарых факультетинде 3-курста окуп жүргөндө Мунара менен таанышып калдым. Ошол учурда ата-энеме айтпастан Мунарага жакын болуш үчүн жатаканага чыгып кеткем. Ачка калып, студенттин жашоосун ошондо көргөм. Курсак тойгузуш үчүн комузумду көтөрүп алып кыздардын бөлмөлөрүнө ырдамыш этип кирип, тамактанып чыкчумун. Мунара менен сүйлөшүп жүрүп мен 5-курста, ал 3-курста окуп жатканыбызда баш коштук.
– Элдик ырларды катыра ырдаган Кутман үй-бүлөдө кандай жар, кандай ата болду экен?
– Жасалмалуулукту жактырбаган, жөнөкөй жар, мээримдүү атамын. Сахнада деле, жашоодо деле бирдей болсом керек.
– Музыкага болгон кызыгуу үй-бүлөдө сизге ким тараптан өттү деп ойлойсуз?
– Үй-бүлөдө атам Тагайбек комуз чертип, ырдап калмай жайы бар. Ошондой эле мен туулуп-өскөн Кара-Кулжа жери – таланттардын кени дейт. Биздин айылда күү чертип, ыр ырдаган тууган-уруктар да көп. Негизинен, атаман өткөн талант десем болот.
– Эң алгачкы сахнага ташталган кадамдар кандай болгон?
– Эң алгач сахнага 2005-жылы ОшМУнун тарых факультетинде окуп жүргөндө факультеттер аралык «ОшМУ мырзасы-2005» кароо-сынагында чыккам. 12 мырза катышып, 1-орунга ээ болгом. Ошондо менин атаандаштарымдын катарында эстрада ырчысы Темир Назаров да бар эле. Ал «Таланттуу мырза» деген наамга татыктуу болгон.
– Эл алдында ырдап жатып ыңгайсыз абалда калган учурларыңыз болду беле?
– 2013-жылдын алдында Жалал-Абаддагы түрмөгө концерт коюп барганбыз. Алып баруучу мени сахнага чакырып, микрофонду сунуп жатып шнурун үзүп алган экен, мен аны байкабай ырдай бериптирмин. Көрүүчүлөр «делай, делай» деп кыйкырып, ышкырып жатса, «мени коштоп жатышкан турбайбы, кыйратып жатат экенмин да» деп ырдай бериптирмин. Көрсө, алар фонограмма ырдап жатканымды шылдыңдашкан экен. Акырында «рахмат» дейин десем үнүм жок. Уялганымдан «менден мурун ырдагандардын баары фонограмма ырдашты. Бирок мен таза үндө да ырдай алам» деп комузумду алып, чыныгы үн менен ырдап бергем.
– Эс алуунун кандай ыкмаларын колдоносуз?
– Мен үчүн эс алуунун эң жакшы түрү бул – уйку. Башкаларга окшоп тоого чыгып же кафе-ресторанга барып эс алам деп көптүрбөй эле чынын айтам.
Чарчап калам аябай, чыгармачылыктан башка бизнесим деле жок. Кээде тойлордо тамадалык кылам. Үй-бүлөмдү багып жаткан кирешелүү тармак ошол эле.
– Той-кечелерди алпарганда келинчегиңиз да жардам берери айтылып жүрөт...
– Ооба, мурун Айпери Кулбаева менен ырдаган «ооба, сизди сүйүп калыпмын. Көрүп алып эстен таныпмын» деген саптары бар «Тамашалуу ырды» азыр тойлордо келинчегим экөөбүз ырдап калабыз. Сейитказы Андабеков байбичеси менен ырдаган тамашалуу ырдын жаш жубайларга арналган вариантын иштеп чыктык, жакында элге тарай баштайт.
Элира Чынтемир кызы
osh@super.kg