11 ЖАШТАГЫ КЫЗ ТОККО ТАРТЫЛДЫ. ТРАНСФОРМАТОРДУН ЭШИГИ ДАЛЕ АЧЫК

«Кырсык каш-кабактын ортосунда» деген cөз калетсиз эмеспи. Жакында Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылынын кичинекей тургуну Айгерим аттуу 4-класстын окуучусу мектептин короосунда жайгашкан трансформатордогу токко урунуп, айыл тургундары араң сактап калган. Окуяны толук билүү үчүн Ат-Башыга сапар тарттык.

«БОРБОРГО БАРСА АЙЫГУУГА МҮМКҮНЧҮЛҮК БАР»
Алгач Айгеримдин абалын билүү үчүн ал дарыланып жаткан Ат-Башы райондук бириктирилген ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө баш бактык. Дале эсине келе элек. Токко урунган кыздын абалы жанында киши чыдап тура алгыс. Денесинин белинен жогору жагы бүт күйгөн. Айрым жерлери алакандай болуп тешилип, ириң чыга баштаптыр. Оор жөтөлүп, анда-санда көзүн ирмеп, кыймылдап жатты. «Кара күйүк тарткан денесинин табы учурда 37.8 градуска түшүп калды» дешти мээрман айымдар.

Айгерим дарыланып жаткан Ат-Башы райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы ТАШМИР КОЗУБЕКОВ төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Наристени «Тез жардам» кызматы алып келди. Ошол күнү, 28-апрелде менин нөөмөт кезегим эле. Келгенде абалы өтө оор болчу. Денесинин 60-70 пайызы күйгөн. Шок абалында эсин жоготуп койгон экен, биринчи медициналык жардам көрсөттүк. Алгач 2 бөйрөгү иштебей калган. Анан үзгүлтүксүз дарылап жатып, азыр заара чыгарып калды. Оозуна түтүкчө менен суюк тамактарды берип жатабыз. Денесиндеги күйүк катуу кыйнап жатат. Күйүк жерлер токсин бөлүп чыгарып, кайра эле ички органдарын көздөй уулуу заттар таркагандыктан, абалы жакшы эмес. 4-майда Бишкектен күйүк борборунан үч дарыгер келип, тиешелүү жабдуулар жок болгондуктан алып кете алышпады. Борбордо дарылоого мүмкүнчүлүк табылса, айыгып кетет деген үмүт бар.

 

«КЫЗ КАДИМКИДЕЙ ЖАЛБЫРТТАП КҮЙДҮ»
МАВЛЮДА НИЯЗБАЕВА, окуяга күбө болуп, Айгеримди сактап калганга жетишкен.
– Мен мектепке жакын жашайм. Үй жумуштарын кылып короодо жүргөм. Бир убакта иним чуркап кирип «трансформаторго кичинекей кыз токко тартынып калды» деп айтты. Чуркап чыксам, жарылган сыяктуу «дүң» деп үн чыкты. Мектептин короосуна кирип барып, көмөк чордондун ачык турган эшигинен карасам, кыз рубильниктер (электр тогун токтотуу, үзүү үчүн жасалган жылдырма калакчалар) бар чоң каалганын ичиндеги токко жабышып күйүп жатыптыр. Эл тез эле топтоло калды. Кыздын бир жак капталы күйүп, башы, чачы кадимкидей эле жалындап күйө баштады. Тыбырчылап, туйлап кыйналып жатканынан куткарайын деп колумду сунсам, мени да ток тартты. Анан «колуңду бер, сени куткарайын» десем, «сизди да ток урат, кармабаңыз» деп ыйлап жатпайбы. Эптеп куткарыштын жолун издеп, эсиме тырмоо келди. «Тырмоо алып келгиле» деп кыйкырсам эле, балдардын бири барып көтөрүп келе калды. Ага чейин Айгерим жалындап күйө берди. Бир маалда бүк түшүп отура калып чыңырып жатканда тизесинин бүгүлгөн жерине тырмоонун сабын салып тартып алдым.
Денесине жабышып күйүп жаткан кийимин сыйрып ыргыттык. Чечинтип жерге жаткырдык да, «Тез жардам» чакырттык. Жарым саатка жетпей алар да келди, ага чейин биз кызды жуурканга ороп койгон элек. «Тез жардамды» көргөндө эле аны көздөй кызды көтөрүп чуркап жөнөдүм. Ооруканага чейин кошо барып, ары киргизишкен жок. Кыз «ата!» деп бир катуу кыйкырган, андан кийин эсин жоготуп, ошол бойдон эсине келген жок.
Көргөндөрдүн айтымында, ошол көмөк чордондун көлөкөсүндө үч кыз ойноп жатышкан экен. Балалык кылып ичине кирип ойношсо керек, атайын ачып киргенге алдары келмек эмес. Анын эшиктери дайым эле ачык турат. Өзүң көргөндөй, кулпу эмес, кулпу салганга чагарак жок. Өткөндө так ушул жерден менин беш улагым токко тартылып өлгөн эле, эми бул кызды ток урду.

ТРАНСФОРМАТОРДУ КЫРСЫКТАН СОҢ КУЛПУЛАШТЫ
Ооруканадан чыгып, көмөк чордон жайгашкан жерге бардык. Мектептин короосундагы кыштан тургузулган көмөк чордондун ичинде трансформатордон үчөө бар экен. Көмөк чордондун үч эшигинин бирине кулпу салынып, сыртынан ороп коюшуптур. Аны да кырсык болгон соң кулпулап бекитишти дейт. Экинчиси болсо темир тосмо менен эшиктин жарымына чейин тосулуп, жип менен байланган. Ал эми үчүнчүсүнүн эшиги дале ачык, ичинде кулпу же чагарагы жок, эшиги ачык трансформатор турат.
Гүлмира Ниязова аттуу Ат-Башынын тургунунун айтымында, мындай ачык калган көмөк чордондор аталган Ак-Жар айылында көп. «Балдардын кайда ойноп жүрүшкөнүн дайым эле көзөмөлдөй албайбыз да. Жамгыр жаагандан кийин малдар токко урунган мындай кырсыктар көп катталат. Бир ай мурун менин уюм да башка бир трансформатордун жанынан өтүп сүйкөнсө керек, токко тартылып өлүп калган»,- дейт.

КОМИССИЯНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН КҮТҮШҮҮДӨ
Мындан улам «көмөк чордондор кандай абалда болушу керек, аны ким көзөмөлдөйт?» деген суроолорго жооп издеп, Ат-Башы райондук РЭСинин башчысы Азим Аалиевге кайрылдык. Ал «учурда бул факт боюнча комиссия түзүлүп, иликтөө жүрүп жатат. Комиссиянын чечими чыгып келмейинче эч кандай жооп бере албайм» дейт.
Андан соң бул ишти карап жаткан Ат-Башы РИИБинин тергөөчүсү АЛМАГҮЛ КАЛИЕВАдан окуя тууралуу жооп уктук:
– 28-апрель күнү саат 17:30дар чамасында жабык имараттагы көмөк чордонго 2002-жылы туулган Айгерим Дүйшөмбиева аттуу мектеп окуучусу токко тартылып, ооруканага жеткирилген. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып көрүшкөндө көмөк чордондун эшиктери жана ичиндеги трансформатордун ооздору да ачык болгон. Бул боюнча атайын адистерден турган комиссия түзүлүп, иш алып барууда. Ал эми жабыркаган кыз боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Жыйынтыгы чыккандан кийин ошого жараша иш жүргүзөбүз.

«АЙГЕРИМ УЧУРДА ЖАРДАМГА МУКТАЖ»
Кичинесинен багып чоңойткон таякеси МУРАТ ДҮЙШӨМБИЕВ төмөнкүлөрдү билдирди:
– Айгеримдин атасы менен апасы кыздар кичине кезинде эле ажырашып кетишкен, кийин апасы каза болуп калган. Атасын тааныбайт дагы. Айгерим эжеси экөө апамдын колунда чоңоюшту. Апам биринчи топтогу майып, эки көзү көрбөйт. Окуя болгон күнү мен Бишкекте болчумун. Мага телефон чалып билдиришти. «Дары-дармек ала кел» дешкенинен таба алгандарымды алып келсем, ооруканада экен. Абалы оор. Бишкектен келген дарыгерлер «кычкылтек жетишсиз» деп коюп кетип калышты. «Менчик ооруканалар бар, аларда оорулууну алып кеткенге толук жабдуулар болот, бизде андай жок» дешти. Учурда тиешелүү жерлерге кайрылып жардам сурап жатабыз. Айгерим эки күн мурун эсине келип, «ата, мени алып кетиңизчи» деп сүйлөгөн. Мени «ата» деп чоңойгон да.
Боорум ооруп, жооткоткон сөздөрдү айткыча эле кайра эсин жоготуп койду.

Учурда окуя боюнча комиссия түзүлүп, иликтөө иштери жүрүп жаткан чагы. Ал эми айыл тургундары жана Айгеримдин туугандары Ат-Башы райондук РЭСин күнөөлөп жатышат. Негизи эле мындай трансформаторлор кулпуланбай ачык турганын кай жерге барба көрүүгө болот. Малга го мейли, адам өмүрү баарынан кымбат, кыйбас экенин тиешелүү тармак түшүнсө кана?! Тиешелүү чечимдер чыккан соң бул ишке дагы кайрылмакчыбыз.
Ал эми сиз, окурман, көчөт кыздын тагдырына кайдигер карабайм, көмөк берем десеңиз, таякеси Сүйүндүктүн телефон номери: 0773 747674

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (42)
Emilia.kg
2013-05-14 11:20:40
Ой биздин башчылар жегенге жараша ушул жакты да карап койо жакшы болмок да, оздорунун балдары урунса анан корот элем да,кантип чуркашаарын,наалат силерге((((((((((((
0
sgk_85
2013-05-14 11:44:00
Мындай боодо кырсыктан кудай сактасын, сак айыгып кетишин каалайм,омуру узун болсун!
0
admin_media
2013-05-14 11:54:40
Токко тартылган Айгеримге жардам бергиси келген окурмандар төмөндөгү шилтеме аркылуу кирип, байланышсаңыздар болот.
http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=64483
0
33SUUN
2013-05-14 15:04:13
РЭСтин жумушчуларын айыпка тартуу керек.Башчысын иштен алыш керек,трансформатор деген адам омуруно ото коркунучтуу,олумго дуушар кылуучу нерсе экенин билбейби?Кудайым озу сактаптыр наристени.Батыраак айыгып кетсин. Мал токко урунганда деле РЭСтин бир да жумушчусу мээсин иштетип тосмолоп койбоптурда.Жазалаш керек ошолорду.
+1
allan
2013-05-14 15:31:13
33SUUN, Кайдаан.башчысын иштен алып,РЭСти жазалаш чиновниктердин колунан келбейт.Светтин акчасын доолашса тим эле аркандан сая тушуп алышат.60сомго кулпу алып салып койушса жакшы болмок.Ушул эле окуяны кутуп отурушкан да.эми точно кулпу салышат!
0
aiza11.3
2013-05-14 17:34:43
Кудай сактасын!Айгеримге чын ден соолук жаркын келечек каалагандан башка соз келбей атат мага мен окуп алып шок болдум.почему взрослые такие черствые
0
admin_media
2013-05-15 09:42:25
Chika78,
Саламатсызбы! Сиздин билдирүүңүз толук жазылбай же сакталбай калган болушу мүмкүн. Өчүрүлгөн эмес.
0
admin_media
2013-05-15 09:45:03
Токко тартылган Айгеримге жардам бергиси келген окурмандар төмөндөгү шилтеме аркылуу кирип, байланышсаңыздар болот.

http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=64483
0
Гүлжан Асанкожоева
2013-05-15 15:23:29
Форумчулар, баарыныздарга рахмат!!! Бул менин инсандык ыраазычылыгым. Суперстандагы ойлорунуздарды да окуп, журогум жылыды. Айгеримди көрүп келген соң мен дагы 2 күн шокто жүрдүм. Буйурса жакшы болуп кетет деген ишеничтемин, ИншАллах!
0
Chika78
2013-05-15 20:29:30
Кызга бекем ден соолук, омуру узун,келечеги кен болсун.Кудайым апасынын калган омурун ушул кызга буюрсун! Мен мурдагы билдируумдо; " кантип борборго алып келгенге болбосун, МЧСтин вертолетунда болсо да, бул да кырсык го" деген оюмду жазган элем.
0
Kg.lady
2013-05-15 21:26:50
Кытайдын ширенкедей болгон кулпусуна акча жетпей жатабы,эмне?Эми ушул жакшыбы,бешиктен бели чыгалек баланын омуру соолуп жатат!!!:'(
0
jasmin81
2013-05-16 20:53:54
Секетинкетейн айгерим ылайм жакшы болуп кал окуп жаман журогум ооруду менда ойсанаада калдым озум алыста журом иштеп балдарым айылда кудайым озу сактасын.
0
jasmin81
2013-05-16 21:01:23
Рестин началнигин сотко бериш керек сабаты жок элебироо пара менен началник болуп отуруп алганда ал озу пилус минусту да билбесе керек ошондойлорду карашпайта бироо эле акчасын толобосо зымын узгонго жугурот.
0
GULLIKIZ
2013-05-17 19:59:11
ооба жакшы болуп кетсин!! кудайдан суранып туралы. А биз болсо келгиле жардам берели акция откоролу, кайдыгер карабайлык уйбулолук ахыбалы да оорураак экен. достор замандаштар http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=64483 ушул аркылуу кирип кайдыгер карабаган жаштар бар болсо байланышалы колдон келген жардамымызды аябайлык.
0
TolonturCN
2013-05-18 14:10:55
ушундай шалакылык качан токтойт, элдин камын көрүш керек да мамлекет кызматкерлери.
0
nazgul.83
2013-05-18 22:18:07
Менин да иним токко тартылып каза болгон ошол убактагы трансформатыр азыр деле ачык эн окунучтуусу айыл окмотунун иштебегендиги тосуп койсо болот да ошол жерди баарын жазалаш керек
0
№ 549, 10-май-16-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан