(Башы өткөн сандарда)
Чыгармачыл топ касиеттүү Талас өрөөнүндө концерт коюп жүрүшөт. Кыз ары басса деле, бери басса деле баягы гитарада ырдаган арыкчырай жигит жандап жүрүп алды. Бир чети буга Асмандын ачуусу келди, бир чети эски сүйүү дартын унутуш үчүн аны менен баарлашканга кайыл эле. Жигит шоктук кылбайт, аша чаап тамашалап же дароо эле сүйдүм-күйдүм дебеди. Сөз таап сүйлөгөн, оор басырыктуу жигит болгондуктан, Асманга ал мүнөзү жагып турду. Башка балдардай болуп ырсалаңдап тийишпеди деле, жөн гана түшүнүктүү тил менен сүйлөп, Асман орусча сүйлөсө кыргызча жооп берип коёт. Жалаң жаш ырчылар келгендиктен, анын үстүнө анча-мынчалары ушул аймактын кулундары болгондуктан, эл жакшы кабыл алды. Кыйкырык-сүрөөн менен концерт коштолуп, Таласта 5 күн жүрүштү, кыдырып. Кетер күнү Нургуля Асманга карап:
– Мирзат менен сүйлөшүп баштадыңбы?
– Ким? Менби, жөн турчу, ай.
– Жашырба, элдин баары эле силерге билинбегени менен айтып жатышат, элдин көзү силерде.
– Эмне деп айтып жатышат?
– Эки жүрөк табышты деп.
– Ха-ха...
Нургуля калп коштоп каткырды. Деген менен ал кыз да ичтен Мирзатты жактырып жүргөн. Мирзат жакшы сүйлөп, СМС жазып, кээ бир майрамдарда куттуктап койгону болбосо,
сахналашы катары гана көрөт Нургуляны. А Нургуля анын баарын түз мааниде өзүнө кабыл ала берген экен, Таластагы гастролунда жигиттин көңүлү башкага түшкөнүн көрүп, көөдөнү ооруп калды ичинен. Бирок муну курбусуна кантип айтмак эле? Ортодогу
тыныгуудан кийин Нургуля сөзүн улады.
– Эки жумадан соң кино тартууга киришет турбайбызбы, чындап катышасыңбы?
– Албетте!
«Тартылбай эле койсоң болмок. Сага бышырып коюптурбу» дегиси келип кетти ичи бышкан Нургулянын. Бирок сыртка чыгарбады.
Бирине экинчиси окшобогон күндөр өтүүдө. Министр Ардак Рахимович чакыртыптыр, болгондо да Исманды жөнөтүптүр. Балким, Исман атайылап келгендир. Үн катпай машинага
отурду да, колуна телефонун алып, максатсыз чукулап баратат. Исман не демек, «кандай?» дегенден башка сөз айтпады. Анткен менен мындай кырдаалдан экөө тең чыга албай
турушат, эмне дешет, кандай жооп болуп кетет деп кооптонуу бар, коркуу бар экөөндө тең. Жымжырттыкты Асмандын телефонуна келген СМС бузду. Кыз көзү бакырайып,
сүйүнүчкө толуп кеткенин күзгүдөн карап байкап койду жигит. Мирзаттан экен. «Бүгүнкү күнүң куунак өтсүн, шайыр кыз!» Башка убак болсо жооп бермек эмес. Машинанын ичинде аба жок болуп тумчугуп кете жаздап отурганда ырас болду. «Рахмат!» деп кыска гана жооп берип койду эле, кайра жооп келди «эч нерсе эмес, менин күнүм кантип сенсиз өтүп жүргөн билбейм!» деген.
Кыз жылмайып, кайра жооп жаза баштады. «Ушинтип эле...» деп. Айтор, СМС жазышып отуруп министрликке жетип келишти, кабинетинде демейдегидей чалкалап отурган экен.
– Кел, карындашым, эмне ичесиң?
– Рахмат, келдим! Жок, рахмат, эч нерсе.
– Кой, анткен болбойт, кофеби?
– Ммм...
Асман дагы эмнени баштап жиберер экен деп чочулап турган.
– Азаматсың, сенде таланттан да өжөрлүк, ийкемдүүлүк күчтүү көрүнөт. Маданият тармагында такшалып баратасың!
– Рахмат, сиздей агалардын жардамы аркылуу талантымды элиме тааныта баштадым.
– Менден жардам керек болсо тартынба, менден коркпо, келгениң үчүн рахмат,- деди.
Болду, айтканы ушул сөз экен. Асман сыртка чыгып жеңил дем алды, «демек, мени коё берди, эркин кушмун» деп кыйкыргысы келди. Ушул убакта дагы СМС келди, эми Асман
сөздү таап туруп билдирүү жөнөтүп ийди. «Мен кубанычтамын, билбейм, өзүнчө бүгүн башкачамын» деп, Мирзатка. Эмнегедир дароо жооп келбеди жигиттен. Чалбады дагы, «сен
да башкалардан айырмаң жок маймыл экенсиң» деп ичтен ызырына түштү. Бекер эле санаага баткан экен, түнкү саат 12ни какканда телефон чырылдады. Алса жигиттин коңур үнү
«туулган күнүң менен, туулган күнүң мене-е-ен! АСМАН!» Кыз күлүп жиберди, чындап эртең туулган күнү да,бир жума мурун даярданып баштачу эле, быйыл окууга кирем деп, бир жактан гастролго көп чыгып жатып чама-чаркы келбей калыптыр.
– Рахмат, сен экинчи болдуң!
– Эмнеге мен биринчи эмес?
– Мени жарык дүйнөгө алып келген апам эч качан унутпайт, бүгүн эртең менен эле чалып баштаган, «эртеңки туулган күнүң менен!» деп, ошо.
– Эртеңкиге кандай план бар?
– Ммм, билбейм, гезитте иштеген досум бар, ал «уюштур, сүрөт баян кылабыз» деди эле.
– Жакшы экен, чакырылчу коноктордун катарында бармынбы, ошону билейин дегем?
– Албетте! Өзүбүздүн баягы эле компания да.
Эртеси толкунданып турду кыз. Борбордогу бир кафеге барып алдын ала акча таштап, кечки саат 7ге 10 кишилик орун ээлеп кетти. Куттуктоолор келип, айрым достору, эже жездеси артынан сая түшүп отуруп белектерин бергенге үлгүрүштү. Бир убакта Нургуля чалды.
– Туулган күнүң менен, Асуля! Бактылуу бол, көп жаша!
– Рахмат! Келесиң да, ээ, бүгүн?
– Ооба, биздикилер эртеден бери чалып жатышат, барабызбы деп.
– Барбай турган оюңар барбы, ии, силердиби?!
– Мен жалгыз барбайм, аяшың кошо барам деп жатат, кызганчаак да.
– Ого, келе бергиле мейли.
Бүгүн Асман 22 жашка толуп отурат. Муну менен теңдердин айрымдары 2ден балалуу болуп калышса, айрымдары окуп, иштеп жүрүшөт. Ал эми Асман аларга караганда тыңчыкты, 22 жашка келип башынан бар-жокту, өйдө-ылдыйды өткөрдү. Шоу-бизнеске да аралашып, апасы экөө базарда бизнесин да жүргүзгөнгө жетишти. Кыпкызыл кийинип, салонго
барбай эле өзү боёнуп, апасын ээрчитип кафеге келди. Стилист досу бар эле, ал да сүйлөшкөн кызы менен келип күтүп туруптур. Дагы киного чогуу тартылабыз деген сахналаш достору да бирин-серин келе башташты. Бир убакта кызыл кофта, кыска юбка кийип Нургуля келди,
спорттук кийимчен жигитти ээрчитип.
– Ой, бүгүн баарыбыз кызылбыз го, куттуктайм, бактылуу бол, Асуля!
– Рахмат, сен да. Бул жак болочок аяш болобу, э?
– И, таанышып алгыла.
Жигит жайдары мүнөз экен, отургандар менен бат эле тил табышып кетти. Улам бири кечигип келип, куттуктоодо. Кыскасы, туулган күн кызыгына келгенде колуна кыпкызыл розаларды көтөрүп Мирзат кирип келди. Асман чынында муну күтпөгөн эле, күлүмсүрөп туруп берди.
–Туулган күнүң менен, Асман!
– Рахмат...
Жаштардын арасында апасы өзүн ыңгайсыз сезип кетти көрүнөт, «силер көңүл ачып отура бергиле, мен барайын» деп уруксат алып жөнөдү. Мына эми кызык башталды, ыр-бий, түркүн жер-жемиш, дүйүм тамак, айтор, шаңдуу компания. Көпчүлүгү ырчылар болгондуктан, микрофон талашып ырдап бүтпөй эле коюшту. Бир убакта жеңил бий башталып, Нургуля жигити экөө бийге чыгышты, калгандары карап отурмак беле, эки-экиден чыга башташты. Сылык-сыпаа келген ырчы жигит Асманды бийге чакырды. Жай музыка ыргагында Мирзат менен Асман термеле бийлөөдө. «Сен бүгүн өзгөчөсүң, өзгөчөм» деди бир убакта кулагына шыбырай Мирзат. Асман укмаксанга салды эле, кайра кайталады, «өзгөчөм менин!» Кыз жүрөгү дүкүлдөп кетти, адам көңүлү өтө жумшак болот окшобойбу, айрыкча бат ишенчү Асмандын көңүлү көтөрүлө түштү. Жигит кызды кучагынан чыгаргысы келбей бийлөөдө. Бир убакта оюн башталды. «Баарын ачык айтыш керек» деп улам бири-бирине ыңгайсыз суроолорду берип, жооп бергенге шаштырышат. «Алдаба, туура айт» дешип. Нургулянын жигитине бир кыз «кесибиң өзүңө жагабы?» деп суроо берди эле, жигит «мен «Дордойдо» иштейм, базарда отурам, мунун уяты жок. Кесибим эколог, бирок бүтө элекмин» деп жооп берди. Эми кезек Мирзатка келди. Мирзат көпкө ойлонуп туруп «мендик болчу» деп жигит суранса, макул болор белең?» деп Асманга карай башын бурду...
(Уландысы кийинки санда)
Жаңыл Калыкова