КЫРГЫЗ СУПЕРМЕНДЕРИ

Кыргыз эли – илгертен кайрымдуу, башына кыйынчылык түшкөн адамга ар дайым колун сунуп келген калк. Тилекке каршы, улутубуздун так ушул жакшы сапаты барган сайын жоголуп бараткандай. Себеби азыр көчөдө өлгөнү жаткан мекендешин көрсө да карабай өтүп кеткендер көп. А балким, көчөдө көбөйгөн селсаяктар менен мастар кайдигерликтин көбөйүүсүнө түрткү болуп жүрбөсүн? Бирок өз оокатын ойлоп, өз көмөчүнө күл тартмай заманда өмүрүн тобокелге салып, тааныбаган эле бирөөгө жардам берген азаматтардан да уучубуз кур эмес экени кубандырат.

«БАЛА ЖАШАЙТ ЭКЕН ДЕП СҮЙҮНҮП КАЛДЫМ»
ЖУНУСБЕК ЖОРОЕВ 2013-жылдын 26-январь күнү өз өмүрүн тобокелге салып, сууга чөгүп бара жаткан 2 жаштагы Абдулла Исмаиловду куткарып калган. Бул эрдиги үчүн ал үстүбүздөгү жылдын 21-февраль күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан «Сууга чөккөндөрдү куткаргандыгы үчүн» медалы менен сыйланган. Каарманыбыз эрдигин төмөнкүдөй баяндайт:
– Ошол күнү Чоң Чүй каналын бойлоп жумуштан келе жаткам. Аңгыча бир аял «сууга кичинекей бала кулап кетти» деп кыйкырып калды. Карасам, аралыгы 20 метрдей экен. Шаштым кете түштү. Жүгүрүп барсам, бала көрүнбөйт. Суунун үстүнөн велосипедин көрүп калдым. Ошол тушка секирдим. Кирип барсам, бала суунун алдында экен, жээкке алып чыктым. Дем ала албайт. Суудан чыкканда апасы чуркап келди. Карматсам, ал да өзүн жоготуп койду. Кайра баланы колума ала коюп, тиземе жаткырып жасалма дем алдырып, көкүрөк тушун укаласам оозунан кан аралашкан суу чыгып, бала ыйлап жиберди. Ыйлагандан кийин өзүм дагы жашайт экен деп кадимкидей сүйүнүп калдым. Бир аздан соң апасы эсине келип, мага ыраазычылыгын айтып,
номеримди жазып калган. Ал ӨКМга чалыптыр, минтип сыйлык беришти.

«КЫРГЫЗ САТЫЛАТ» ДЕГЕН СӨЗГӨ НАМЫСТАНДЫМ"
Мамлекеттен эч кандай сыйлык күтпөй, өзүн «жылаңач баатыр» эсептеген Байышбек Кыйшыковдун да жүрөк жылытарлык иштери бар. Себеби ал чет өлкөдө кор болгон мекендештерибизге дайыма кол сунуп келет:
– Кудам Казакстанда жүрүп бир үйдүн дарбазасында «Кыргыз сатылат» деп жазылып турганын көрүптүр. Мындан тышкары дагы бир айылдашымды казактар 2007-жылы кул кылып алып, араң качып кутулган эле. Ал мага «Казакстанда 100дөй паспорту жок киши тоонун арасында тамеки тизип кул болуп жүрөт» деп айтты. Ушуларды угуп намыстандым. Өзүм куруучу болуп иштесем да, эмгек акымды алып Казакстанга кул болуп сатылып кеткен мекендештеримди издей баштадым. Алгач Токмокко жакын жердеги Казакстандын Кара-Кемер, Отар, Масанчи деген айылдарында эмгек биржасында иштемиш болуп, ал жактагы кул болуп, акчасын ала албай жүргөндөрдү байкаштырып көрдүм. Ошентип жүрүп Отардан Таалайбек деген жигитти, Кара-Кемерден Бакыт деген баланы, Масанчиден Светлана деген аялды кулчулуктан бошоттум. Буларды чек арада иштегендерге, казак кожоюндарына акча берип чыгардым. Бакыт деген баланы издеп жүргөндө өзүм бир жума ачка жүрдүм.
Дагы көп кыргызды издеп, табылбай да калгандар болду. Мени казактар өлтүрөбүз деп коркутушкан. Ага карабай дагы көптөгөн документи жок мекенине кайта албай жүргөн, акчасы жок кыйналган мекендештериме жардам берип келдим. Акчам ашып-ташпаса да, бул иштерди соопчулук үчүн кылам. Кыргыздар кыйналса да, ачка болсо да мекенинде жүрсүн деп аларды алып келдим. Азыр
мен бошотуп келген адамдардын туугандары, өздөрү мага телефон чалып, ыраазычылыгын айтып турушат.

Эрдик көрсөткөн атуулдардын көпчүлүгү мамлекет тарабынан сыйлыктарга ээ болушкан. Бул наамдардын эң жогоркусу – "Эрдик" медалы.

«ЭРДИК» МЕДАЛЫ – БААТЫРЛАР ҮЧҮН
«Эрдик» медалы 1996-жылдын 16-апрелинде «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик наамдарды түзүү тууралуу» мыйзамынын негизинде киргизилген. Бул медаль менен адамдарды куткаруу үчүн өз өмүрүн тобокелге салган кадамга, эрдикке барган жарандар сыйланат. Коомдук тартипти көзөмөлдөөдө, кылмыштуулук менен күрөшүүдө, өрт, сел сыяктуу табият кырсыктары жана башка өзгөчө кырдаалдарда, мындан тышкары аскердик, атуулдук кызматы учурунда өмүрүн тобокелге салып каармандык кадамга барган жана каза тапкан адамдарга «Эрдик» медалы тапшырылат. Ушул күнгө чейин 400дөн ашуун адам «Эрдик» медалына татыктуу болгон.

ЭРДИГИ ЭЛ ЭСИНДЕ

  • Алгачкы жолу «Эрдик» медалы менен 1997-жылы өрт өчүрүүчүлөр Зарылбек Алжанов менен Дамирлан Мамбеталиев көрсөткөн эрдиктери үчүн сыйланышкан.
  • Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Сары-Булак айылынын тургуну Абдилат Аманбаев өз өмүрүн тобокелге салып сууга чөгүп бараткан баланы куткаргандыгы үчүн «Эрдик» медалын тагынган.
  • Апрель революциясында кызматтык милдетин аткаргандыгы жана октон жалтанбай элди куткаруудагы каармандыгы үчүн «Тез жардам» кызматкери, дарыгер Гүлнара Ташибекова да «Эрдик» медалын алган.
  • 1999-2000-жылдары Баткен окуясында көрсөткөн баатырдыгы үчүн 194 адам «Эрдик» медалына ээ болгон.
  • «Эрдик» медалынын дагы бир кавалери Чүй облусунун Панфилов айылынын тургуну, пенсионер Сулкабира Исакматова. Ал 2009-жылы 22-декабрда Панфилов айылында болгон жол кырсыктан улам күйүп жаткан жеңил унаанын ичинен 5 кишини сыртка сүйрөп чыккан. Анын ичинен үчөө аман калган.
  • Кышында көпүрөдөн сууга кулап кеткен унаанын ичинен 9 адамды алып чыккан МАИ кызматкерлери Руслан Сидоренко жана Таалайбек Койлубаевге да «Эрдик» медалы ыйгарылган.
  • Дагы бир «Эрдик» медалынын ээси болгон баатырыбыз каскадёр Нурбек Болотов кино тартуу иштери менен жүрүп Нарын дарыясына кичи автобус кулап түшкөнүн көрүп калат. Ошол замат белине жип байлап сууга секирген каарманыбыз 1 жарым сааттын ичинде 24 жүргүнчүнү суудан алып чыккан.
    Аман калгандардын эң кенжеси 3 жашта болгон.
  • Каза болгондон кийин «Эрдик» медалы менен сыйлангандар да бар. Алар: 2004-жылы 5-майда өзүнүн автоунаасында атылган милициянын полковниги Чыныбек Алиев жана 2002-жылдын 8-июлунда карьерге кулап кетип каза тапкан «Кумтөр» компаниясынын тоо адисинин жардамчысы Алмаз Жакишов. Экөө тең кызматтык милдетин аткаруудагы баатырдыгы үчүн медалга татышкан.

Албетте, жогорудагы мекендештерибиздин кылган иштерине жүрөгүң жылыйт. Арабызда ушундай атуулдар көп болсо экен. Бар болгула, кыргыз баатырлары!

«Супердин» сурак бурчу
ӨЗ ӨМҮРҮҢҮЗДҮ ТОБОКЕЛГЕ САЛЫП БИРӨӨНҮ КУТКАРАТ БЕЛЕҢИЗ?

Айзада Бегалиева, сатуучу:
– Ооба, куткарып калмакмын. Себеби адамдарга жардам бергим келет. Адамдар бири-бирибизди кыйынчылыктардан куткарышыбыз керек. Азыр көчөдө киши жатса карабай өтүп кете беришет. Ал адамгерчиликке жатпайт.

Салибай Бакиев, куруучу:
– Буга чейин андай окуяларга дуушар болгон эмесмин. Бирөөнү куткарып өз өмүрүмдү тобокелге салат белем же жокпу аны айтыш кыйын. Эгер ошондой окуяга кабылсам, шартка ылайык ойлонуп көрмөкмүн. Себеби ар бир адамдын жаны таттуу болот да.

Чолпон Исраилова, студент:
– Мен өзүмдүн өмүрүмдү тобокелге салат болчумун. Себеби адам коркунучта турса, аны аман сактап калууга аракет жасаш керек. Кырсык деген ар бир адамдын башына түшүшү мүмкүн. Бир адамды кандай куткарсаң, керек учурда сени да бирөө куткарып калат.

Келдибек Аманкулов, куруучу:
– Жаш кезимде ошондой окуя болгон. Коңшумдун баласы досу менен сууга агып кеткенде куткарып калгам. Балдардын ата-энеси аябай ыраазы болушкан. Андай кокустук көз алдыңда болуп жатса куткарганга аракет кылат экенсиң.

Жыпаркүл Атыкулова, пенсионер:
– Эгер адамга жардам керек болсо, аны куткарып калууга даярмын. Өзүмдүн тубаса мүнөзүм ушундай, бирөөгө жакшылык кылып сооп тапкым келет. Жадакалса көчөдө баратканда балдар урушуп жатканын көрүп калсам арачага түшө калам.

Нурадил Жуманалиев, сатуучу:
– Ошондой абалга туш келгенде бир секунданын ичинде чечим кабыл алып, аны иш жүзүнө ашыруу керек. Бирок ал учурда кандай чечим чыгарасың, аны алдын ала айтуу кыйын. Кээде өмүрүңдү тобокелге салып, башканы кантип сактап калганыңды билбей калган учурлар болот.

Нуртаза Темирбеков, «тамашоучу»:
– Чыңгыз Айтматов «адам үчүн эң кыйын күн сайын адам болуу» деп айткан. Албетте, бир кокустук болсо инсандык парзымды өтөп, кыйналып жаткан адамга жардам берүүгө даярмын. Негизи эле адамдарга жардам берген бул сооп иш.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
fanatka19
2013-05-13 15:19:27
Нарында тоо тарапта чон канал бар.биздин уй ошо каналдын жеегинде эле.бир куну копуродо отурсам коз алдымда,уч,торт жашар бала каналга кулап кетти.копко турбай эле аркасынан секирдим.канал тез акканына байланыштуу балага жетиш кыйын болду.эми жетейин дегенде толкундан улам бала арылайт.ошентип 20,30 метрдей сузуп аран дегенде кармап алып чыктым.кокурогун баскылап,бутунан кармап ойдо которо калсам баланын оозунан суу атып чыкты.аны жееке жаткырып койуп майда балдардан апасы ким экенин сураштырып
+2
fanatka19
2013-05-13 15:26:25
бала жибердим.апасы бат эле келди,келип эле (рахмат деген да жок)баласын мен туртуп ийгенсип гекетип,мокотуп алып кетти баласын.кийин ошол аял м.н анда санда корушуп калып аттым.саламга да келбейт.ушундай адамдар да баар.
+2
altinim
2013-05-13 21:11:30
fanatka19, сага данк жан эрдик медал
+2
Nura.1012
2013-05-14 01:47:50
fanatka19, Сендей азаматтар кыргызымда кобое берсин мейли ал адамдан кайтпаса да башкасынан кайтат Азамат!!!
+2
Rostov-on-Don
2013-05-15 02:07:53
fanatka19, Азаматсын "Эрдик" медал сага тагылсын.Сен кыз болуп аны суудан куткарып чыксан дагы "Данк"!
+1
AFRODITA-89
2013-05-17 00:42:51
fanatka19, Алла раазы болсун сенин кылган эрдигине ал адамдар билбесе Аллах баарын коруп турат сага да бир кун ошондой жардам келет.
0
akrosa
2013-05-14 08:14:27
казактардан откон адамдар жок
мен бирге иштешип журом мен бетине деле айтам
силер катындардан беш бетер алар
казашкалар ошол учун казак балдарын жаман корушот

мен кичинекей кезимде менин апамды казак балдар соккон менин козумчо ошондо апам ыйлаган омуру андай созду уккан эмес
кээде кейип каламда кыргыз кыздары казак балдарды мактап мен казашкамын деп оздорун кыргыздардан бийик койгондо
0
akrosa
2013-05-14 08:17:32
кыргыздар эч качан каалабайт бир улуттун жок болуп кетуусун
жана ага аракетда жасабайт жаман оюда жок
А казактар кыргыздарды жек корот
0
Aslana
2013-05-14 12:23:49
Азыр адамдарда кайдигерлик орноп калган. жыгылып калсан мас турбайбы эшек деп согуп туруп отуп кетет. Бирок арабызда адамдар бар боорукер, ак журок. Ошонубуздан жазбайлы!
+1
kg_07
2013-05-14 22:48:44
prezidentinen bawtap kirgizda kirsik miting bolso le 4ek arasin jaap alat jaman ayaldan betrer kazaktar!
+1
AFRODITA-89
2013-05-17 00:40:23
Менин туугандарым 7-8жылдан бери казахстандын шаарларында иштешет коз тийбесин баары жакшы, озумда ар жалы ойногону барып турам баары эн сонун болот мен билге кыргыздар жакшы эле жашашат беш кол бирдей эмес туугандар баарыбыз мусулманбыз арасында жамандары да болушу мумкун
0
fanatka19
2013-05-17 09:02:46
чоон рахмат сиздерге.
0
№ 549, 10-май-16-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан