Совет бийлиги өкүм сүргөн жылдарда Кыргызстанда кыргыз тили өгөйлөнүп келди. Бул, албетте, кыргыздарды кыжалатка салып келген. Андыктан эгемендүүлүк жылдарында коомчулук эки армияга бөлүндү: кыргыз тилдүүлөр жана орус тилдүүлөр. Ошол эки топтун ортосунда мына 22 жылдан бери тымызын күрөш жүрүп келет. Мындан улам ЖКда «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча маселе көтөрүлгөндөн бери демилге туш тараптан тепкиге алынып келе жатат. Демилгечиси болуп депутат Урмат Аманбаева саналат. Долбоор үчүнчү окууда кабыл алынды. Бирок... кабыл алынган документ колдонулабы же кагаз жүзүндө кала береби? Анткени анда Баш мыйзамга дал келбей турган учурлары өтө көп. Өзгөчө талкууларды мамлекеттик тил боюнча административдик жоопкерчилик жаратты.
Бизге бүгүн өз ишин мыкты билген адистер керекпи же эне тилинде сайрагандан башка колунан эч нерсе келбегендерби?
Өлкө президенти мыйзам долбоорго кол коёрдо анын чийки жактарына көз жумбаса керек.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg