«Ротафарм» компаниясы ЖКнын депутаты Ширин Айтматованы «ишмердик аброюбузга доо кетирди» деп сотко бергени тууралуу маалымат таратты. «Репретин» препаратын саткан бул компания аброюна келтирилген чыгымды 3 миллион сомго баалап, эл өкүлүн ушунча сомго жыкканы турат.
Ширин Айтматова жылдын башында ЖКнын трибунасынан «Репретин» препаратынын сапатсыздыгын айтып даттанып келген жарандардын арманын угузган. Бул медикамент бөйрөк оорусу менен ак кан илдетине чалдыккандарды дарылоодо пайдаланылат. Өтө оор илдеттерди дарылоодо пайдаланылгандыктан, ага суроо-талап жогору, демек, кирешелүү дагы.
«Ротафарм» Кыргызстанда британиялык компания катары катталган. Дары каражаты да, албетте, «Улуу Британияда жасалды» деген маалымат менен сатылат. Бирок ал каражаттардын Британияда жасалганы күмөн туудурат. Анткени белгилүү «Гардиан» гезити журналисттик изилдөө жүргүзүп, «Ротафармдын» Улуу Британияда чакан кеңсеси бар экенин жана анда эч кандай дары-дармек жасоочу лаборатория жок экенин, ичинде бир катчы отурарын жазып чыккан.
Тыйындын эки бети болгондой эле, депутат Ширин Айтматова «Репретин» препаратынан зыян тарткан бейтаптарды чын дилинен коргоп жатабы же анын артында катылган жеке кызыкчылыгы барбы деген да күмөндүү суроо бар. Анткени «Ротафарм» компаниясы « «Репретинди» рыноктон сүрүп чыгууга аракет кылып жаткан «Рекормон» препаратын сатуучу компания ээлери менен Ширин Айтматованын туугандык катыштыгы бар» деген маалымат таратууда. Минтип дары-дармек жасоочу «дөө-шаа» компаниялар менен аларды коргогон депутаттардын талаш-тартышы күчөп жаткан маалда ошол дарыдан өмүрү көз каранды болгон бейтаптар бөөдө кор болгону калды.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg