Эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстанды башкарган бийлик көпчүлүк учурда алсыздыгын көрсөтүп, кримдүйнөнүн өкүлдөрү менен коюн-колтук алышып, алардын кызматынан пайдаланып жүрүп бул дүйнөнүн таасирин, аброюн коомчулукта өстүрүп алды. Андыктан учурда Кыргызстанда ЖКнын депутаттары, өкмөт кандай талкууланса, кримдүйнөнүн башчылары деле ошондой талкууга алынып, көңүл чордонунда.
Соңку окуяларга баам салсак: Камчы Көлбаев Дубайдан Кыргызстанга кайтып келип, учурда ал адамга каршы козголгон кылмыш иши боюнча сот иши жүрүүдө. Азиз Батукаев жаза мөөнөтүнүн жарымын өтөп-өтөбөй, соттун «боорукердиги» менен Кыргызстандан чыгып кетти. Сырттан караганда, эки «мыйзамдагы ууру» таасир талаштарын тынч жол менен бүтүрүп алгандай туюлган. Көрсө, бул убактылуу гана көрүнүш экен.
Бул аптада Кыргызстан 2 же 3 «мыйзамдагы ууруга» байый тургандыгы тууралуу маалымат тарады. Мындай маалыматты Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев да тастыктап, бирок кимдер таажы киерин ачык айткан жок. Анын сөзүнөн эле аталган кызмат кримдүйнөдөгү мындай окуяга олуттуу даярдык көрүп жатканы көрүнүп турат. Албетте, кимдер «мыйзамдагы ууру» аталарын иликтей башташты. Бири Карышкыр деген каймана аттуу Ысык-Көлдүн Бостерисинен чыккан адам дешсе, экинчисин оштук Эртабылды Жунусов деп жатышат. Рысалиевдин айтымында, алар такыр башка адамдар. Балким, Азиз Батукаев Кыргызстандан чыгып кеткенине байланыштуу ордуна кимдир бирөөнү дайындамакчы болуп жаткандыр. Эгерде жогорудагы маалымат чынга айланса, анда эле Кыргызстанда кайрадан кандуу териштирүүлөр башталат.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg