Орусияда өздөрүн «патриотпуз» деп аташкан кыргыз жигиттеринен кордук көрүп, сабалган кыргыз кызы Сапаргүлдүн ошол окуядан кийинки тагдыры, жашоосу жөнүндө ал айымдын өз оозунан угуп жазган элек. Бул макала порталыбызда да кызуу талкуу жаратып, колдонуучулар «Патриоттор» кармалдыбы?» деп көп суроо салышууда. Андыктан тиешелүү органга кайрылдык.
ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, ал балдардын экөө Орусияда кармалган. «Бул окуя Орусиянын Екатеринбург шаарында болгондуктан, кылмыш иши Орусияда козголгон. Орус кесиптештер кылмышка шектүү балдар боюнча маалымат берип, «Кыргызстанга барса кармап бергиле» деп суранышкан. Бирок ал балдар Кыргызстанга келе элек»,- деген маалыматты ИИМдин басма сөз катчысы Жоробай Абдураимов билдирди.
Учурда Сапаргүл кайрадан психикалык ооруканада жатат. Сапаргүлгө жардам берем дегендер төмөнкү дарек боюнча акчалай жардам которушса болот: Акбарова Сапаргүл Темировна, «Берекет» ААК, «ДосКредоБанк», эсептик номери: 1210820201024182 – БИК 121008.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg