Кубанычбек Нуркамил уулу:«ТҮНДҮК-ТҮШТҮК МАСЕЛЕСИ ҮЙ-БҮЛӨМДҮ БУЗДУ»

«Кош болгун, махабатым,
Мен сени унутпаймын.
Атыңды тумар кылып,
Жүрөгүмө сактаймын...» Махабаты менен коштошпогон адам дагы бул ырды укканда жүрөк кылдары титиреп, жашыктардын көзүнө жаш тегерениши толук мүмкүн. Алгач Алина Жетигенова ийине жеткире аткарып, кийин Фарида Карбосова созуп жүргөн «Кош болгун, махабатым» аттуу ырдын тарыхы автордун жашоосунан алынып, мурунку жубайына арналган.

«ФАРИДА ЭМЕС, АЛИНА ЖАКШЫ ЫРДАГАН»
-Алина Жетигенованын жан дүйнөсүн, мүнөзүн толук билген соң бул ыр мына ушул ырчыга ылайыкталып жазылган эле. Кийин аны Фарида Карбосова да ырдап чыкты. Мага эмнегедир анын аткарганы көп таасир калтыра алган жок. Бул ырды жаратканымда «Алина» тобунда иштечүмүн. 1997-жылы Алина ырдап чыкты. Чыккандан кийин бир жыл беле же эки жыл бекен, так эсимде жок, «Жылдын мыкты ыры» деген наамга татыган. 1999-жылы Алинанын Алмаз деген бир тууган иниси каза болуп калды. Филармонияда концерт болуп, Алина ушул ырды тимеле боздоп ыйлап ырдады. Мен «эмне болду?» десем, «ырды баштаганда эле көз алдыма иним Алмаз туруп алды» деген эле.

«ЫРДЫН ТАРЫХЫ – МЕНИН ӨТКӨН КҮНҮМ»
-Бул ыр көлдүк кызга арналып жазылган. Анара экөөбүз БГУда чогуу окучубуз, бирок эки башка курста. Үйлөнүүбүзгө экөөбүздүн тең туугандарыбыз караманча каршы болушкан. Алардын каршылыгынан да сүйүүбүз күчтүү экен, эки жыл дос болуп жүрүп баш кошконбуз. Мен жыйырма бирде, келинчегим он тогузда болчу. Кайын журтум «эшик-төр көрүп кеткиле» деп Тоңдун Кажы-Сай шаарчасына чакырышты. Менин ата-энем тууган-урук менен Алайдан Ошко келишти. Оштон Караколго учак менен учушту. Атамдын алтымышка чыгып калган эжеси «өх, чын эле жеттикпи» деп жатса, дагы ошончо жол бар экен. Караколдон Бөкөнбаев айылына бара жаткан автобуска түшүп, дагы бир нече сааттан кийин Кажы-Сайга араң жеттик. Шаарча чоң жолдун жээгинде эмес экен. Андан ары дагы бир машина жалдадык. Кыргызда кудага алтымыш-жетимиштеги аксакалдар барат эмеспи, алар менен ушунча узак жолду басыш чын эле өтө оор болду. Келинчегим уялып «мына аз калды, азыр жетебиз» деп коёт улам.
Кийин менин ата-энем да кудаларын Алайга чакырышты, бирок барышпады. Кайын эжелерим сиңдисине ачык эле «тигиге тийсең эмгиче минтип жүрмөксүң, ойлонуп иш кылбайсыңбы» дей башташты. Меникилер дагы каңкуулайт. Ошентип, жолдун алыстыгы, каада-салтыбыздагы айырмачылыктар, тилибиздеги айырмачылык экөөбүздү экиге бөлдү. Ортобузда Ширин аттуу кызыбыз бар. Ал таенесинин колунда өстү. Мындай карасаң оңой эле чечилчү маселе, бирок түндүк-түштүк маселеси менин сүйүүдөн куралган татынакай үй-бүлөмдү бузду. Ошол күйүтүмөн «Кош болгун, махабатым» ырым жаралган.

«КЫЗЫМ ДАГЫ ДЕЛЕ ЖҮРӨГҮМДӨ»
-Ажырашып кеткенден кийин эртең менен тура калып эле кызымды издейм. Кызым болсо теледен мени көрүп калса, «менин папам» деп колу менен сыналгыны жаап алчу экен. Бажам азамат болчу, Бишкекке каттаган сайын кызымды ала келип, мага жолуктуруп турчу. Кийин ал бажам да ажырашып кетти, анан кызымды такыр көрбөй калдым. Баарынан мени таң калтырганы, азыркы жубайымдан Айбийке деген төрт жашар кызым бар. Ал улуу кызым Шириндин эле көчүрмөсү. Өң-келбети, сүйлөгөнү, кылыктары, тобо, деп жакамды кармайм. Ширин азыр он тогуз жашта. Иним бир жолу кызымдын апасына жолугуп «катташып туралы» десе, «жок, ал жөнүндө такыр ойлобогула, биз Ширинге башкача тарбия берип койгонбуз» дептир.
Учурда Москва шаарында ВГИКтин алдындагы эки жылдык курстун режиссёрлук бөлүмүн бүтүрүп жатам. Режиссёр катары ташталган кадамымды да басып өткөн жолума арнадым. Тактап айтканда, «Түндүк-түштүк» аттуу тасма жаратып, ошол күндөрүмдү камтып кеттим. Бул кинону да кызым Ширинге арнайм. Муну менен кызымдан кечирим сурап жатканымды жана «дагы деле жүрөгүмдөсүң, сени эч качан унутпайм» дегим келди. Ушу тапта монтаждоо иштери башталды.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (44)
Aruuzat-19_21
2013-05-14 07:52:17
Чын эле Ош тарапта пакет кортогону ото кейиштуу, тойдо эми мейли дейсин, анан олум-ашта да талашып сурашат пакетти
0
Aruuzat-19_21
2013-05-14 07:53:56
Анан туугандар тундук туштук деп болунуп отуруп башка улуттарга уят эле болуп жатабызго. Ушунубузду качан токтотот экенбиз
0
Sezy
2013-05-14 08:21:12
Wow olgondon da paket kotoryp ketishebi.menin bir taanysh ejem aitty ele oshtuk baldar menen syiloshpo dep salty katty I jaman dep.birok jerinen emes adamdyn ozynon da til tabyshyp ketish.
0
Mirko.93
2013-05-15 15:25:41
Sezy, эжендин акыл эси жайында элеби.? (( чычкым эле келет да.
+1
akrosa
2013-05-14 08:39:38
биз карапайым адамдарбыз бирок тундук туштук
масалеси
ктр телеканалында бар.кыргызфильмде бар
кыргызстан обондору радиосунда бар.театрларда бар
мен ошол болгон кишилердин атында айтып берем
бирок ереги жокко деп ойлойм
0
best-life
2013-05-14 09:16:21
Ээээ атасынын кору баягы кыргыздын кыркы бириксе да ыркы бирикпейт деген ушул окшойт... Озубуз болгону 3миллиондон ашып ашпаган кыргыз болсок, анан анын 1миллионго жакыны чет жердин жарандыгын алып кетти, анын калган торт кыргыз кызыл чеке болуп урушканга даяр эле турабыз. Туштукту алып салып туруп тундукту же тундуксуз туштукту элестетуу кыйын достоор. Эми анча-мынча тамашаны тамаша иретинде кабыл алып койгон дурус го...
+2
admin_media
2013-05-14 10:53:37
Айтышпагыла! Баарыңа эскертүү!
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! Жеке айтышуулар үчүн купуя бар!
Дагы кайталанса, көпкө чейин сайттан четтетилесиңер!
0
Kg.lady
2013-05-14 11:27:04
Уятеле! Ушул жердеда тундукко тийбейм,туштуктон уйлонбойм деп денгээлинердин томон экенин коргозосунорда.Кантип куштун эки канатындай болгон тундук менен туштукту болосунор,тубу барып бир элбизго!Менимче окууну буткон Оштун студенттерин Нарынга, Нарындыкын Баткенге,Баткенди Таласка жумушка которуш керек.Кыздарды деле ошондой бир облдан экинчи облга турмушка беруу керек,жол алыспы, жакынбы ага карабай.Ошондо ушундай илдеттен арылабызда таза кандуу,акылдуу балдарды жаратабыз, соок жаныртып.Баптист
+2
Kg.lady
2013-05-14 11:33:25
Баптист,буддист, кытай, корейге тийгендерди ушинтип жулмаласанар кана,Акча учун генин кыргыздын генин бузуп жээндерди кобойтуп жатышпайбы.Алардын балдары эч качан кыргыз болбойт.Тундукко тийседа,туштуктон кыз алсада,эн негизгиси кыргыздын бир уйбулоосу куралып,кыргыз кызы,кыргыз жигити жаралып жатпайбы.Тушунгон адамга биздин генибиз таза сакталып жатат.Тунтукто мындайкен,онякта тигиндейкен деп акылы тайкы адамдын созун суйлойсунорда,как будто тундукто чукчалар,туштукто кохолдор жашагандай......
+3
bars22
2013-05-14 19:01:56
тундукто да бар адамдын жакшысы-жаманы. туштукто да бар андайлар.. ошон учун жашообуз азыркыдай ойдо-ылдый да. эн негизгиси ыйманыбыз бузулбасын. биздин эн жаман жерибиз сырттан келгендерди ото тез кабыл алабыз. жыйынтыгында тупкулугубуз унутулуп жоголуп да кетиши мумкун..
+1
vavilon
2013-05-14 20:36:02
колдуктор деле калмак аралашкан деп мага колдук эже айткан
+1
nasik198
2013-05-14 21:25:47
"Болунсон бору жеп кетет,болунуп калды кыргыз деп,болок элге кеп кетет"-деп Бакай бабабыз айткан эмеспи.Тундуктукбузбу же туштуктукбузбу баарыбыз кыргызбыз.Эч качан сураса тундуктук кыргызмын деп жооп бербейбиз да туугандар .Ал эми сен мындай суйлойсун деп сындоо туура эмес ар бир жердин говору диалектиси бизде эле эмес дуйно жузундо бар.Жашаган жерине жараша жаныбарлар да ар тусто болушат го демек закон ченемдуу корунуш.Баарыбыз бир жакадан баш бир женден кол чыгарып иш алып барсак жакшы болмо
+1
Rostov-on-Don
2013-05-15 01:41:04
nasik198, туура айтыпсын дося!Мен да озумдун оюму жазып кетууну чечтим.Оруссияда деле тундук-туштук,чыгыш-батыштардын акценттери ар башкача алар болушпойт бизге окшоп.Адамдык сапаты томон,манкоо,фашист адамдар гана болунушот!
0
Ali-baba62
2013-05-15 01:36:19
Эй Кубаныч сен эмне оз койгоунду тундук, туштуктон коруп жатасын.Силерде cуйуу болгон эмес. Мен кошуна кызыма суйшуп,гуйушуп журуп баш кошуп эки балалуу болгуча утуру ажырашып, жарашып журуп акыры ит жашоого чыдабадым башкага уйлонуп тындым.Мына быйыл 25-жыл болот.
Ажырашпай туруп алимент алчуу Кыз маалында баары жакшы жаман....демекчи. искуство адамды да ушундай манроо болобу Уят!! оз дардынды тундук туштук деп бут элди жаман атты кылбай. Ошентип кызына актанып атасынбы.Коробуз го кинонд
0
Bahar
2013-05-17 02:09:38
Ailaaaaanayin okup oturup kashmaaar dedim ,bul baykebizdin tagdiri kachanki zamandardagi otup ketgen gundorun aytip jatat da siler gelip alip kaydagi Tunduk Tushtuk bolup kirilip atasinar,azir degen Kirgizstanda andaay bolunmoy jok da misali men Goldukmun gelinim Leylekten ech kanday karshilik gorsotkon jokbuz biz iraazi elebiz Kudalaribiz jakshi ayabay bargan sayin et salip besh barmagin asip siylap turushat ,buga ne jetsin ,Gelgile yntymaktuu bololuk...
0
July
2013-05-17 13:51:42
Тундук-туштук маселеси актуалдуу болуп атат, эптеп озумду пиар кылайын деген экен бул артист. Эркектик касиети жок, акылы тайкы артист экени билинип калды. 20 жылдан кийин кайын журтун жамандап кайсы бети менен кызынан кечирим сурайт. ушундай тайкы тушунуктогу адам кайсы жыргаткан тасма чыгармак эле.
0
aigulkg
2013-05-19 00:15:31
Ар бир жерде бир жаман адам болот,баары жакшы адам болбойт.озунорду ак-куу сезиб жатасынарбы?Оштуктар пакет которобу тазик которобу ал ар бир адамдын озунун иши.болунбогулочу ошон учун да Кр онукбой жатат.Бийликти тундук-туштук талашыб.Болунгонду боору жейт.кичине ыймандураак болсонор КЫРГЫЗДАРЫМ.Баарыбыз бир ата-бир энеден таркаганбызго ынтымыктуу бололучу.Алыс жакта журсон билесин кадырын биз кочодо бир кыргызды коруб калсак суйуунобуз кыргыз деб.Бир тууганыны коргондой, куюб жатам болунгонго
0
№ 549, 10-май-16-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан