Мирсулжан Намазалиев:«КЕЛЕЧЕКТЕ УНИВЕРСИТЕТ АЧКЫМ КЕЛЕТ»

Жаш туруп Орто Азиядагы Эркин базар институтун түптөп, саясий жана экономикалык окуяларга салмактуу ой-пикирлерин айтып келген кыргыз жигити бар. Бүгүнкү каарманыбыз – дал ошол мүнөзү сылык, билимдүү Мирсулжан Намазалиев.

НАМАЗАЛИЕВ МИРСУЛЖАН БАЗАРБЕКОВИЧ

  • 1987-жылы 2-октябрда Талас районунда туулган.
  • 7 бир туугандын кенжеси, бойдок.
  • Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун (CAFMI) директору.
  • БГУнун саясат таануу факультетин бүтүргөн.

– Сыртыңдан шаарда чоңойгондой көрүнөсүң, чынында эле ошондойбу?
– Жок, мен чабандын үй-бүлөсүндө, Таласта туулгам. Ошондуктан 5 жашыма чейинки күндөрүм тоодо өткөн. Апам бош убагында ар кандай китеп-гезиттерди окуп отуруп жылмайып калар эле. Анысы мага сырдуу көрүнүп, «Эмне кызыгы бар экен?» деп сурай берчүмүн. Апам мектепке чейин эле мага тамга таанытып, окуганды, жазганды үйрөткөн. Анан да бизге кичине кезибизде дил баян жаздырып, менин жазганымды өзгөчө деп баалачу. Биздин үйдөгү Намазалиевдер эң жакшы окудук. Бул апамдын каны аркылуу өтсө керек. Анткени ал кыргыз менен уйгурдун кызы. Тилекке каршы, каражаттын тартыштыгынан агаларым окубай калышты. Үйдөн үчөөбүз гана университеттен билим алдык.

– Балдардын кенжеси экенсиң, үйдөгүлөр көп эркелетишсе керек? Тентек белең?
– Балдардын кенжеси деп көп эркелетишти, бирок тентектик деле кылчу эмесмин. Мушташтан алыс болгондугумдан агам мени бирөөлөр менен уруштурганга аракет кылчу. Мен «урушпай эле коёюнчу» деп, тескерисинче, урушчу бала менен достошуп алар элем. Агам өзүн-өзү коргой билсин, тың болсун деген максатта ошентсе керек.

– Мушташпасаң мектепте жалаң «5» алган, үлгүлүү окуучу болгон турбайсыңбы?
– Талаада картошка чаап, буурчак терип мектепке барбай калган учурлар көп болгон. Сабактардан кыргыз адабиятын жакшы көрчүмүн. Адабият китебин он сыйрадан окуп, ар бир сабын жатка билер элем. Кыргыз тили сабагынан мугалимим агамдын классташы болгондуктан, дил баяндарыма өзүм баа коюп койчумун. 9-класста алгебрадан берген эжейим «математик болбосоң, анда сага формулалардын пайдасы деле жок» деп койсо, ошого таянып жакшы окубай коюптурмун. Азыр ошол кездеги сабактар жумушума керек болуп калат, ошол үчүн кайталап окуйм.

– «Лондондогу докторантурама барып, жаңы эле келдим» деп калдың. Кайсы тармак боюнча билим алып жатасың?
– Учурда Улуу Британияда экономика боюнча докторантурада окуйм. Жылына 2-3 аптага барып келем, калганын интернет аркылуу жиберип, дистанциялык түрдө сабак алып турам. Эки жылдан кийин окуумду бүтүрөм, изилдөөчү темам эркин соода жүргүзүүгө байланыштуу. Негизи, алгач Бишкек гуманитардык университетинин социалдык иш адистигине тапшыргам, 3-курста саясат таануу факультетине которулдум. Анткени коомдогу көптөгөн көйгөйлөрдү саясий жагынан чечүү жагы мага маанилүүрөөк сезилди. Университетте бюджеттик негизде окуп, ошол эле учурда иштеп жүрдүм. Лекцияларда мугалимдерге кечке суроо берип, өз пикиримди айта бергенимден алар «сабакка келбей эле сессияны учурунда тапшырып турсаң болот» дешкен. Окууну көп калтырсам да, артыкчылык диплом менен аяктадым.

– Эмгек чыйырың кай жерден башталган?
– Студенттик күндөрдө бир эле учурда бир нече жерде иштеп жүрдүм. Алгач «Мир» телерадиокомпаниясында радиожурналист болуп тажрыйба арттырдым, орус тилин үйрөндүм. Себеби орусча жакшы билчү эмесмин, жарым жылдан кийин өздөштүрүп кеттим. Анан ал жумуштун кызыгы калбай калганда бир укук коргоо уюмуна кеттим. Ошол эле учурда дагы бир онлайн журналда иштедим. Ортодон «Kyrgyz Concept» компаниясына жумушка чакырып калышты. Алар менен 8 ай иштешкенден кийин CAFMI’ни – Борбор Азиядагы Эркин базар институтун түзүп, анда иштеп калдым. Мындан сырткары Кыргызстандагы дээрлик бардык ЖОЖдордо, көпчүлүк мектептерде лекция окуп келем.

– Шаардык кеңештин шайлоосуна катыштың эле. Саясатка келүүңө эмне түрткү болду?
– Ооба, жаңы негизделген партиянын катары менен мен да шаардык кеңешке ат салыштым. Ал партияга мурда бийликке барбаган, ар кандай коррупциялык схемага аралашпаган адамдар кошулду. Негизги принцибибиз – чакан өкмөт куруу, экономикалык жана саясий эркиндиктерди алга сүрөө. Ашыкча мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу, эффективдүү башкарууга өтүү. Мага ушул принциптер жаккандыктан, депутат болбосом да, партия аркылуу чыныгы реформа, жаңыланууга жан талашабыз деп ойлойм. Саясатчы болом деген оюм жок, анда эркиндигимди жоготом. Азыр көз карандысызмын, кайсы багытта болбосун, мейли экономикалык же саясийби, жалтанбай өз көз карашымды айта алам.

– 2015-жылга карата өкмөт Бажы биримдигине кирүүгө камылга көрүп жатат. Анын Кыргызстан үчүн канчалык зарылчылыгы бар?
– Бажы биримдигинин коркунучтуу жагын бийлик айтпай жатат. Мисалы, автоунаалар, азык-түлүк, кийим-кече бир кыйла кымбаттайт. «Дордой», «Кара-Суу» сыяктуу үлкөн базарларыбыздын күнү бүтөт. Андагы жанын багып жүргөн жарандарга кыйын болот. Кымбатчылыктан баарыбыз кыйналабыз. 2010-жылы тарифтердин баасы көтөрүлгөндө калкыбыз бийликке каршы революцияга чыкты эле. Бажы биримдигинде көптөгөн товарларга баалар кымбаттайт, мунун жыйынтыгы эмне болот? Айрым эксперттер биримдикке кирүү жаңы көтөрүлүштү алып келүүсү мүмкүн дешүүдө. Бул пикир да чындыкка жакын. Буга байланыштуу 15-майда Кыргызстанда биринчи жолу аймактык форум өткөрүп, ушул теманы талкууга алганы жатабыз.

– Келечектеги пландар менен бөлүшсөң...
– Пландарым чачтан көп. CAFMI’нин таасирин коомчулукта жогорулатуу, экономикадагы доктурдук даражаны алуу, бир нече долбоорлорумду ишке ашырып, анын жыйынтыгын чыгаруу. Алардын арасында университет ачсамбы деген дагы ой бар. Мен «ой жеткен жерге кол жетет» дегенге ишенем. Көпчүлүк ойлорум, максаттарым ушул күнгө чейин орундалып келет. Орундалбай калса кейибейм деле, дагы башка түркүн пландарды жаратууга күчүм жетет.

– Анда ошол чачтан көп пландарың ишке ашсын, маегиңе рахмат!

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Бизге чакан өкмөт, эркин экономика керек" дейт Мирсулжан Намазалиев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
islam_zzz
2013-05-13 18:17:50
ошол форумга кантип катышса болот
0
N.Bakazova
2013-05-14 00:50:32
Жаш болсо да, омоктуу ойу, дымактуу пикири бар экен!
0
admin_media
2013-05-14 10:54:58
Wave.,
Башка сайттарды жарнама кылууга болбойт! Билдирүүңүз өчүрүлдү.
0
Wave.
2013-05-14 12:09:19
admin_media

Жок дегенде, кантип ошол форумга катышса боло тургандыгы жонундо айтып койбойсунарбы... Копчулук кызыкканадар пайдалуу маалымат алмак.
0
sesh_elya
2013-05-14 11:45:24
Мирсулжан азаматсын позициян мага абдан жакты, озгочо Бажы биримдиги боюнча, чон державалар озун рынокто монополист кылып коюшу толук мумкун биздин кичинекей мамлекет дуйнолук аренада абдан эле кучсуз болуп калат кытайдан келген товарлардын бажы толомдору жогорулайт, автоунаалар 2 3 эсеге кымбатташы мумкун деген божомолдорду окумуштуулар тастыктан беришти. Казак бир туугандар да карапайын калкка бажы биримдигине кошулбоону сунуштоодо анткени эн коп жапа чеккен болун бул жерде карапайым калк болу
0
vavilon
2013-05-14 21:07:29
кереги жок бажы мажынын эл кыйналат сени президент кылыш керек жаштар келиш керек бийликке жаштар десе байдын чондун балдары эмес карапайым элден
0
aizish
2013-05-17 11:49:42
ушундай билимдуу аракетчил жаштарды коруп кубанып Кыргызстандын онугушуно умут байлайм. Озумдун элиме кымындай да пайдам тийбегенине кейип кетем.
0
Neitral86kg
2013-05-17 18:01:12
Азамат! Албан-албан ийгиликтер!
0
parus.kg
2013-05-18 10:42:09
бул адам жаштарга стимул
0
№ 549, 10-май-16-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан