Көпчүлүк клиптин көркүн ачкан сулуулардын «мекени» болгон «Береке» бий ансамбли жакында бир жылдык отчёттук концертин өткөрдү. Чимириле бийлеген бийчилер кыргыз, уйгур, япон, өзбек сыяктуу 15тен ашуун улуттун бийлерин көрүүчүлөргө тартуулашты. Ал эле эмес, дал ошол күнү «Береке» Түркиянын Самсун шаарында өтө турган бийчилердин эл аралык фестивалына Кыргызстандын атынан барары маалым болду. Ошондой эле топтун жетекчиси Айнура Кыдыралиева Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланганын айта кетели. Эгер «Берекенин» кыздарынын бийлегенин «живой» көрөм десеңиз, анда 17-май күнү өтчү Суперфутболго кечикпей келиңиз.