«Элегия», «Жалынымда сендей жангансыйт» аттуу ырлары менен таанымал ырчы Айпери Кулбаева жолдошу Эрназ экөө жакында бала жытына бөлөнөрүн кабарлашты. Мындан сырткары ал залкар обончу Рыспай Абдыкадыровдун жаркын элесине арналган «О дүйнөгө обон издеп кеттиңби?» аттуу ырына клип тарттырганын да кошумчалай кетти.