Мажиттай «жүрөгүмдүн ээсин таба элекмин» деп жүргөн. Көп өтпөй эле «2 жылдан бери өзүмдөн 2 жаш улуу Назик аттуу кыз менен сүйлөшүп жүргөм. Кечээ ага куда түшүп коюшканын айтып жүрөгүмдү оорутту. Ушул жума турмушка чыкканы жатыптыр. Ичим өрттөнүп, жанымды коёрго жер таппай жүрөм» деп даттанып отурат. Ырчылык карьераны жеке жашоосунан бийик коюп, сүйгөнүн жашырам деп ашыгынан ажыраганы чатак болуптур баланын. Эми, Мажит, кыргызда кыздар көп, башкасын караштыра көр.