БЕКТИН «КАРАПАЙЫМ» КОНЦЕРТИ

Концерттин аталышы – «Ойнодум аккордеонду»
Концерттин өткөн орду – Спорт Ордосу (8-майда)
Башталышы – 19:54 (24 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 85 пайызы
Алпаруучулар – Элмара Турсуналиева, Рыспек Жантөрөев жана Жеңишбек Айтиев
Билет баасы – 350-650 сом

Концертти «карапайым» деп мен атаган жокмун. Минтип Бек Борбиев өзү атады. Концертти ачып берген «Керемет» бийчилер тобунан кийин чыга келген Бек мырза элди Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктап, «өзүңөрдү ээн-эркин сезип отургула. Анткени бул «карапайым» концерт болот. Жүрөгүңөрдү бекем кармагыла! Бүгүн сүйүү сезимдерине толгон ырлар ырдалат» деп эскертип өттү.
Чынында, жөнөкөй, жагымдуу, жакшы концерт болду. Жалаң аккордеон, гитара, шылдырактын коштоосундагы ырлар жаңырды, Бектин 5-6 эстрадалык ырларын кошпогондо. Анан да көпчүлүк концерттерде айтылчу «кана, кол чаап колдоп отурабыз!» деген ураан бир да жолу жаңырган жок. Көрүүчүлөр ар бир номерде өздөрү эле сурантпай кол чаап, ал тургай аткаруучулар менен кошулуп ырдап отурушту.
Бек азамат! Концерттин аталышы айтып тургандай, бир топ обончу-аккордеончулардын башын бириктириптир. Концертте ырлары элге сиңген белгилүү обончу, аткаруучулар Абдыманап Төрөбеков, Камчыбек Турсункулов, Айтбек Муканбетов, Тургуналы Нурматов, Алтынай Нарбаева, шылдыракчы Кадырбек Мураталиев, кыргыздын Жиммиси Болот Алымкулов, жаштардан Алтынбек Алымов, Кубаныч Сатаев, Эрлан, Баян аттуу жигиттер жана куудулдар Жеңишбек менен Рыспек өз өнөрлөрүн тартуулашты. Обончулар дээринен тамашакөй келишеби, билбейм, Бек баш болуп, аткаруучулардын баары чыккан сайын куйкум сөздөрү менен элге тамаша ыргытып жатышты.
Жалпысынан алганда 3 сааттан ашык убакытка созулган концерт келгендерге майдай жакты көрүнөт. Анткени алпаруучулардын «келгениңиздерге чоң рахмат! Аман-эсен жетип алыңыздар» деген сөзү араң ордубуздан козголтту.

Толик Сынчы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
Chika78
2013-05-13 22:10:59
Толик сынчыбы, эркекпи же кызбы,кабарчыбы озунун жумушун аткарып,бизге элдин арасында отуруп коргонун болгондой айтса да жакпаса,.. Анда бизге ким жагат?Мен концертке убактым же шартым болбогондуктан "Концерттен кийин" рубрикасын окуп эле коргондой болуп калам,ушунусуна ыраазы болгула.
0
Chika78
2013-05-13 22:13:32
Концерттин видеоверсиясын да толугу менен корсотконго аракет кылсанар жакшы болмок! ошондо кимди ким сындайт экен? Ишинерге ийгилик!
0
nurbek_kg
2013-05-14 00:43:03
yigilik kaalaim aman bolunuz bar bolunuz!!!
0
Azem2013
2013-05-14 09:19:40
Kантcе да Тokтoгyлдyн kyлyнy да...
-1
osh1991
2013-05-14 11:25:53
Сахнаны жандуу кылып турган ырлары менен журбөктө сатала берет

0
Aslana
2013-05-14 12:25:16
таланттуулугу таланттуу, бирок ушу киши интригадан алыс болсо жакшы болмок. Керсейгенинин айынан далай келтек жеди, дале ал мунозу калбады
+1
vikarus
2013-05-14 20:25:59
Азаматсыз Бек байке ар бир кыргыздын жүрөгүнөн орун алып атыңыз өчпөсүн.
+1
marin
2013-05-14 21:45:23
Bek baike sizge iygilik!
0
moke
2013-05-15 02:02:20
бек байке аябай жонокой адам, бир жолу кочодо волейбол ойноп атсак, машинесин токтотуп коюп биз менен кошулуп топ ойноп кеткен, тамашакой киши экен. алга бек байке токтогулдуктар сиз менен сыймыктанабыз!
0
deva
2013-05-15 11:42:30
Баарынан да мага концерт учурунда элдин ары-бери баса бергени жакпайт. Кичинекей балдарды жетелегени да бар, чондору да бар. Билип, туюп жатам, турмуш кыстап жатканын. Ошонун деле алдын алса болот да, концертке келерде, киререде азыраак суудан ичип дегендей. Жанталашып эшикке чуркашат, кузотчу жигиттер жогорку эшик менен чыгыныз дейт. Карасан дагы бироосу тигинин артынан бараткан болот. Кїзотчу кайра тушундурот ага да. иши кылса уундай нерселерге жаман капа болом да
0
honey005
2013-05-16 01:37:11
бар болунуз Бек байке
0
ermek86
2013-05-16 12:20:06
Бек байкенин иштерине ийгилик, Толик сынчыга да! Концерт жакшы болсо сынчы да жакшы сындайт да!
0
elnurakai
2013-05-17 09:08:16
Азаматсыз
0
jamiyla
2013-05-17 17:15:47
Bek Borbiev maga da abdan jagat,at-eneleribiz anyn murdagy yrlaryn azyrky kungo cheyin baalap ugup kelishse,jashtarda andan kem kalbai ugushat bolush kerek!Bul albette anyn yrlarynyn omuru uzun ekenin bildiret!
0
Fatmagul
2013-05-17 17:48:51
Бек байке менин эн суйуктуу ырчым.Бардык ырлары жагат.Ийгилик каалайм! Жакында эле Ошто б.н концертинде алдынкы рядда отуруп кордум. Аябай жагат дааа....
0
№ 549, 10-май-16-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан