Кафель тандоодо кээ бирлер арзанына качырып, кээ бирөөлөр бышык деп кымбатын алат. Арзаны бат эле жарактан чыкса, жакшысын алууда ашыкча акча коройт. Андыктан кафель тандоодо эмнелерге көңүл буруу зарыл жана кандай кафель үйгө ылайыктуу экендигин билип алуу оң.
ТАНДООДОН ЖАҢЫЛБАҢЫЗ!
Кафель сапатына жараша 3 топко бөлүнөт.
1-топ – адам көп баспаган, сырткы эшиктен түз кирип келбеген үй ичиндеги бөлмөлөргө ылайыкталган. Аларга уктоочу жана жуунуучу бөлмөлөр кирет. Бул кафелдер морт келет, андыктан алардын үстүнөн таманы жумшак бут кийимдер менен басуу сунушталат.
2-топ – биринчиге салыштырмалуу бышыгыраак жана ашкана, кире бериш сыяктуу бөлмөлөргө ылайыкташкан. Тыгыздыгы жогору жана үстүнкү бети кум, майда таштардан чийилбейт.
3-топ – бекемдиги жагынан эң алдыңкы орунда. Андыктан бул топтогу кафелдер киши үзүлбөгөн коомдук жайлардын полуна (кафе, ресторан, дүкөн) төшөлөт.
Сапаттуу жана көңүлүңүздөгүдөй кафелдерди Бишкектеги «Табылга» соода борборунан таба аласыздар.
КАФЕЛДИН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:
КУТУНУН СЫРТЫНДАГЫ БЕЛГИЛЕР
Кафель салынган кутунун сыртында тамандын белгиси болсо, ал полго ылайыкталган кафель. Колдун белгиси болсо, анда ал дубалга ылайыкталган.
Кардын белгиси көрсөтүлсө, ал суукка чыдамдуу жана коомдук жайларга төшөлүүчү кафель.
Оттун белгиси – кафель канча жолу бышырылгандыгын билдирет жана ал сандар менен (1 же 2 деп) жазылат. Эки ирет бышырылган кафель отко өтө туруктуу, аны менен меш, газ плитасынын тегерегин жасалгалоого болот. Жакшы бышырылган кафелди текшерүү үчүн чертсе тунук, ачык үн чыгат.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg