9-МАЙ. ЭСИМДЕ! СЫЙМЫКТАНАМ!

Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишин СССР эле эмес, бүтүндөй планета күткөн. Берлиндин Рейхстагына илинген кызыл туу жалпы адамзаттын чексиз кубанычын жараткан. Кубанычтан ыйлаган жүздөр, кызыл гүлгө толгон бекеттер, карасын чечкен кыз-келиндер, айтып отурса ал күндү эстеткен кадрлардын саны эсепсиз.
Быйыл Жеңиш майрамына 68 жыл толду. Ортодон оңой эмес мезгил өтүп, согушка катышкан ардагерлердин да катары суюлууда.

Асан Эркинбаев:«СИЛЕРГЕ КИНО, А БИЗГЕ ЧЫНДЫК...»
Ардагер Асан Эркинбаевдин жашы 92де. 3 уул, 3 кыздын атасы, көптөгөн небере-чөбөрөлөрдүн бактылуу чоң атасы. Каракол шаарында турат. Согуштан келгенден кийин партиялык иштер менен алек болгон. Фронт күндөрүн, балким, миңинчи ирет эскерип жатса да, көзүнө жаш ала айтып отурду.
– 1942-жылы чакыруу алып, Фрунзе шаарындагы Жөө аскерлер окуу жайына келдим. Үч айдан кийин фронтко жөнөп, Москва шаарындагы 9-дивизиянын катарына кошулдум. Ошол кезде Белокуриха шаарын немистер басып алганына бир жарым жыл болгон экен, биздин дивизияга фашисттерди сүрүп чыгаруу тапшырмасы берилген. Кычыраган кышта чабуул баштап, бири-бирибизди шаардан алмак-салмак кууп чыгып отуруп, соңунда шаарды бошотуп алдык. Жаңы барганда кандан да коркчу элек, бирок согуш талаасында сулап жаткан өлүктөрдү, ичеги-карды чубалган аскерлерди, буту-колунан ажырагандарды көрө берип, акыры ага да көндүк.

Ошондой күндөрдүн биринде Асан ата да «көйнөкчөн» туулган жан белем, согушта кантип аман калганын баяндап берди:
– Укканга калп, кинодой, көргөнгө чын. Жолдошторум коктуну көздөй бара жатышкан, а мен артта. Бир маалда немистер ок жаадырып киришти, мен карыш жылбай ордумда катып калдым. «Энемди көрбөй, ээн талаада ушинтип өлөт турбаймынбы» деп жаттым ичимден. Немистер мени өлдү дештиби, бир убакта атууну токтотушту. Айлана тынчып калгандан кийин коктуну көздөй жүгүрдүм. «Амансыңбы деги?» деп жолдошторум жабалактап калышты. Көрсө, мага бир эмес, бир канча ок тийиптир. Аман калгандыгым болсо, кийип жүргөн шинель суу болуп, кийин тоңуп, анан көөп калган экен. Ошол үчүн ок өтпөй, баштыкты кармап турган чыпалагыма ок тийип,
арзыбаган жаракат менен кутулуп кеткем.

Каарман согуштан кийин да бир тууганындай болуп калган жолдош жоокерлери менен байланышта болуп турган. Жеңишти Москва шаарында тосуп алган.
– Ошондогу эл эсимден кетпейт, бири-бирин тааныбаса да кучакташып жатышты. Иосиф Сталиндин колунан биздин ротанын командири согуштагы эрдиги үчүн медаль-ордендер менен сыйланды. Мага Георгий Жуковдун ордени жана башка медалдар менен Ардак грамоталар тапшырылды.
Согуштан кийин ротада чогуу болгон жоокерлердин үч-төртөөсү менен жолуктум. Кадимкидей көзүбүздөн жаш агып, көпкө кучакташып, кыйлага чейин кобурашып отурганбыз. Бирок убакыт учкан куш экен, күн өткөн сайын арабыз суюлуп, ротанын ичинде көзү тирүүлөрдөн мен эле
калдым.

Жоробай Ашуров:«НЕМИСТИ КӨРСӨМ, ЖЕП САЛАМ ДЕЧҮМҮН»
Согуштун ардагери Жоробай Ашуровдун эң жактырбаганы – ошол алаамат күндөрдү эскерүү... Өзү Жалал-Абад облусунун Сейдикум айылында турат, быйыл жашы бир кем жүзгө, тагыраагы, 99га карады. Аксакал кылымдык жашка келсе да, көз тийбесин, ден соолугу дурус, сөзү-кеби жайында.
– Согуш чыкканда менден башкасын, үйдөгү бардык эркек бир туугандарымды фронтко алып кетишти. Ошондогу апамдын буркурап ыйлаганын унута албайм. Алдын ала сезген белем, согуш отунан эки агам кайтпай калды. 1943-жылы жазында мен да жөнөдүм. Адегенде үч ай машыгуудан өттүк, андан кийин поезд менен Европага жакын Орусиянын Пенза облусуна келип түштүк. Анда катуу кыргын жүрүп жатыптыр. Ал бизди да аябады. Бүгүн таанышкан досубузду ошол күнү эле таппай калчубуз.
Күндөрдүн биринде пулемётчу Павлов деген достуу болуп калдым. Ал төөдөй куралын көтөрүп жүрсө, мен анын окторун ташычумун. Бир күнү дөңсөөгө чыгып баратсак немистер аткылап киришти. «Баң» эткен үн чыкты, карасам снаряд Павлов досумдун жанынан жарылыптыр. Атышуу түн бир оокумга чейин созулду, Павловду болсо издей да албадым, өлүгүн да көрө албадым. Ал күнү мен да жарадар болуп, бутума ок тийген.

Согушту эскергендер фронтто да, оорукта да ачарчылык каптаганын көп айтышат. Жоробай ата аны мындайча баяндады:
– Күн сайын 600 грамм кара нан берилчү. Чабуул башталып кетчү болсо, нанды чөнтөккө салсаң ушаланып отуруп жок болуп, андан да кур каласың. Бир маал ысык тамак таратылар эле, шырылдаган суу менен төрт кара нокот. Эптеп ашказанды алдайбыз. Немистерди улам артка кайтарган сайын биздин айрым жоокерлер алардан калган тамак-аштарды жешчү.

Жеңиш күнүнө жетпей каарманыбыз катуу жарадар болгонуна байланыштуу мекенине кайтууга уруксат алган. Жаңы жылдагы салюттардан катуу чочулап турат, андыктан бул үйдө пиротехника аттырылбайт.
– Жаштык курчтукка салып, «немисти көрсөм, жеп салам» дечүмүн. Кез-кезде түшүмө да кирип калат ошол күндөр. Түшүмдө «мен да согушка барып келгем, мени да алып кеткилечи...» деп суранып-кыйкырып жаткан болом. Ойгонгондо жүрөгүм ооруп чыгат.

Урматтуу согуштун катышуучулары, сиздердин эрдигиңиздер үчүн таазим кылабыз. Биз сиздер менен сыймыктанабыз.

Айзат Анарбекова,
Гүлжан Эшбаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Wave.
2013-05-13 11:51:20
Байкуштар, мына ушуларды чыныгы СУПЕРМЕНдер десе болот. Омурлорунун калганы дайым сый, урматтын устундо отсун !
0
Rostov-on-Don
2013-05-13 23:36:21
Спасибо деду за победу!Ардагерлердин пенсиясы канча болду экен?
0
kg_07
2013-05-14 06:22:11
rahmat silerge!
0
Aslana
2013-05-14 12:22:37
рахмат, сиздерге! Чынында силер коргон азапты биз корбодук, билбедик, сезбедик. Силерге туболук данк!
0
Kg.lady
2013-05-16 00:58:25
Ох,окуп отуруп журогум титиреп кетти.Кандай жаман ээ согуш деген!!!Туболук таазим аталарга
0
Kymyzkyz
2013-05-18 13:48:07
Мына чыныгы согушка катышкан баатырлар. Атамбаев ушуларга баатыр деген наам берсе жарашат
0
№ 549, 10-май-16-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан