ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (13-майдан 19-майга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада достор менен көбүрөөк болуу сүйүү жарасынын эртерээк бүтүшүнө жардам берет. Өзүңүзгө кайрадан ишеним артып, жаңы мамилеге даяр боло баштайсыз. Иште сиз буга чейин ишеним артпаган адамдар колдоо көрсөтүп таң калтырат. Мындан тышкары кызыктуу иш-чарага катышып, жаңы тааныштарды табасыз. Бирөөлөргө акча карыз берсеңиз, тил кат жаздырып алууну унутпаңыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада жумушта катачылыкка жол бербөө үчүн кылдат болуңуз. Сергек жана тың көрүнүү үчүн келбетиңиз менен бетиңизге кам көрүңүз. Сапарга чыгууда жаныңызга нак акча эмес, кредиттик картаны салсаңыз жаңылбайсыз. Сүйүү жаатында бойдокторду жагымдуу таанышуулар күтөт. Эски тааныштар жолугушууга чакырат, бирок анын пайдасы болбогондуктан баш тартуу оң.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Иште эгер өзүңүзгө ишенбесеңиз, бирөөлөргө кеңеш берүүдөн, жамаат алдында сөз сүйлөөдөн баш тартыңыз. Акча убагында колго тиет. Андыктан керектүүлөрдү сатып алып, түйшүгүңүз арыла түшөт. Жеке мамиледе жүрөгүңүздүн каалоосун уксаңыз, сизге ашык болгондордун кимиси татыктуу экенин биле аласыз. Бирөөлөрдүн суранычы боюнча кечеге барууңуз мүмкүн.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада ишиңиздин келечегин ойлоңуз, көп акчага ээ болуу үчүн жаңы ыкманы өздөштүрүп, мыкты идеяларды издөө кажет. Шаршембиде ойлонулбай сүйлөгөн сөз чырдын себепчиси болуп калышы мүмкүн. Жума күнү күтүүсүз жерден өзүңүз кыялданган буюмга ээ болосуз. Апта аягында дүкөн, базар кыдырууда жаныңызга бирөөнү кошуп алыңыз. Ал акчаны ашыкча коромжу кылуудан сактайт.

АРСТАН (23.07-23.08)
Иште керектүү маалыматка ээ болор замат аны колдонсоңуз мактоого да, сыйлыкка да татыйсыз. Каржы жаатына келсек, тапканыңыздын канча бир бөлүгүн оңдоп-түзөөгө жумшайсыз. Жеке мамиледе сүйүктүүңүздөн эч нерсени жашырбаңыз, болбосо жашыруун сырыңыз бат эле билинип, жаман абалда каласыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптанын башталышында иште активдүүлүк төмөндөйт, чогуу иштегендерден көмөк суроодон тартынбаңыз. Апта ортосунда достордун бирине акча жаатында жардам берүүгө мажбур болосуз. Мындан тышкары туугандардын талашы да ойлонууга түртөт. Апта аягында үй жумуштары көп убактыңызды албасы үчүн
ишти башкаларга да бөлүштүрүңүз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Апта ичинде иште эски долбоорлорду аяктап, жаңыга киришүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле акчалуу жана белектүү болуп көңүлүңүз көтөрүлөт. Сүйүктүүңүз менен кылдат, сылык болуп, көңүлгө тийчү сөздөрдү айтуудан качыңыз. Болбосо таарынтып аласыз. Дем алыш күндөрү ден соолукка кам көрүп, массаж алуу кажет.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Иште керектүү учурларды колдон чыгарып жиберүү коркунучу бар. Андыктан сак жана дилгир болуңуз. Бирге иштешүү сунушу түшөт, бирок баш тартуудан мурун пайдасы бар же жогун ойлонуп көрүү зарыл. Жеке мамиледе демилгени колго алып, жолугушууга убакытты белгилеңиз. Иммунитетти көтөрүү үчүн витаминдерди кабыл алуу кажет.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада сүйүү жаатында фантазия жана куру кыялдарга берилбеңиз. Учурдагы жашоо менен жашап, баарын эстүүлүк менен талдоо зарыл. Жумушта ишенимдүү булактан алынган гана маалыматтарга таяныңыз, болбосо жаңылыштык кетиресиз. Карыздарды бейшембиге чейин берүү керек, антпесе маселе жаралат. Апта аягында туугандардан тойго чакырык келиши мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Апта ичинде иште эң керектүүлөрүн бөлүп алып, убагында жакшылап бүтүрсөңүз, акчалай сыйлык күтөт. Үй-бүлөлүк бюджетти туура бөлүштүрбөсө, анын ордун толтуруу кыйын болорун эске алуу керек. Жеке мамилелер бир калыпта өнүгүп, өзгөчө окуя деле күтүлбөйт. Апта акырында жамаат менен чогуу эс алууга чыгууңуз ыктымал.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптанын башталышында ушакчылардан алыс болуп, аларга аралашпоо кажет. Бөөдө жерден жаманатты болуу коркунучу бар. Шаршемби менен бейшемби отчёт түзүүгө, чечилбеген маселени чечүүгө ыңгайлуу. Жума күнү күтүлбөгөн жерден киреше кириши күтүлүүдө. Жума ичиндеги стресстен досторуңуздун апта аягында уюштурган кечеси арылтат.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Сүйүүдөгү мамилени уратып салууга шашылбаңыз. Анткени кызуу кандуулук менен абалды туура талдай албайсыз. Ал эми мамилени калыпка келтирүү өтө кыйын. Иште өз пикириңизди жактап, өжөрлүктү көрсөтүүгө жетишиңиз. Өнөкөт оорулар козголбошу үчүн майлуу тамактардан качыңыз. Бирөөнүн аманат акчасын коротуп жибербей, ишеничти актоо кажет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 549, 10-май-16-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан