Жакында Баткен шаарында балдардын дене тарбиялык жана интеллектуалдык активдүүлүгүн өрчүтүү жана сергек жашоого үндөө максатында балдар үчүн оюн аянтчасы ачылат. Шаардын чок ортосундагы эс алуу багына балдар үчүн керектүү бардык оюндар: селкинчек, батут, айлантма, стол тенниси коюлат. Мындан сырткары аянтчада куурчак театрын өткөрүү идеясы да каралууда. Эс алуу аянтчасын куруу үчүн мэрия тарабынан 7 сотых жер бөлүнүп берилген. Учурда Баткен шаарында жаш балдар үчүн бир гана эс алуучу аянтча бар. Ал да өтө чоң эмес, майрам күндөрү кезек күткөн адамдар көп. Эгерде аталган сейил бак курулса, ата-энелерге жана балдарга кубаныч тартуулаарына шек жок.
Бегайым Тажибай кызы,
Элира Чынтемир кызы
batken@super.kg