2013-жылдын 6-май күнү саат 18:30дар чамасында Баткен районунун Самаркандек айылындагы базарда Баткен ОИИБинин баңгизатка каршы күрөшүү бөлүмүнүн оперкызматкерлери тарабынан 30 жаштагы А.З. аттуу жаран кармалган. Анын колундагы көк полиэтилен баштыкчанын ичинен 5 килограммга жакын баңгизат табылган.
Мындан сырткары кошумча ыкчам иликтөө иштердин натыйжасында Баткен ОИИБинин кинология кызматынын Бим аттуу кызматтык итинин жардамы менен Самаркандек–Шураб автожолун кесип өткөн Жайылма участкасында автожолдун четине бекитилип, атайын даярдалып оролуп коюлган 19 килограмм маңзаты табылган.
Жогорудагы фактылар боюнча бүгүнкү күндө соттук-химиялык экспертизалар дайындалып, териштирүү иш-чаралары улантылып жатат.