Баткен облустук драма театрынын артисти Айгүл Исаева «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин алды. Бул сыйлыкты Маалымат, маданият жана туризм министринин орун басары Кожогелди Кулуев «Өксүгү күчтүү өмүр» аттуу драмасынын бет ачарында тапшырды. Аталган драмада Айгүл Исаева да роль жараткан. Спектаклдин ачылыш аземине вице-премьер Тайырбек Сарпашов, өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлү Жеңиш Разаков жана башка бир катар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү күбө болушту.
Бегайым Тажибай кызы,
batken@super.kg