Баткен шаарындагы жергиликтүү кеңештин депутаттары шаардык мэрия менен биргеликте тылда болгон ардагерлерге жардам көрсөтүштү. Ушундай эле жардам ОИИБи тарабынан согуш жылдарында милиция кызматында иштеген ардагерлерге да берилди. Алардын ар бирине 2000 сом өлчөмүндө акчалай жардам көрсөтүлдү. Шаардык кеңештин депутаты Рахат Масеитова өз демилгеси менен бир гана ардагерлерге эмес, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана жакыр жашаган үй-бүлөлөргө өз ашканасында ысык тамак-аш уюштуруп берди.